Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 18.09.2022

Мекен чегинде курман болгон аскерлер

Azattyk.org 

Кыргыз бийлиги 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 59га жеткенин билдирди. Алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. Чек аралаш аймакта 144 киши жараат алганы маалым болду.

Чоң-Алайдагы жана Баткендеги чек ара тилкесинде абалды турукташтыруу уланууда

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, 18-сентябрь саат 22:30гө карай кыргыз-тажик чек арасынын Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде абалды турукташтыруу уланганы менен кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Маалыматка ылайык, жетишилген макулдашуулардын алкагында мамлекеттик чек ара сызыгындагы кошумча күч туруктуу жайгашкан пункттарына чыгарылып жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын... Читать дальше...

Баткенге 200 тонна жардам жеткирилди

Azattyk.org 

Чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркагандар үчүн 17,4 миллион сом чогулду. Баткен облусуна жана тынч аймакка чыгарылган тургундарга гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү уланууда. Бишкекке келген жабырлануучуларга жана Баткенге жардам чогултуу ишин жүздөгөн ыктыярчылар өз мойнуна алган.



"Үйлөнөм деп бизди кубантып кетти эле". Бир үйдүн тун уулу чек арада окко учту

Azattyk.org 

18-сентябрда мекенин коргоп, курман болгон дагы бир жоокерди Нарын районунун Оттук айылында акыркы сапарга узатышты. Куралдуу кагылышууда мерт болгон Нурсултан Жаныбеков Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын улук чалгынчысы жана көзгө атаары эле.

Арменияда ЖККУдан чыгууну талап кылган митинг өттү

Azattyk.org 

Жекшемби күнү Армениянын борбору Ереванда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгууну талап кылган митинг өттү. Ага жүздөгөн адамдар катышты. Бул акциялар АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Ереванга иш сапар менен барган учурда уюштурулду. Пелоси сөз сүйлөгөн “Гафесчян” арт-борборуна чыккандар АКШны Азербайжандын агрессиясына каршы чара көрүүнү өтүнүшсө, Эркиндик аянтына чогулгандар Арменияны ЖККУдан чыгуусун талап кылган чакырыктарды жасап турушту. Азербайжан менен... Читать дальше...

Чек арада курман болгондордун саны 59га жетти

Azattyk.org 

Кыргыз бийлиги 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 59 адамга жеткенин билдирди. Алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрда саат 22:30га карай берген маалыматына ылайык, чек арадагы кагылышта 144 адам түрдүү жаракат алды. Алардын арасында жаш балдар бар. Абалы оор бир нече кишиге Бишкекте операция жасалууда. Жаракат алгандардын 102си Бишкек менен Ош шаарындагы ооруканаларда жатат. Жети адам амбулатордук дарыланууда. Читать дальше...

"41 жыл иштеп көчөдө каламбы?"

Azattyk.org 

Ленин айылынын тургуну Аксамай Борбуков 20 жылдан бери жашап келаткан батиринен күчкө салып чыгаруу аракети болуп жатканын айтат.

Кыргызстан чек арадагы окуяны Тажикстандын "куралдуу агрессиясы" деп баалады

Azattyk.org 

Жекшембинин кечинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. "Тажик тараптын адамгерчиликсиз аракеттеринен улам 18-сентябрга карата Кыргызстандын 46 жараны курман болуп, 140 киши жараланды. 140 миңден ашуун адам аргасыз эвакуацияланды. Эбегейсиз материалдык чыгым келтирилди. Душанбенин "Тажикстан республикасына карата куралдуу агрессия жасалды" деген негизсиз... Читать дальше...



Чек арада ноокендик эки жоокер курман болду

Azattyk.org 

Баткендеги чек ара жаңжалында ноокендик эки жоокер курман болду. 26 жаштагы Бекмырза Шарабидин уулунун бир айдан кийин сүйлөшкөн кызына сөйкө салып, үйлөнөм деген аруу тилеги бар эле. Ал эми Гүлжигит Бектанов бир ай мурда кыздуу болуп, бакытка балкып турган. Жалал-Абад облусунан беш жоокер мекен чегинде туруп, мерт болду.

