Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 27.09.2022

БУУ Ирандын бийлигин кармалгандарды бошотууга чакырды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгы Ирандын бийлигин нааразылык акцияларын таркатууда «болуп көрбөгөндөй күч колдонгону үчүн» айыптады. Женевадагы маалымат жыйында Адам укуктары боюнча башкармалыктын өкүлү Равина Шамдасани алар коопсуздук күчтөрүнүн чыныгы ок-дарыларды колдонгонуна тынчсызданып атканын айтты. "22 жаштагы Махса Амининин камактагы өлүмүнөн кийин тутанган каршылык акцияларында көптөгөн ирандыктар өлтүрүлдү, жарадар болушту, кармалды. Ал болгону хижабды Иран... Читать дальше...

"Түндүк агым" куурунда авария болуп, деңизге газ төгүлдү

Azattyk.org 

Швеция менен Даниянын сейсмологдору "Түндүк агым" газ куурунда авария болгон жерде жардыруулар орун алганын каттады. Маалыматты Германия да ырастады. Швециянын Улуттук сейсмология борборунун адиси Бьорн Лунд 27-сентябрда "жардыруу болгону шексиз" деп билдирди. 26-сентябрдын кечинде "Түндүк агым-2" жана "Түндүк агым-1" газ куурларында авария болгону аныкталган. Көп өтпөй Борнхольм аралынын жанында үч куурдан тең Балтика деңизине газ куюлганы маалым болгон. Бул окуя энергетикалык кризис күчөп... Читать дальше...

Орусиялык ырчы Борис Моисеев көз жумду

Azattyk.org 

Орусиялык ырчы Борис Моисеев 68 жашында көз жумду. Анын өлүмүнө эмне себеп болгону белгисиз. Mash Телеграм-каналы ырчы жакында эле инсульт болгонун жазды. Моисеев он жыл мурда да инсульт алып, сол ыптасы жакшы кыймылдабай калган. Мындан улам ал акыркы жылдары сахнага чыкпай жүргөн. Ал 1954-жылы Беларустун Могилев шаарында төрөлгөн. Апасы саясий мүдөөдөн улам камалып кеткен. Мектептен кийин хореографиялык орто окуу жайды аяктаган. Кийин ар кандай бий топторунда иштеп жүрүп, 90-жылдары жеке чыгармачылык карьерасына киришкен. Читать дальше...



Мобилизация: 100 миң киши Казакстанга качты

Azattyk.org 

Бүгүн Баткенде чогулган тургундар бийликтен соңку протокол боюнча маалымат берүүнү талап кылышты. Акыркы аптада эле Орусиядагы мобилизациядан качып, коңшу Казакстанга жүз миңге жакын орусиялык келген. Камактагы 19 жаштагы активист Ырыс Жекшеналиев Улуттук Кардиология борборуна жеткирилди.

Сулаймановдун сыны, бийликтин жообу

Azattyk.org 

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов өз калоосу менен кызматын тапшырып, жергиликтүү башкаруу системасында реформа болбой жатканын сындап чыкты. Сулаймановдун бийликке сыны Облус башчысы болуп жети ай мурун дайындалган Алтынбек Сулайманов кызматтан кетип жатканын жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарынын жоктугуна, башкаруу системасында реформа болбой жатканына байланыштырды. Анын айтымында, айыл өкмөт, аким, облус башчыларында учурда кадр, каржы жана чарбалык чечим чыгарууга бийлиги жетишпейт. Читать дальше...

Мобилизация: Бишкекте мейманкана толуп, батир кымбаттады

Azattyk.org 

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин миңдеген орусиялыктар коңшу мамлекеттерге чыгып кетип жатышат. Соңку бир аптада Кыргызстанга эле жүздөгөн орус жараны келди. Мындай кырдаалда авиабилеттердин, батирлердин ижара акысы көтөрүлүп, мейманканаларда бош орун дээрлик калган жок. Асман чапчыган авиабилеттер Мобилизация жарыялангандан кийин авиабилеттердин баасы кескин көтөрүлүп, ушул тапта 150-200 миң сомго чейин жетүүдө. Олег согушка тартылуудан чочулап Москвадан Ысык-Көлгө ишемби күнү учуп келген. Читать дальше...

