Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 11.09.2022

Балбан Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду

Azattyk.org 

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында балбан Акжол Махмудов алтын медал тагынды. 11-сентябда финалдык таймашта ал грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта венгриялык Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, дүйнө чемпиондугун жеңди. Мажар балбаны менен Акжол Махмудов буга чейин эки жолу беттешип, бир жолу жеңип, бир ирет утулган. Бул салмакта таймаштар 10-сентябрда башталган. Ал күнү Акжол Махмудов төрт атаандашын утуп, финалга чыккан. Алгач бразилиялык Жоилсон Де Брито Рамос Жуниорду 11:1... Читать дальше...

Москвада жоголгон тажик блогери Дүйшөмбүдө камакта экени аныкталды

Azattyk.org 

Москвада дайынсыз болуп жаткан тажикстандык блогер Комёр Мирзоев Дүйшөмбүнүн убактылуу кармоочу жайында экени аныкталды. Ал кантип, качан Тажикстанга жеткирилгени белгисиз. Туугандарынын айтымында, блогерди тажик атайын кызматтары уурдап кеткен болушу мүмкүн. Мирзоев 5-сентбярда Москвада кармалган. Лефортово райондор аралык прокуратурасынын өкүмүнө ылайык, ал Хорогдун Ички иштер башкармалыгында «кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан» деген айып менен издөөдө турган. Бирок Тажикстан эч кандай далилдерди келтирбегендиктен... Читать дальше...

Елизавета II: тактыдагы бир доор

Azattyk.org 

Карл III (Чарльз) Британия жана шериктештикке кирген мамлекеттердин падышасы болуп расмий жарыяланды. Тактыда 70 жыл отурган Елизавета II 96 жашында көз жумду. Ал эмнеси менен элдин эсинде калды?



Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылгандар басым күчөгөнүн айтууда

Azattyk.org 

Кытайдын Казакстандын Алматы шаарындагы консулдугунун алдына Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып чыккандар  аларга басым күчөгөнүн билдиришүүдө. Активисттердин сөзүнө караганда, аларды 9-сентябрда калаа акимчилигине чакырышып, Нур-Cултанга барбай турууну, болбосо 15 суткага камаларын эскертишкен. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Кытайдын лидери Си Цзинпин Нур-Султанга 14-сентябрда барары күтүлүүдө. Анын мамлекеттик сапарын утурлай Шинжаңдагы казактардын... Читать дальше...

Суу ташкындан катуу жабыркаган Пакистанга жардам көрсөтүү уланууда

Azattyk.org 

11-сентябрда Пакистандын суу ташкындан катуу жабыркаган Синд провинциясына эки америкалык учак 35 тоннадан жүк жеткирди. Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш 10-сентябрда өлкөнүн бир нече аймагын кыдырып, табият кырсыгынан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүгө эл аралык коомчулукту чакырды. «Бүгүн бул Пакистан, эртең сиз жашаган өлкө болуп калышы мүмкүн. Бул глобалдык кризис, ага глобалдык жооп керек»,-деди Гуттериш. Пакистан жалпы чыгымды 30 миллиард доллар деп эсептеп жатат. Өкмөт жана... Читать дальше...

Ооганстанда кыздар мектептин жабылышына каршы чыгышты

Azattyk.org 

Ооганстандын чыгышындагы Пактия провинциясында ондогон кыздар 10-сентябрда мектептин күтүүсүз жабылышына каршы акцияга чыгышты. Билим уясында сабактардын жанданганына бир нече эле күн болгон жана алтынчы класстан жогоркуларга мектепке барууга уруксат берилген. Провинциянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы "Азаттыктын" ооган кызматынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Ал эми талибдердин өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Мужахид Пактияда мектептерди жабуу тууралуу буйрукту ким бергенин иликтеп жатышканын билдирди. Читать дальше...

Аба ырайы: күн салкындайт

Azattyk.org 

12-сентябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көчпүлук аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Күндүз Талас жана Чүй облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20…25; Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 15…20; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23; Нарын облусунда түнкүсүн 7…12... Читать дальше...

Британ ханышасы Елизавета II тажыясы 19-сентябрда өтөт

Azattyk.org 

Британ ханышасы Елизавета II акыркы сапарга узатуу зыйнаты дүйшөмбү күнү, 19-сентябрда болот. Тажыя Лондондогу Вестминстер чиркөөсүндө өтөрүн ишемби күнү Букингем сарайынан билдиришти. Ханышанын сөөгү салынган табыт жекшемби күнү ал көзү өткөн Шотландиядагы Балморал сарайынан Эдинбургга алып барылат. 12-сентябрда Ыйык Эгидий соборунда жаңы падыша Карл III жана падышалык үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусунда эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул күнү Шотландиянын жашоочуларына ханыша менен коштошууга шарт түзүлөт. Читать дальше...



Өзбекстан менен Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Azattyk.org 

Быйыл октябрь айында Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин өкүлү Роза Карибжанова менен 10-сентябрда жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты жана жакында өтө турган иш-чараны талкуулашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуу Нур-Султан шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулду. Читать дальше...

Президент Жапаров иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 11-12-сентябрда иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, эки күндүк сапардын жүрүшүндө президент аймактагы ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат. Маалыматта ал кайсы объектилер экени так айтылган эмес. Ушул күндөрү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган бийлик өкүлдөрү аймактарды кыдырып жүрүшөт. Буга чейин алар Ош... Читать дальше...

УКМК Сирожиддин Мухтаровдун өлгөнү тууралуу маалымат такталып жатканын кабарлады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эл аралык издөөдө жүргөн "Катиба Таухид валь-Жихад" диний уюмунун лидери, кыргызстандык Сирожиддин Мухтаровдун өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. "Учурда УКМК бул террористтин өлүмүнүн жагдайын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Бардык жагдайлар аныкталгандан кийин бул факты боюнча кошумча маалымат беребиз", - деп айтылат маалыматта. Орусиянын жана Кыргызстандын бир катар... Читать дальше...

"Кыйноо көп болуп жатат". Баш прокурор милициянын ишин сындады

Azattyk.org 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Оштун айрым райондорундагы милиция жетекчилерин сынга алып, отчеттуулук үчүн кыйноо фактылары көп болуп жатканын билдирди.  "Көчө балдары менен аралашып калыпсыңар" Ушул күндөрү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган бийлик өкүлдөрү Ош облусунда эл менен жолугуп жүрөт. Социалдык тармактарда жолугушуулардын биринде башкы прокурор Курманкул Зулушев милиция кызматкерлеринин мушташына өзү күбө болгонун айтып, чара көрүүнү тапшырган видеосу тарады. Читать дальше...

Бишкекте ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт

Azattyk.org 

14-15-сентябрь күндөрү Бишкекте “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” деп аталган ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, форумга дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн келген жогорку окуу жайлардын ректорлору катышат. Алар университеттердин илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууну, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштырууну жана технологияларды өнүктүрүү ыкмаларын талкуулашат. Читать дальше...



Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Rammstein

В Калининградской области отказались отменять трибьют-концерт Rammstein




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


Полина Михайлова

Россиянка Полина Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Андрей Воробьев: «День добрых дел» объединил учащихся Подмосковья



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России