Улуттук госпиталь: Уулун күткөн энелер, мээрим төккөн ыктыярчылар

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандар 140ка жетти. 84 бейтап Бишкекке жеткирилип, алардын басымдуу бөлүгү Улуттук госпиталга жаткырылган. Бишкектен 89 дарыгер жана медициналык кызматкер Баткенге жиберилген.

18.09.2022. "Азаттыктын" кабарчысы Лейлекке барды

Azattyk.org 

Расмий Бишкек кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 46 адам мерт болгонун, 140 киши жараат алганын билдирди. Жекшембиде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин маалымдады.

Чек арада курман болгон аскерлер акыркы сапарга узатылды

Azattyk.org 

Чек арадагы куралдуу кагылышта курман болгон аскерлердин сөөгү жерге берилүүдө. АКШда кыргызстандыктар митингге чыгышты. Орусиянын президенти Путин Кыргызстандын жана Тажикстандын лидерлери менен телефондон сүйлөшүп, чек арадагы кырдаалды талкуулады.

АКШ: Кыргызстандыктар мекендештерине кол сунат

Azattyk.org 

АКШдагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы баш кеңсесинин алдына чогулуп, Тажикстандын бийлигинен чек арадагы куралдуу жаңжалды токтотууну талап кылышты. Ушундай эле талап менен митинг Чикаго шаарында да өттү.

Мекен чегинде эрдик көрсөткөн Эламан Ураимов

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон Эламан Ураимовдун сөөгү 18-сентябрда Кара-Суу районундагы өзү туулган Савай айылында жерге берилди. Жакындары 28 жаштагы офицер мекен чегинде эрдик көрсөтүп, мерт болгонун айтып беришти.

ӨКМ: Баткенде дайынсыз болуп жаткандарды издөө уланууда

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам дайынсыз кеткендерди күч түзүмдөрүнөн турган атайын топ издеп жатканын маалымдады. Министр канча адам дайынсыз экенин тактаган жок. “Жоголуп кеткен адамдар болуп жатат. Издөө топтору түзүлүп, иштеп жатат”, - деди министр. Кыргыз бийлиги 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 46 адамга жеткенин билдирди. Алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. Читать дальше...

Баткенге жардам катары 18 млн. сомдон ашык каражат чогулду

Azattyk.org 

Каржы министрлигинин 18-сентябрдагы кечки саат 18:00гө карата маалыматына ылайык, Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчылар ачкан атайын эсепке 18 миллион 175 миң 38 сом түштү. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу уланууда. Жер-жерлерде жардамдарды кабыл алган бир нече атайын жайлар уюштурулуп, анда чек арадагы жаңжалда жабыркап, коопсуз жайга эвакуацияланган тургундарга азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык каражаттар, балдарга зарыл болгон буюм-тайымдарды чогултуп... Читать дальше...

Түркиядагы кыргызстандыктар Баткенге жардам чогулта баштады

Azattyk.org 

Түркияда эмгектенген кыргызстандыктар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан жабыркагандар үчүн акчалай жардам чогулта баштады. Бул тууралуу Түркиянын Анталия шаарындагы "Кыргыз айымдар" коомунун жетекчиси Периза Асаналиева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, коомдун мүчөлөрү 17-сентябрдан тарта материалдык жардам чогултулуп жатат. Ушул эле Анталия шаарындагы Кыргыз диаспорасынын төрагасы Шерикбек Акимов жергиликтүү бийлик менен биргеликте чек арада кызмат өтөп жаткан аскерлерге медициналык... Читать дальше...

Чек арада окко учкан Чыңгыз Акчалов жерге берилди

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон чек арачы Чыңгыз Акчалов бүгүн, 18-сентябрда кичи мекени Талас облусунун Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында жерге берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын бир тууган эжеси Айжамал Акчалова билдирди. "Чыңгыз танкалык бөлүктүн командири эле. Бужум айылындагы атышуу учурунда танк түтөп, сыртка чыкканда жүрөгүнө ок тийип каза болуптур. Көптөн бери Таласка келем деп, бөлүктүн командири болгондуктан улам жумушу чыгып келе албай жүргөн. Читать дальше...

Баткен, Ош облустарын калыбына келтирүү боюнча комиссия түзүлөт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык, эки облуста болгон куралдуу кагылыштан жабыр тарткандардын, курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун, жарадарлардын, турак жай жана кыймылсыз мүлкүнөн айрылгандардын укугун коргоо, жоголгон документтерди, талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү иштери Министрлер... Читать дальше...


