Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 14.09.2022

Башкы прокуратура Бекмурзаев боюнча дагы билдирүү таратты

Azattyk.org 

Башкы прокуратура 14-сентябрда убактылуу кызматынан четтетилген энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин мыйзам талаптарын бузганы тууралуу маалымат таратты. Мекеменин маалыматында “Бекмурзаев Салык кодексине ылайык 2022-жылы өзүнө жана жакындарына таандык болгон киреше-чыгаша, мүлктөрү боюнча декларация тапшырбаган, 2021-жылы айрым айрым мүлктөрүн толук көрсөткөн эмес” деп жазылган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго энергетика системасында аныкталган коррупцияга каршы мыйзамдардын сакталбагандыгы... Читать дальше...

Чек ара чатагында жараат алган 11 жаштагы баланын абалы орточо оор экени айтылды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 11 жаштагы бала жараат алганын маалымдады. Ал октон жаагынан жана сол ийнинен жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда. Министрлик чек арадагы ок атышуудан жараат алган башка эки жай тургундун абалы жөнүндө да саат 21:00гө карата маалымат берди. Ага ылайык, 21 жаштагы жаран октон башынан жараат алган. Абалы орточо оор. 31 жаштагы тургундун ичине ок тийген. Анын абалы өтө оор деп бааланып, операция жасалууда. Бейтаптар Лейлек райондук ооруканасында жатышат. Читать дальше...

Тажикстанда чек ара чырында эки аскер каза болгону кабарланды

Azattyk.org 

“Озоди” радиосу 14-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон атышууда эки тажик аскери набыт болуп, 11 адам жаракат алганын жазды. Маалыматка караганда, жаракат алгандардын ичинен алтоо чек арачылар, бешөө жайкын тургундар. Алардын баары ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде Булак-Башыда, Как-Сай жана Паскы-Арык аймагында ар кайсы убакта ок атылды. Читать дальше...



Чек ара: Кыргызстан Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жарыялады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө аймагындагы жолугушуусунун жыйынтыгында төмөнкүдөй бир нече макулдашууга жетишкенин маалымдады. - Чек арадагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Исфара багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү Төрт-Көчө жерлигинде болушат. - Тараптардын укук коргоо органдарынын райондук бөлүмдөрүнүн (РИИБ) өздүк курамы Төрт-Көчө жерлигинде кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүшөт. Саат 19:30да Төрт-Көчөдөгү кезектеги... Читать дальше...

Башкы прокуратура: Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына 32 иш козголду

Azattyk.org 

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштарга байланыштуу 32 иш козголуп, жалпы мамлекетке келтирилген чыгым 889 млн. 54 миң 197 сом деп эсептелгенин маалымдады. Көзөмөл орган текшерүүнүн алкагында, энергетика тармагындагы кызмат адамдарынын коррупциялык аракеттери, эмгек кодекси, сатып алуулар, тийиштүү мыйзамдардын талаптарын сакталышы иликтегенин билдирди. Башкы прокуратура Энергетика министрлигинде жана анын түзүмдүк уюмдарында мыйзамдар... Читать дальше...

Жапаров ШКУ жыйынына катышуу үчүн Самаркандга барды

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 14-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Жапаров Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун күмбөзү жайгашкан “Хазрати Хизр” комплексине барып, зыярат кылды. Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 14-16-сентябрь күндөрү өтө турган саммитине катышат. Президенттин басма сөз кызматынын буга чейинки маалымдашынча, жыйында көп таратуу кызматташуу, аймактык жана эл аралык саясий маселелер талкууланат. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында абал курчуду

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы от атышуудан кийин абал чыңалып турат. Азербайжан Тоолуу Карабактагы этникалык армян күчтөрүн макулдашууну бузду деп айыптады. Башкы прокуратура “Кумтөрдөн” 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгенин билдирди.

Руслан Бекназаров саясий жүйө менен камалдыбы?

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан Руслан Бекназаров диний экстремизмге байланыштуу кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Руслан Бекназаровдун атасы саясатчы, оппозиционер Азимбек Бекназаров муну өзүнүн саясий ишмердигине байланыштырды. Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаровду 14-сентябрда экстремизмге байланыштуу милиция суракка алып кеткенин анын жакындары социалдык тармактарга жазып чыкты. Читать дальше...



Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналууда

Azattyk.org 

Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады. Милициянын кабарлашынча, ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен козголгон ишти тергеп жатат. Ишке байланыштуу Руслан Бекназаров суракка чакырылган. “Социалдык тармактарда... Читать дальше...

