Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 30.09.2022

Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер

Azattyk.org 

6-августта Ош шаарынан жолго чыккан эмгек жана спорт ардагери, 75 жаштагы Мамыт Таштанов Түркияда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жетти. Ал алты мамлекеттен велосипед тээп өтүп, Изник шаарына келди.

Кыргыз-тажик кагылышы: эл аралык иликтөөгө жол

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш БУУнун Коопсуздук кеңешине кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуу боюнча кайрылуу кабыл алды. Акыйкатчы мекемеси куралдуу кагылыштагы жоготуулар жана кыйроолордун масштабын, жай тургундардын жабыркашын жана аскердик кылмыштардын болгон-болбогонун эл аралык көз карандысыз иликтөө үчүн мониторинг жүргүзүүдө. Бирок кыргыз бийлигинин БУУнун мандаты астында эл аралык иликтөө комиссиясын чакыруу ниети азырынча белгисиз. Парламент бул окуянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу... Читать дальше...

Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды

Azattyk.org 

Пара алууга шек саналган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды. Анын бөгөт чарасы 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Отурумдун алдында Бейшеналиев журналисттерге кыскача комментарий берип, күнөөсүн моюнуна албай турганын айтты жана пара деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин белгиледи. Сот имаратынын сыртында анын тарапкерлери колдоо акциясына чыгып, ал күнөөсүз экени жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. Читать дальше...



Рысбай Исаков: Негизсиз сындар көңүлүмдү оорутту

Azattyk.org 

Түркиянын Бурса шаарында 21-28-сентябрь аралыгында өткөн "Манас жумалыгында" манасчы Рысбай Исаков 124 саат манас айтып, Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине тынбай үн чыгарып окуу багытында катталды. Жумалык жыйынтыктала электе анын манас айтып жаткан учурунун айрым үзүндүлөрү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, талаш пикирлерди жараткан. Айрымдары манасчыны “эпосту бурмалап жатат” деп айыптаса, кээ бирлери аны колдоого алган. “Азаттык” мындан улам Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти... Читать дальше...

Кара-Жыгачта көп кабаттуу имарат салууга уруксат бергендерге кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

“Бишкекбашкыархитектура”, Мамлекеттик экспертиза департаментинин жана Шаардык курулуш-архитектура көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Алар Кара-Жыгач конушуна көп кабаттуу имараттарды курууга мыйзамсыз уруксат бергени айтылууда. Ишти борбор калаанын Октябрь райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иликтеп жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Расмий маалыматта айтылгандай, өкмөттүн 2006-жылдагы... Читать дальше...

Алмазбек Бейшеналиев күнөөсүн моюнуна албай турганын айтты

Azattyk.org 

Пара алууга шек саналып жаткан билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев күнөөсүн моюнуна албай турганын айтты. Бул тууралуу 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна бөгөт чарасын караган отурумга келгенде билдирип, пара деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин кошумчалады. Министрден кошумча маалымат алууга азырынча мүмкүн болгон жок, ушул тушта сотто анын бөгөт чарасы каралууда.  Сот имаратынын сыртында анын тарапкерлери колдоо акциясына чыгышты. Читать дальше...

USAID Баткенде жабыркагандарга 100 миң доллар бөлөт

Azattyk.org 

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Баткен облусунда жер которгонго дуушар болгон 400гө жакын үй-бүлөгө чукул гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 8 млн. сомдон ашык (100 миң АКШ доллары) каражат бөлөт. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 30-сентябрда кабарлагандай, каржылоо Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдорунун эл аралык федерациясы аркылуу жабыркаган үй-бүлөлөргө акчалай таратылат. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 622 турак жай зыян тарткан. Читать дальше...