Музыкальные новости
Джиган

Блогерша Алена Водонаева заявила, что ей нравится сын рэпера Джигана





Rss.plus
Анфиса Чехова

Отец из Панамы, школьная любовь и любимая еда: Елена Борщёва раскрыла все тайны на шоу ТВ-3 «Вкусно с Анфисой Чеховой»




Певец Михайлов заявил, что родители предлагали продать свою квартиру ради его клипа

Латвия: подорвёт ли Байба Браже заложенную Кришьянисом Кариньшем мину?

День открытых дверей провели в МОНИКИ

FT: КНДР испытывает подъем национальной экономики за счет сотрудничества с Россией




Чек ара: Кыргызстан 46, Тажикстан 32 жараны мерт болгонун билдирди

Azattyk.org 

Кыргыз бийлиги 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан мерт болгондордун саны 46 адамга жеткенин билдирди. Алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрь, саат 17:00гө карай берген маалыматына ылайык, чек арадагы кагылышта 140 адам түрдүү жаракат алды. Алардын арасында жаш балдар бар. Абалы оор бир нече кишиге Бишкекте операция жасалууда. Жаракат алгандардын 102си Бишкек менен Ош шаарындагы ооруканаларда. Алардын 10у жаш балдар. Баш-аягы... Читать дальше...

Казакстандын борбору кайрадан Астана деп аталат

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев борбор шаарды кайрадан Астана деп өзгөртүү жөнүндө Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Иш жүзүндө бул шаардын атын өзгөрткөн алтынчы чечим болуп калды. Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Токаев кол койгон өзгөртүүлөр мындан сырткары президенттик мөнөттү беш жылдан жети жылга чейин узартып, бир мөөнөткө гана шайлоону да камтыйт. Нур-Султан шаардык кеңешинин депутаттары 15-сентябрдагы жыйынында борбор калаанын аталышын кайрадан Астана деп өзгөртүү демилгесин бир добуштан колдогон. Читать дальше...

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Арменияга барды

Azattyk.org 

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы куралдуу жаңжалдын фонунда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Ереванга иш сапар менен барды. Бул тууралуу эл аралык жана жергиликтүү басылмалар кабарлады. Визит 19-сентябрга чейин созулат. Бул аралыкта Пелоси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, бул өлкөнүн Улуттук жыйынынын спикери Ален Симонян жана башка жогорку аткаминерлери менен жолугат. Нэнси Пелоси Армения эгемендик алгандан кийин келген АКШнын эң жогорку аткаминери болуп калды. Читать дальше...

Путин Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери менен чек арадагы кырдаалды талкуулады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин телефондон сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди. “Садыр Жапаров Владимир Путинге учурдагы абал, кыргыз тараптан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны, кагылышуулардын натыйжасында Баткен облусунун чек аралаш айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилер талкаланганын маалымдады”, - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта. Читать дальше...

Кыргызстанда 19-сентябрь - Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Azattyk.org 

Президент Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 19-сентябрь өлкөдө Улуттук аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу президенттин расмий сайты жазды. Улуттук аза күтүү күнүндө өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу түшүрүлөт. Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталат. Кыргызстандын расмий билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы... Читать дальше...

Алимбаев: Баткендеги Төрт-Көчө ачык, жарандар кооптонбой өтө берсе болот

Azattyk.org 

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Төрт-Көчө аймагы толук ачык экенин "Азаттыктын" кабарчысына жеринен ырастады. Кыргызстандын ИИМи Лейлек менен Баткендин ортосунда жарандар кооптонбой каттай берсе болорун билдирди.



Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил работников скорой помощи с профессиональным праздником



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Александр Пушной

Кировчанин обыграл телеведущего Александра Пушного и получил деньги




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Результаты забега на 5 км на Московском полумарафоне. Аплачкина и Голоктионов установили рекорды соревнований

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

"Спартак" обыграл "Локомотив" в 26-м туре чемпионата России


Карен Хачанов

Хачанов обыграл Баутиста-Агуту в третьем круге «Мастерса» в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В Москве появились новые электровелосипеды улучшенной модели 2.0



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России