Армения чек ара чырында каза болгондор 105 кишиге жеткенин билдирди

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян азери-армян чек арасында болгон акыркы куралдуу кагылышууда Армения тараптан 105 адам каза тапканын билдирди. Бул тууралуу ал 14-сентябрда парламенттин жыйынында айтканын “Азаттыктын” армян кызматы жазды. Никол Пашинян 13-сентябрда чек ара чырында кеминде 49 киши өлгөнүн кабарлаган. Парламенттин төрагасы Ален Симонян каза болгондордун арасында жайкын тургундар да бар экенин айтты. Бирок премьер-министр бул маалыматты тактай элек. “Атышуунун жыйынтыгында алты жайкын тургун жабыркап... Читать дальше...

Кыргыз тарап чек арадагы ок атууда эки жаран жаракат алганын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы Баткендин Паскы-Арык айылындагы "Самаркандек" чек ара бекетиндеги кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусунан 31 жана 21 жаштагы эки кыргыз жараны жаракат алганын кабарлады. Маалыматка караганда, 21 жаштагы жаран башынан жаракат алган, анын абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат. "Самаркандек айылынын И.к.Б., атуу жаранынын ич көңдөйүнө ок кирип, бел бөлүгүнүн октон жаракат алды. Ичине кан толуп, үчүнчү даражадагы травматикалык шок алган. Читать дальше...

Сузак: кыздарды билимге үндөгөн Хапизахон

Azattyk.org 

Сузак айыл айылдык кеңешиндеги аялдардын бири, жашы 70ке таяп калган Хапизахон Сатыбалдиева өзбек коомчулугундагы кыздарды эрте турмушка берүү адатына жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшөм деп депутаттыкка аттанган. Айылдаштары ал депутат болгондон бери айрым социалдык маселелер чечиле баштаганын айтышууда.

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуулар токтогону кабарланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда саат 16:20га карата Баткен облусунун Радар аймагында (Кыргызстан) Баткен жана (Тажикстан) Согди облустарынын жетекчилери баштаган делегацияларынын жолугушуусу башталганын маалымдады. “Жолугушууга тараптардын чек ара өкүлдөрү, эки республиканын укук коргоо органдарынын бөлүм башчылары, күч түзүмдөрүнүн жана райондук администрациялардын жетекчилери катышууда. Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндегы кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турууда”, - деп айтылат билдирүүдө. Читать дальше...

Энергетика министри Бекмурзаев кызматынан убактылуу четтетилди

Azattyk.org 

Кылмыш иши козголгон Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 14-сентябрда маалымдады. Анда бул чечим тергөөгө байланыштуу кабыл алынганы айтылат. Энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраевге министрдин милдетин аткаруу милдети убактылуу жүктөлдү. Башкы прокуратура Бекмурзаевге "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген негизде эки кылмыш иши козголгонун 13-сентябрда билдирген. Читать дальше...

Си Цзинпин Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды

Azattyk.org 

14-сентябрда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Казакстанга бир күндүк мамлекеттик сапары менен барды. Аны Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алып, өлкө жетекчилери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Си Цзинпин коронавирус пандемиясы башталгандан дээрлик эки жарым жылдан бери чет мамлекетке сапарга чыга элек болчу. Казакстандын президентинин сайтына чыккан маалыматка караганда, Си Цзинпин жолугушууда Казакстанда туруктуулукту колдой турганын айткан. “Биз стабилдүүлүктү жана өнүгүүнү... Читать дальше...

Түштүк Корея: күнүмдүк ишке жалданган журтташтар

Azattyk.org 

Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар Түштүк Кореянын Каннын шаарына 2018-жылы Олимп оюндарына даярдык жүрүп жатканда жумушка барган. Деңиз боюнда жайгашкан шаарда эркектер курулуш, күнүмдүк иштерге тартылса, аялдар турак жайларды жыйнап тазалашат.

Түштүк Кореяда мыйзамсыз иштеген журтташтар

Azattyk.org 

Түштүк Кореянын Каннын шаарына Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар 2018-жылы Олимп оюндарына даярдык жүрүп жатканда жумушчу күч катары барып, ошол бойдон калып калышкан. Деңиз боюнда жайгашкан шаарда эркектер курулуш, күнүмдүк иштерге тартылса, аялдар турак жайларды жыйнап-тазалашат.

Бекназаров баласынын суракка алынышын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров баласы Русландын эскстремизмге шектелип, сурак берип жатышын өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Ал “Азаттык” радиосуна комментарий берип жатып, баласынын күнөөсү жок экенин айтты. “Менин үй-бүлөм мындан оор күндөргө чыдаган. Русланды динге байланыштуу камап, кудайга дагы күнөөкөр болушту”, - деди Бекназаров. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан экстремизмге байланыштуу милицияга суракка чакырылганын 14-сентябрда маалымдаган. Читать дальше...