Баткенде мектептерди онлайн окутууга өткөрүү каралууда

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылыштан улам Баткен облусундагы чектеш аймактардагы мектептерди онлайн окутууга өткөрүү каралууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин облустагы өкүлү Абдыкерим Алимбаев 27-сентябрда билдирди. Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги менен сүйлөшүү болду, жакынкы күндөрү тактоо иштери жүргүзүлөт. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам зыян тарткан мектептерде окууну улантуу мүмкүн эместигин буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова да билдирип... Читать дальше...

"Азаттыктын" кабарчысы туризм боюнча сынакта жеңүүчү болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду уюштурган "Кыргызстан - сүйүктүү өлкөм" сынагында "Азаттыктын" кабарчысы Мирлан Кадыров жеңүүчүлөрдүн бири болду. Анын "Көөнө табериктер сакталган Кошой-Коргон" деген аталыштагы эмгеги эң мыкты видеосюжет деп табылды. Тасманы бул жерден көрүңүз:   Аталган фонд жеңүүчүлөрдүн тизмесин 27-сентябрь - Дүйнөлүк туризм күнүндө жарыялады. Сыйлоо аземи 3-октябрда өтө турганы маалымдалды. Сынакты уткандар фото, видео, блог жана башка сегиз багытта аныкталды.



28-сентябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

28-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 17…22; Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 15…20; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14... Читать дальше...

Бир аптада Кыргызстанда 3,5 миңден ашуун орус жараны каттоого турду

Azattyk.org 

21-сентябрдан бери Кыргызстанда Орусиянын 3,5 миңден ашуун жараны каттоого турду. Санариптик өнүгүү министрлиги алар августта келгенин билдирди. Эреже боюнча, Кыргызстанга келген орусиялыктар 30 жумушчу күнү аралыгында каттоосуз жүрө алышат. Андан соң алты айга каттоого турушат. Алты ай өткөндөн кийин же өлкөдөн чыгып кетүүгө, же каттоосун дагы жарым жылга узартууга милдеттүү. Министрликтин эсебинде, быйыл сегиз айда Кыргызстанга келип, каттоого тургандардын саны 170 миңге чамалайт. "Бул жаңы... Читать дальше...

Активист Ырыс Жекшеналиевдин ден соолугуна байланыштуу кошумча анализ дайындалды

Azattyk.org 

Камакта жаткан активист Ырыс Жекшеналиев бүгүн, 27-сентябрда Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунда медициналык кароодон өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” активист Эрлан Бекчоро уулу билдирди: “Догдурлар Ырыстын боорун да тарттырыш керек, боорунда да оору бар экен дешти. Жүрөгүнүн жана боорунун анализдери бешинчи күнгө чейин чыгат экен. Ага чейин кайра тергөө абагына алып кетишти”. Эрлан Бекчоро уулу Жекшеналиевдин жүрөгү мурда да ооруп жүргөнүн, азыр абалы начар экенин айтып, "аны... Читать дальше...

Ижевск: мектептеги ок атуудан каза болгондор 17ге жетти

Azattyk.org 

Орусиянын Ижевск шаарындагы мектепте 26-сентябрда болгон ок атуудан мерт кеткендердин саны 17ге жетти. Алардын 11и балдар. Удмуртия республикасынын жетекчилиги билдиргендей, окуяда 24 киши жаракат алды.  Кандуу каргашага байланыштуу Удмуртияда 29-сентябрга чейин аза күтүү жарыяланды. Орусиянын Тергөө комитети кол салган адамдын тек-жайы аныкталганын, ал окуя болгон № 88 мектептин бүтүрүүчүсү, 34 жаштагы Артем Казанцев экенин маалымдады.  Ал мектепке кирип барып, алгач күзөтчүнү өлтүргөн. Андан кийин класстардын бирине кирип... Читать дальше...

Токаев эмиграцияга байланыштуу Орусия менен сүйлөшө турганын айтты

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орусиялыктардын агымы тууралуу Москва менен сүйлөшөт. Бул тууралуу ал Түркстан облусуна жасаган сапары маалында айтты. «Соңку күндөрү бизге Орусиядан келген адамдардын саны көбөйдү. Алардын көбү мекениндеги кырдаалдан улам кетүүгө аргасыз. Биз аларга кам көрүп, коопсуздугун камсыздашыбыз керек. Бул саясий жана гуманитардык маселе. Мен өкмөткө тийиштүү чара көрүүнү тапшырдым», - деди Токаев. Ал ошондой эле «келгиндерге жардам берилерин, бирок эч кандай артыкчылык берилбестигин» кошумчалады. Читать дальше...