Amnesty International Иранды нааразылыктарды “аёосуз” басып жатат деп айыптады

Azattyk.org 

Amnesty International эл аралык уюму Ирандын бийлиги Махса Амининин өлүмүнөн кийин чыккан нааразылык акцияларын басуу үчүн өлүмгө алып келчү ыкмаларды колдонуп жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу укук коргоо мекемесинин 30-сентябрдагы билдирүүсүндө айтылат. “Ирандын бийлиги репрессия кылуучу машинесин курчутуп алып, акцияга чыккандарды аёосуз уруп-сабап жатат. Көптөгөн адамдар өлүп, жарадар болушу мүмкүн жана ондогон адамдар кыйноого, сексуалдык зомбулукка кабылып, абакка түшүп калуу тобокелдиги жаралды. Читать дальше...



"Ибаратты" аккордеонго салган талант

Azattyk.org 

Чыгаан музыкант, обончу Төлөбек Итигулов комуз күүсүн аккордеонго салып жаңылык киргизген биринчи музыкант. Атасы жыгач уста Итигул чоң комузчу болбосо да, кээде кыңгыратып комуз ойноп жүрчү экен. Атасынын таасиринен улам Төлөбек бала кезинен комуз чертип, ыр-күүгө жакын өскөн. Кошунасы Белорус деген славян тектүү киши гармошка черткенде кыя өтпөй, тыңшап отургандан тажачу эмес. Алгач комузда кол ойнотсо, кийин кыякка кызыгуусу артып мектептеги аккордеонду өз алдынча үйрөнө баштаган. Мектептин директору анын музыкага шыктуу экенин байкап... Читать дальше...

Кремний өрөөнүн багынткан жубайлар

Azattyk.org 

Эгер Калифорния штаты өзүнчө мамлекет болсо, дүйнөдөгү 5-өлкө болмок. Себеби, бул жерде атактуу, миллионго бааланган технологиялык корпорацияларды, ондогон стартаптарды камтыган Силикон же Кремний өрөөнү жайгашкан. "Азаттык+" бул аймакты багынтып, байырлаган кыргызстандыктар менен тааныштырат.

Бекназаров Кумтөр боюнча коомдук комиссия түзүлгөнүн билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстанда саясатчылар жана коомдук ишмерлер тобу Кумтөр боюнча коомдук комиссияга биригишкенин 30-сентябрда комиссияга төрага болгон саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, комиссия маселени ар тараптуу, кѳз каранды эмес негизде иликтеп, коомчулукка маалымат берүүнү максат кылууда. Бекназаров керектүү расмий документтерди алуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрыларын маалымдап, өлкө жетекчилигинен ар тараптуу жардам күтөрүн белгиледи. Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Исабеков... Читать дальше...

"Күйгөн танктан чыгып, 12 саат жаттык". Ырысбектин баяны

Azattyk.org 

27 жаштагы ага лейтенант Ырысбек Шайып уулу 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта жараат алган аскерлердин бири. Анын айдаган танкка минометтун огу тийип, жарылып кеткен. Андагы үч аскер аман калган.

Казакстанда Жаңы-Өзөндөгү митингдерге катышкан активисттин жазасы жети жылга узартылды

Azattyk.org 

Казакстандын Кызылорда шаарынын соту абакта жаткан саясий активист Ержан Елшибаевдин жазасын дагы жети жылга узартты. Анын калган мөөнөтүн эске алуу менен ал дагы сегиз жыл абакта калды. Өкүмдү жарыялоо учурунда Елшибаев бул чечим менен макул эмес экенин айтты. “Бул мыйзамсыздык. Мынчалык жаза бергидей, мен адам өлтүргөн эмесмин”, – деди активист. Ержан Елшибаев жаңы айыптоо ал абакта отурган жагдайга байланыштуу тагылды. Түрмөнүн жетекчилиги аны администрацияга баш ийбей, башка соттолуучуларды да ошого үндөп жатат деп күнөөлөшкөн. Читать дальше...

“Ала-Тоо” кинотеатрында өткөн сот: башкарманын катаал тагдыры

Azattyk.org 

“Кайырма” колхозунун башкармасы Садыкул Байтурсунов эки ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Сталиндик ГУЛАГда он эки жыл отуруп келгенден кийин жөн-жай тиричиликке көчкөн. Катаал замандын куугунтугуна кабылган Социалисттик эмгектин баатырынын өмүр жолуна токтолобуз. Биринчи сот Жаңыдан колхоздор уюштурулуп, жамааттык чарба жүргүзүү жайыла баштаганда “эл душмандарын” табуу өнөктүгү күчөп, карапайым калктын башына катуу калайман салган. Ошондой оор мезгилде мурда байлардын кара жумушун кылып жан баккан Садыкул Байтурсуновдун жылдызы жанып... Читать дальше...

