Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 29.09.2022

Кемпир-Абад: Өзгөндө чогулгандар бийликке талап койду

Azattyk.org 

Бүгүн 29-сентябрда Өзгөндө Кемпир-Абадга байланыштуу 100дөй адам чогулду. Орусиянын бийлиги Казакстан, Грузия, Финляндиянын чек араларына мобилдик аскердик комиссариаттарды коюп, аскердик каттоодо тургандарга ошол жерден чакыруу кагазын таратууда. Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды.

Токаев “Елбасы” күнүн майрамдардын катарынан чыгарган мыйзамга кол койду

Azattyk.org 

Казакстанда Тунгуч президент Нурсултан Назарбаевдин күнүн мамлекеттик майрамдардын катарынан чыгарылып, Республиканын күнү расмий киргизилди. Тиешелүү мыйзам долбооруна 29-сентябрда президент Касым-Жомарт Токаев кол койду. 1990-жылдын 25-декабрында Казакстандын суверенитети жөнүндө декларация кабыл алынган. Анын текстин өлкөнүн Жогорку Совети жактырган жана бул күндү Республика күнү катары майрам катары бекиткен. Ал 2009-жылга чейин белгиленген жана ошол учурдагы президент Нурсултан Назарбаев кол койгон жарлыкка ылайык жоюлган эле. Читать дальше...

Көчмөндөр оюну: Кыргызстан көкпардан Түркияны утту

Azattyk.org 

29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Ага 102 өлкөдөн барган үч миңдей спортчу катышууда. Кыргызстандан барган 148 атлет спорттун 11 түрү боюнча ат салышат. Кыргызстанда башат алган Көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына президент Садыр Жапаров катышат.



Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери Бейшеналиевди колдоп чыгышты

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылып, министр Алмазбек Бейшеналиевдин ишин калыс иликтенишин камсыздап берүүнү суранышты. Текст түрүндөгү кайрылуу жана аны коштогон видео мекеменин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Кайрылуу президент Садыр Жапаровдун, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовдун атына жолдонду. Министрликтин кызматкерлери Бейшеналиевди реформачыл жетекчи катары мүнөздөп, билим берүү... Читать дальше...

Орусиядагы мобилизация: жаныңды куткар, мигрант

Azattyk.org 

Президент Путин мобилизация жарыялаган соң Орусиянын көп шаарында нааразылык акциялары болуп, үч миңдей киши кармалды. Кремль фронтко 300 миң кишини тартууну көздөрүн билдирди. Армияга Орусиянын жарандыгын алган мигранттар да тартылууда. Согушка баргысы келбеген мигранттар эмне кылышы керек?

ДКО: Кыргызстан көкпардан Түркияны утту

Azattyk.org 

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча таймаштарда Кыргызстандын командасы түркиялык атаандаштарын 9:3 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда спорттун бул түрүнөн алты команда ат салышууда. Кыргызстан менен Түркиянын оюнчуларынан сырткары Казакстан, Өзбекстан, Монголия жана Венгриянын улакчылары катышат. Кыргызстан ойногон А тобуна Түркия менен Монголия курамалары бөлүнгөн. Читать дальше...

Ирандагы нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны 80ге чукулдады

Azattyk.org 

Ирандагы адам укуктарын коргоо борбору (ICHRI – Iran Center Human Rights) машстабдуу нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны кеминде 76га жеткенин маалымдады. Расмий Тегеран каршылыктарда 60тай адам мерт болгонун, алардын бир тобу коопсуздук кызматкерлери экенин кабарлоодо. Жүздөгөн адамдар жабыркады. Социалдык тармактарда тараган видеолордон көрүнүп тургандай, соңку суткада демонстрациялар кеминде алты шаарда – Тебриз, Нажафабад, Исфахан, Тегеран, Мешхед, Санандаж жана Урмия шаарларында уланды. Читать дальше...

Дагестандын Дербент шаарында комиссариат бардык эркектердин келүүсүн талап кылды

Azattyk.org 

Орусия Федерациясынын субъектиси – Дагестан Республикасынын Дербент шаарынын аскердик комиссариаты калаада жашаган эркек тургундарынын бардыгын аларга келип кетүүсүн талап кылды. Комиссарлар шаардын көчөлөрүн аскердик автоунаа менен кыдырып, үн күчөткүч менен ушундай кайрылуу жасады. Мындай формадагы чакырууну “Осторожно, новости” Телеграм-каналы жарыялады. “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” “Кавказ.Реалии” долбоорунун журналисттери комиссариатка катардагы жаран катары чалып байланышкан учурда муну ырасташкан. Читать дальше...



Депутаттын үйүнүн дубалы сүрдүрүлдү

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Шүкүров көчөсүндө "кызыл тилкеден" чыгып кеткен имараттардын, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге таандык үйдүн короосунун дубалы сүрдүрүлдү. Парламенттин тармактык комитетинде депутат менен шаардын вице-мэри Нурдан Орунтаев ушул көчө боюнча кайым айтышкан видеосу социалдык тармактарда кызуу талкууланган.

