Ошто Гапар Айтиевдин 110 жылдыгы белгиленди
Сүрөтчүнүн кичи мекени Төлөйкөн айылында өткөрүлгөн иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана Гапар Айтиевдин туугандары катышты. Алгач анын эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Ошондой эле коноктор Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи менен таанышышты. Мындан сырткары, Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчүлөр арасында Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына арналган сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Гапар Айтиевдин жана сүрөтчүлөрдүн тарткан сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду. Читать дальше...