БУУда Кытайдын мусулмандарга жасаган катаал мамилесин көтөрүү сунушталды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар жана Батыштын бир нече мамлекети Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктар боюнча кеңешинде Кытай бийлигинин Шинжаңдагы мусулмандарга каршы жасалган катаал мамилесин талкуулоону сунуштады. Дипломаттар билдиргендей, АКШ, Канада, Британия, Дания, Финляндия, Исландия, Норвегия жана Швециянын сунушу жактырылса, кийинки жылдын башындагы жыйындын күн тартибине коюлат. "Биз адам укуктарынын систематикалуу түрдө олуттуу бузулушуна көз жумуп жүрө албайбыз. Бул Кеңеш унчукпай кала албайт жана калбаш керек"... Читать дальше...

Баткен: жаңжалда жабыркаган үйлөрдү 30дан ашык тергөө тобу тактап жатат

Azattyk.org 

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салуудан жабыркаган, талкаланып-өрттөлгөн үйлөрдү, имараттарды 30дан ашык тергөө тобу тактап жатат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. "Чыгымдарды эсептөө жана сапаттуу иликтөө жүргүзүү үчүн учурда аймакта 31 ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Мында топторго тиешелүү мамлекеттик мекеме-органдардын өкүлдөрү кирген. Чек ара тилкелеринде милициянын атайын күндүзгү жана түнкү кайгуул топтору күнү-түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат",- деп айтылат маалыматта. Читать дальше...

"Ирандык аялдардын эркиндик күрөшү башкаларга дем берет"

Azattyk.org 

Иранда өкмөткө каршы акциялар уланууда. 17-сентябрда хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармалган 22 жаштагы Махса Амини абакта каза тапкандан кийин Ислам жумуриятынын жер-жеринде эл козголду. Бийлик 40тай киши, арасында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери набыт болгонун, жүздөгөн киши кармалганын билдирген. Бирок интернет жана байланыш жок болгондуктан, так маалымат алуу кыйын. Тегеран өкмөтүнө каршы демонстрациялар бир катар чет өлкөлөрдө да уюштурулду. Тегерандын адеп-ахлак полициясы студент кыз... Читать дальше...

"Ирандык аялдардын эркиндик күрөшү бүт өлкөгө жайылды"

Azattyk.org 

Иранда өкмөткө каршы акциялар уланууда. 17-сентябрда хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармалган 22 жаштагы Махса Амини абакта каза тапкандан кийин Ислам жумуриятынын жер-жеринде эл козголду. Бийлик 40тай киши, арасында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери набыт болгонун, жүздөгөн киши кармалганын билдирген. Бирок интернет жана байланыш жок болгондуктан, так маалымат алуу кыйын. Тегеран өкмөтүнө каршы демонстрациялар бир катар чет өлкөлөрдө да уюштурулду. Тегерандын адеп-ахлак полициясы студент кыз... Читать дальше...

Султанбаев Сулаймановдун реформа жөнүндөгү дооматына жооп берди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматын тапшырган Алтынбек Сулаймановдун реформа тууралуу дооматына жооп берди. "Алтынбек Сулайманов айткандай, аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Даяр болору менен реформа башталат. Президенттин администрациясы кол куушуруп отурган жок. Алгач тажрыйба иретинде бир аймакта сыналат. Андан кийин ошого жараша калган аймактарда иш жүрөт. Читать дальше...

ТИМ Тажикстанды "тескери маалыматтык өнөктүк жүргүзүүдө" деп сындады

Azattyk.org 

Бүгүн, 27-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Тажикстан чек арадагы соңку окуя үчүн жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргызстанга оодарып, эл аралык коомчулук алдында тескери маалыматтык өнөктүк жүргүзүп, Кыргызстандын коргонуу аракетин дискредитациялоо багытын карманын жатат деген билдирүү таратты. “Тажикстан биздин өлкөгө каршы куралдуу агрессиясы үчүн айыбын мойнуна албай турганы жана күнөөнү бизге оодарууга аракет кылары башында эле түшүнүктүү болчу. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун... Читать дальше...