Алмазбек Бейшеналиев 48 саатка камакка алынды

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 48 саатка Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Маалыматты Ички иштер министрлиги "Азаттыкка" тастыктады. Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда түнү кабарлаган. Бейшеналиевдин тарапкерлери муну чагым деп аташууда. Өзүнөн же адвокатынан комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок. ... Читать дальше...

Бишкектин вице-мэри коррупцияга шек саналууда

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын вице-мэри Бактыбек Абдиев коррупцияга шек саналууда. "Азаттыктын" атайын кызматтагы ишенимдүү булактары ал Мамлекеттик курулуш комитетин жетектеп турганда жемкорлукка барганы үчүн кармалганын кабарлашты.  Азырынча маалыматты Абдиевдин өзүнөн,  жакындарынан же мэриядан тастыктаганга мүмкүн болгон жок.  Мурдараак Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Улуттук онкология жана гематология борборун курууда коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлганын кабарлаган. Буга байланыштуу... Читать дальше...

Улуттук онкология борборун курууда коррупциялык схема аныкталганы кабарланды

Azattyk.org 

Улуттук онкология жана гематология борборун курууда коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлганы тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады. 29-сентябрда таратылган расмий маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен иликтенип жаткан иштин алкагында аталган борбордун имараттарын курууда жана капиталдык оңдоодо Мамлекеттик курулуш комитетинин жооптуу адамдарынын жемкорлугу аныкталган. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн подрядчыны тандоодо сынак өткөрүлбөй... Читать дальше...

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга барды

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 29-сентябрда иш сапары менен Түркияга барды. Мамлекет башчысынын учагы Бурса шаарына конду. Андан ары Изник шаарында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышары расмий кабарланды. Президентти биринчи айым Айгүл Жапарова коштоп барды. 29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Ага 102 өлкөдөн барган үч миңдей спортчу катышууда. Изникке Кыргызстандан 148 спортчу барды. Алар спорттун 11 түрүнөн ат салышат. Читать дальше...

"Ворухка оор техника киргенин айтканбыз, бирок...". Ак-Сайдагы абал

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы жаңжалда Баткен районунун Ак-Сай айылындагы талкаланган турак жайлардын короосу тазаланып жатат. Бийлик жаңы үйлөрдү кышка чейин куруп бүтүрүүгө убада берген. "Жаңы курган үйүм өрттөлдү" Ак-Сай айылынын тургуну Абдалим Акматов жаңы курган үйүнө көчүп киргенге жетишпей, чек арада кандуу кармаш башталганда өзүнүн жанын араң алып качкан. Ошондон бери үй-бүлөсү менен Баткен шаарында убактылуу жашап жатат. Жаңы бүтүп эми кирем деп турган үйүнүн аркайып төрт дубалы эле калган. Читать дальше...

Акылбек Жапаров чек арачылардын айлыгы эки эсе көтөрүлгөнүн билдирди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-октябрдан тарта чек арада иштеген аскерлердин айлыгы эки эсе көтөрүлөрүн айтты. Ал Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылында болду. Жапаров менен жолуккан жергиликтүү тургундар чек арачылардын айлыгын көбөйтүү маселесин көтөрүштү. "16 миң сом айлык алып жаткандар эми 38 миң сом алат. Лейлек менен Баткенге эки коэффициент кошулат, ошондо алар 76 миң сом алышат, - деди Жапаров. Акылбек Жапаров 29-сентябрда Лейлек районуна барды. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш чек арадагы жаңжал боюнча эл аралык уюмдарга кайрылат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине жана башка эл аралык уюмдарга кайрылуу жөнөтүү чечимин кабыл алды. Депутаттар тийиштүү чечимге парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында добуш беришти. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кайрылуунун текстин аталган комитет даярдаганын билдирди. "Бул Жогорку Кеңештин БУУнун Коопсуздук Кеңешине жана башка уюмдарга Тажикстандын... Читать дальше...

Кыргызстан азырынча электрди импорттоодон баш тарта албай турганы айтылды

Azattyk.org 

Кыргызстан быйыл кышында да сырттан электр энергиясын сатып аларын бүгүн 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ал Токтогул суу сактагычында азыркы кезде 13,6 миллиард куб метр суу бар экенин, былтыр 1-октябрда бул көрсөкүч 12,3 миллиард болгонун айтты: “Электр энергиясына болгон суроо-талапты эске алып импортту токтоткон жокпуз. Анткени кышында суроо-талап эселеп өсөт. Андан тышкары экологиялык категориялар да бар ... Читать дальше...

30-сентябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет кызматы 30-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт деп кабарлады. Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 17…22; Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 15…20; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22; Нарын облусунда түнкүсүн 0…5... Читать дальше...