Ош: Студент кыздын өлүмүнө айыптуунун өкүмү өзгөртүлдү

Azattyk.org 

Кара-Сууда 22 жаштагы студент кыздын өлүмүнө шектүү адам боюнча чыккан сот өкүмү өзгөртүлдү. Бул тууралуу 30-сентябрда Ош облустук сотунан билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, быйыл 28-июлда Кара-Суу райондук соту 24 жаштагы айыпталуучуну 15 жылга эркинен ажыратууну өкүм кылган. Маркумдун жакындары облустук сотко кайрылып, жаза чарасын катуулатууну өтүнүшкөн жана ушундай эле талаптарын айтып нааразылык акциясын өткөрүшкөн. 30-сентябрда Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын... Читать дальше...

Владимир Путин мобилизация учурунда катачылыктар кеткенин мойнуна алды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарыялаган мобилизация учурунда катачылыктар кетип жатканын мойнуна алды. Мамлекет башчы тиешелүү жетекчилерден аны оңдоону талап кылып, негизсиз чакырылган адамдарды үйүнө коё берүүнү буюрду. Бул тууралуу пикирин ал Орусиянын Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен өткөн кеңешмеде айтты. Путин аскерге тартылган кишилер мобилизацияны уюштурууга, камсыздоого, шарттардын начардыгына жана башка нерселерге даттанып жатканын белгиледи. Президент бул чаранын... Читать дальше...

Кабулдун шийилер жашаган аймагындагы жарылуудан 19 адам мерт болду

Azattyk.org 

30-сентябрда Кабулдун Дашти Барчи районунда жанкечти-террорчу билим берүү борборун жардырып, 19 адам мерт болду, 27 киши жаракат алды. Бул тууралуу Кабул шаарынын полициясынын “Талибан” дайындаган башкармалыгы кабарлады. Аталган райондо негизинен Исламдын шийи багытын карманган хазарлар жашайт. Полиция билдиргендей, жарылуу киши көп бөлмөдө катталган. Окуянын күбөлөрү “Азаттыктын” ооган кызматына айтканына караганда, чабуул жасаган киши билим берүү мекемесинин сакчысына кол салып, андан кийин бөлмөлөрдүн бирине кирип... Читать дальше...

1-октябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

1-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.​ Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 11…16; Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 11…16; Баткен... Читать дальше...

Акылбек Жапаров: Баткенге жалпысынан үч миллиард сом бөлүндү

Azattyk.org 

Ушул тушта Баткенде жумушчу сапар менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган облуска жалпысынан үч миллиард сом бөлүнгөнүн "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, буга чейин резервде эки миллард сом болгон жана бул каражатка дагы бир миллиард сом кошулду. Өкмөт башчы 30-сентябрда кыргз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салуудан жабыркаган Баткен районундагы Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарын кыдырды, жергиликтүү эл менен сүйлөштү. Акылбек Жапаров Баткенге 29-сентябрда... Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

Волочкова оправдалась за слитые в сеть снимки: «Ничем никого не удивишь»





Rss.plus
НОПРИЗ

Подмосковные проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023




В Твери откроют выставку картин о Великой Отечественной войне

Нижегородка скончалась на платформе Московского вокзала

Спортсмены из 31 региона РФ, Белоруссии и Казахстана приняли участие в фестивале адаптивного футбола

Россию превращают в пародию… Не прекращаются диверсии по негрификации страны




Жогорку сот Кадыр Досоновдун ишин кайра кароого жөнөттү

Azattyk.org 

Жогорку сот кылмыш дүйнөсүндө "Женго" деген каймана ат менен таанымал Кадыр Досоновго чыгарылган буга чейинки өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишин кайра кароого жөнөттү. Бул маалыматты Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырстады, бирок мындай чечимге эмне негиз болгонун тактаган жок. Ушул жылдын июнь айында Ош облусундагы Кара-Суу райондук соту Досоновдун "бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу" беренеси менен козголгон кылмыш ишин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскартып, "кылмыш жолу менен... Читать дальше...