Музыкальные новости
Джиган

Блогерша Алена Водонаева заявила, что ей нравится сын рэпера Джигана





Rss.plus
Владимир Путин

Путин поручил рассмотреть вопрос о создании профильных агроклассов




Мособлдума поздравила с праздником работников скорой помощи

В Екатеринбурге пройдет благотворительный забег Ural Legal Run

Володин: Финляндия наказала своих граждан закрытием КПП на границе с Россией

Зерновая сделка России и Китая: США и Австралию оттесняют с рынка




Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар

Azattyk.org 

Вандык кыргыздардын Түркияга жер которуп барганына 40 жыл болду. Жекшембиде Стамбул шаарында чогулгандар боордоштордун улуу көчүн эскеришти. Мааракеге Кыргызстан, АКШ жана Түркиядан изилдөөчүлөр, окумуштуулар, вандык кыргыздар катышты.

БДК Камчыбек Ташиевди кызматтан алууну талап кылды

Azattyk.org 

Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" (БДК) Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин чек арага байланыштуу кол койгон протоколдорун жана айткандарын сындап билдирүү таратты. Анда Ташиевдин соңку кадамдары "коомду дүрбөлөңгө салып, элдин тынчсыздануусун жана кооптонуусун күчөткөнү" белгиленген. "Төрт чек ара постунун алынышы баткендик мекендештерибизди коргоосуз калтырды. Толкунданган элибиз азыркы бийликке катуу талаптар менен чыкты. БДК элдин талабын түшүнүү менен кабыл алып, толугу менен колдойт. Читать дальше...

Түркияда төрт күндөн бери "Манас" айтылууда

Azattyk.org 

Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу "Азаттыкка" билдирди. "113 сааттан бери күнү-түнү Манас айтылып жатат. Иш-чара жакшы уланууда. Комиссиянын сегиз мүчөсү бар. Жаңылган жерлерди жазып атышат. Таңга маал жаңылып кеткен учур болгон. Манасчылар чарчап, уйкусу келген жагдайлар болот экен. Бирок азыр абалдары жакшы", - деди Биймырза уулу. 21-сентябрда Түркиянын Бурса шаарында "Манас жумалыгы" башталган. Ага кыргызстандык, казакстандык жана түркиялык 14 манасчы катышууда. Читать дальше...

Эл жазуучусу Самсак Станалиевге Түркияда эл аралык сыйлык тапшырылды

Azattyk.org 

Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев Түрк мамлекеттери жана Түрк тили уюмдарынын Түрк дүйнөсү адабиятынын «Роман» номинациясында абройлуу эл аралык сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу маалымат 27-сентябрда Улуттук жазуучулар союзунун сайтына жарыяланды. Анда айтылгандай, Түркияда «Тилде, пикирде, иште биримдик» аттуу ураан менен өткөн кароо сынакта Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка мамлекеттердин ар биринен бирден жазуучу жеңүүчү деп табылды. Аталган иш-чара Түрк... Читать дальше...

Баткен: Облустук администрация алдына чогулгандар талаптарын айтышты

Azattyk.org 

Баткен облустук администрациясынын алдында бүгүн 27-сентябрда адамдар чогулуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер жөнүндө түшүндүрмө берүүнү талап кылышты. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, ага Ак-Сай, Самаркандек жана чек ара тилкесинде жайгашкан башка да айылдардын тургундары катышты. Чогулган 50 чакты адам менен облус башчысы Абдыкерим Алимбаев жолукту. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тажик тарап... Читать дальше...

Кайымов: Мамытов ишин өткөн аптада убактылуу өткөрүп берип, кайра келген

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Эркин Кайымов спикер Талант Мамытов өткөн аптада кызматын убактылуу өткөрүп бергенин, бул аптадан тартып кайра ишке кайтканын "Азаттыкка" билдирди. Мунун алдында социалдык тармактарда Мамытов ишин убактылуу өткөрүп бергени, ошол маалда Баткенде болгону тууралуу маалыматтар чыккан. Жогорку Кеңеш 22-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууну жабык караган. Парламенттеги айрым булактардын билдиришинче, анда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК)... Читать дальше...



Москва

Андрей Воробьев: «День добрых дел» объединил учащихся Подмосковья


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В столице открыт сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Шапка

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


WTA

Азаренко проиграла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Нижегородка скончалась на платформе Московского вокзала



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России