Баткенден Ысык-Көлгө эвакуация болгондордун биринчи этабы үйүнө кайтты

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы каргашанын айынан үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болуп, Ысык-Көл облусуна эвакуация болгондордун биринчи этабы кайрадан Баткенге кайтты. Бул тууралуу 29-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Чолпон-Ата шаарынан 52 адам эки автобус менен жолго чыкты. Ысык-Көл облусуна Баткенден жалпысынан 169 адам барган. Жалпы Баткен облусу боюнча 136 770 адам эвакуация болгон. Алардын көбү облустун башка аймактарына, калгандары Ош, Жалал-Абад... Читать дальше...


Музыкальные новости
Тимати

Маркетолог Родочинская: новая девушка Тимати копирует Решетову ради бизнеса





Rss.plus
Владимир Путин

Путин поручил рассмотреть вопрос о создании профильных агроклассов




Как по списанному: на отправленных в утиль машинах Минздрава делали миллионы

Россию превращают в пародию… Не прекращаются диверсии по негрификации страны

Нижегородка скончалась на платформе Московского вокзала

Шестой ежегодный «Диктант Победы» прошел в чеховской гимназии № 2




Улуу Британиянын элчилиги Темировго байланыштуу билдирүү таратты

Azattyk.org 

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги иликтөөчү Болот Темировдун соттон акталышына байланыштуу билдирүү таратты. Элчилик Темировго козголгон ишке кылдаттык менен байкоо салганын маалымдады. 29-сентябрда таратылган билдирүүдө көз карандысыз журналистика Кыргызстан дайыма бекемдөөгө умтулуп келген демократиянын негизги бөлүгү экени айтылып, журналисттерге коюлган айыптар конкреттүү далилдерге негизделиши керектиги кошумчаланган.   Мунун алдында Европа Биримдиги жана АКШнын Кыргызстандагы... Читать дальше...

Ирактын Күрдистан аймагында Ирандын бомбалоосунан 13 адам өлдү

Azattyk.org 

Ирактын Күрдистан аймагында Ирандын өкмөттүк күчтөрүнүн 28-сентябрдагы бомбалоосунан улам кеминде 13 адам өлүп, 58 адам жараат алды. Бул тууралуу Ирандын IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады. Анда айтылгандай, бул жолку соккулар Ирактагы күрддөрдүн аймактык борбору Эрбиль шаарында жана Сулеймания шаарына жасалды. Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу 24-сентябрда да коңшу Ирактын түндүгүндө жайгашкан согушкерлердин базасына сокку урган. 28-сентябрдагы чабуулдар күрддөргө жасалган андан кийинки чабуул болуп калды. Читать дальше...

Евробиримдик Болот Темировду актаган сот чечимин кубаттады

Azattyk.org 

Европа Биримдиги кыргызстандык иликтөөчү журналист Болот Темировго коюлган айыптоолордон актаган соттун чечимин кубаттады. "Биз Кыргызстандын өкмөтүн адам укуктары жаатындагы улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык, тиешелүү даттануу процессинде акыйкат соттук териштирүүнү камсыз кылууга чакырабыз", - деп айтылат Евробиримдиктин 29-сентябрда тараткан билдирүүсүндө. Евробиримдик журналисттердин сөз эркиндигин жана жеке коопсуздук кепилдиктерин камсыз кылуу маанилүү экенин белгиледи. Читать дальше...

УКМК Алтынбек Сулаймановдун кармалганын четке какты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов президенттин Ысык-Көлдөгү мурдагы өкүлү Алтынбек Сулаймановдун кармалганы тууралуу маалыматты четке какты. Мунун алдында социалдык тармактарда анын камалганы тууралуу маалыматтар чыккан. Айрым басма сөз каражаттары Сулайманов бир суткадан бери УКМКда сурак берип жатканын жазышкан. Сулаймановдун айрым партиялаштары, санаалаштары аны менен байланыша албай жатканын билдиришүүдө. Алтынбек Сулайманов 27-сентябрда кызматтан кеткенин жарыялап... Читать дальше...

Мобилизациянын орус жарандыгын алгандарга таасири

Azattyk.org 

Орусияда жарыяланган жарым-жартылай мобилизация Кыргызстанда да талкуунун чордонунда турат. Себеби бул өлкөдө бейрасмий маалыматтар боюнча 1 миллиондон ашык кыргызстандык мигрант, анын ичинде Орусиянын жарандыгын алган мекендештер бар.

Түркияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды

Azattyk.org 

29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Ага 102 өлкөдөн барган үч миңдей спортчу катышууда. Изникке Кыргызстандан 148 спортчу барды. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат. Спортчулар ат оюндарында көкбөрү жана көкпар, күрөш боюнча- ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана жаа атуу боюнча мелдештерде күч сынашат. Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшүнөн таймаштар көрсөтмө оюндары катары өтөт. Читать дальше...



Москва

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Желдорреммаш

Улан-Удэнский ЛВРЗ подвел производственные итоги первого квартала 2024 года




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


WTA

Мирра Андреева замыкает год // 16-летняя российская теннисистка успешно стартовала на крупном турнире WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Автомобильный музей ЗИЛ закрывается



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России