Жеңил өнөр жай тармагынын экологияга таасири талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстанда жеңил өнөр жай, тигүү ишканаларын тейлеген бирикмелер экологияга зыян тийгизбей иштөө ыкмаларын үйрөнүүдө. Бул тууралуу 30-сентябрда “Азаттык” радиосуна Эл аралык ITC соода борборунун Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программасынан (GTEX) билдиришти. “Сапат үчүн” коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлнара Жусупжанова семинардын катышуучуларына айлана-чөйрөнүн глобалдык проблемалары, экологиялык системанын бузулушу жана Кыргызстанда абанын... Читать дальше...

"Балким тирүү...". Дастандын апасы бийликке кайрылды

Azattyk.org 

Баткендеги чек ара жаңжалынан кийин 21 жаштагы Дастан Анарбеков ушул күнгө чейин дайынсыз болууда. Дастандын апасы Сауле Иманалиева уулун таап берүү өтүнүчү менен президентке кайрылды. Баткендеги "Достук" айылындагы чек ара тозотунун жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан Дастан Анарбеков 17-сентябрдан бери дайынсыз. Ал ушул жылы Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков аскер окуу жайын аяктап, Баткенге иштөө үчүн бир ай мурда барган. 14-16-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан... Читать дальше...

Кыйноого каршы борбор өкүлдөрү камактагы министр Бейшеналиев менен жолугуп чыгышты

Azattyk.org 

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери 29-сентябрда Бишкектин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отургандар, анын ичинде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен жолугуп чыгышты. Борбордун маалыматына караганда, алардан кыйноо же ырайымсыз мамиле тууралуу арыз-даттануу түшкөн жок. Бейшеналиев астмасы бар болгондуктан тийиштүү дарыларын алып кирүүгө уруксат беришкенин билдирди. Жалпысынан аталган камак жайында 29 адам отурганы, алардын төртөө аялдар экени маалымдалды. Читать дальше...

Жыл башынан бери 2,2 миллиард сом мүлк салыгы чогулду

Azattyk.org 

Салык кызматы жыл башынан бери өлкөдө мүлккө салынган салыктан 2,2 миллиард сом топтолгонун билдирди. Анын ичинде транспорт каражатына салынган салык 678,4 миллион сомду түздү жана бул көрсөткүч былтыр ушул маалга караганда 110 миллиондой сомго көп. "Турак жайга (үй, батир) салыктын суммасы 97,3 млн. сомду (13,8 млн. сомго көп), турак эмес жайдыкы 692,9 млн. (126,7 млн. сомго көп) сомду түздү. Үй жанындагы, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык боюнча түшүүлөр 186,2 млн. сомду түздү... Читать дальше...

Айыл чарба министрлиги: Таласта төө буурчактын баасы туруктуу

Azattyk.org 

Айыл чарба министрлиги төө буурчактын баасына байланыштуу түшүндүрмө берди. Анда Таласта оруп-жыйноо иштери ортолоп калганы, төө буурчактын баасы туруктуу экени айтылат. Мекеменин маалыматына караганда учурда төө буурчактын "лопатка" түрүнөн 20 миң тонна, ал эми "томатный" сортунан 30 миң тонна жыйналды. Ал эми "красавчик" жана "ребой" түрлөрү жалпы түшүмдүн 5% түздү. "Учурда "лопатканын" бир килограммынын баасы 100 сом, ал эми "томатныйдыкы" 65 сомдон бааланууда. Быйыл төө буурчактын баасы кымбаттады",- деп айтылат маалыматта. Читать дальше...



Москва

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Трофимов

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Арина Соболенко

Арина Соболенко призналась в том, что не любит женский теннис



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Симферополь

В Крыму прошли «Большие гастроли» к 10-летию воссоединения полуострова с Россией



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России