Орусияда сот “Ислам кайра жаралуу” партиясын террордук уюм деп тапты

Azattyk.org 

Орусиянын Жогорку соту Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясын террордук уюм деп таап, өлкө аймагында анын ишмердигине тыюу салды. Бул тууралуу Интерфакс маалымат агенттиги соттун басма сөз кызматына шилтеме берип жазды. “Ислам кайра жаралуу” партиясы Тажикстандын бийлиги бул чечимди өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланат жана анын негизинде көптөгөн бейкүнөө адамдар кармалып, абакка кесилет деп кооптонууда. 26-июлда Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын... Читать дальше...


Музыкальные новости
The Beatles

«Если прищуриться, мы похожи на The Beatles» // Евгений Цыганов о своей карьере музыканта





Rss.plus
Алексей Сёмин

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии




Жительница Ленинского округа выплатит 2 миллиона рублей за свалку

С 28 апреля по 1 мая в парках Москвы пройдёт яркая праздничная программа

В Москве двое подростков на электросамокате сбили школьника, мальчик в больнице

Климатолог предупредил москвичей о грядущих погодных аномалиях




Чек ара кызматы Баткенде абал чыңалуу бойдон экенин билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматында, кыргыз-тажик чек арасындагы абал саат 16:00гө карата чыңалуу бойдон турат. Маалыматка ылайык, Паскы-Арык аймагындагы "Самаркандек" чек ара бекетиндеги ок атышуу токтотулду. Чек ара кызматы саат 08:10дон бери "Баткен районунда тажик тарап баштаган ок атышуулар болуп жатат" деп билдирген. Мекеме саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлады. Учурда эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү ок атышууну... Читать дальше...

Баткен жана Согд облустарынын башчылары Достук айылына келди

Azattyk.org 

Кыргызстандын президентинин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажистандын Согд облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода Баткендин Достук айылына келишти. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады. “Учурда эки тараптын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте ок атышуу катталган Достук айылында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө. Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда түштөн кийин кыргыз-тажик... Читать дальше...

Тоолуу Карабакта жүздөй аскер окко учту

Azattyk.org 

Азербайжан менен Армениянын чек арасында кырдаал дагы эле тынч эмес. 13-сентябрдан бери эки тараптан жүздөй аскер окко учканы кабарланды. Дүйнө лидерлери Кавказдагы эки мамлекетти ок атышууну токтотууга чакырып жатышат. 14-сентябрдын таңында жанданган атышуу үчүн эки тарап бири-бирин айыптоодо. Жамаатык коопсуздук келишим уюму аймакка "кырдаалды баалоо" максатында атайын миссиясын жөнөтмөй болду. Азербайжандын Коргоо министрлиги 13-сентябрда 50дөй жоокерин жоготконун билдирди, ошол эле маалда... Читать дальше...

Чек ара кызматы Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда саат 15.08дө тажик чек арачылары Паскы-Арык аймагындагы "Самаркандек" чек ара бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын билдирди. Маалыматка ылайык, учурда ок атышуу башталды. Тажик тарап буга байланыштуу азырынча маалымат бере элек. Мунун алдында Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында ок атышуу болгонун, саат 14.40ка карата токтогонун билдирген. Ошол эле убакта кырдаал чыңалып турганын... Читать дальше...

ИИМ Руслан Бекназаров милицияга суракка чакырылганын ырастады

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан экстремизмге байланыштуу милицияга суракка чакырылганын бышыктады. "ИИМдин Тергөө кызматы социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. Мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбукта Кыргызстандын аймагында ишмердигине тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталган. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы: Как-Сай аймагында ок атышуу токтоду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда саат 14.40ка карата кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында ок атышуу токтогонун билдирди. Ошол эле убакта кырдаал чыңалып турганын, эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланып жатканын маалымдады. Мунун алдында жергиликтүү тургундар "Азаттыкка" Как-Сайдагы" атышуудан улам "Достук" айылынын айрым жашоочулары Кызыл-Бел кыштагына качып келе баштаганын маалымдашкан. Айрым бир маалыматтарга караганда, Ак-Сай айылынын айрым тургундары дагы коопсуз жайга кетип жатат. Читать дальше...



Москва

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Rammstein

В Калининградской области отказались отменять трибьют-концерт Rammstein




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


WTA

Как Рыбакиной стать второй ракеткой мира: расклад от WTA



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России