Ооганстанда мечиттин жанындагы жарылуудан жети адам өлдү
Кабулда мечиттин жанындагы жарылуудан 7 адам өлүп, 41 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү кабарлады. 23-сентябрдагы жарылуу Вазир Акбар-Хан районунда катталды. Бул кварталда мурда бир катар чет элдик элчиликтер, НАТОнун өкүлчүлүгү жайгашкан, учурда аны талибдер көзөмөлдөйт. Талибдердин өкмөтүнүн маалыматына караганда, жарылуу жума күнкү намаздан чыгып бараткан учурда катталган. Жардырууга азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Коопсуздук күчтөрү окуя болгон жерди курчоого алып... Читать дальше...