Баткен: чек арадагы кагылышта кеминде 24 адам мерт болду
Саламаттыкты сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта жараат алгандар, мерт болгондор тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, 24 адам каза таап, дагы 87 киши жарадар болду. Министрлик жараат алган беш бала Бишкекке жөнөтүлгөнүн билдирген эле. Мунун алдында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы соңку кырдаал тууралуу маалымат берип, ок атышуу токтогонун, бирок кырдаал оор бойдон калып жатканын билдирген. Читать дальше...