Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 09.09.2022

14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча дагы бир адам кармалды

Azattyk.org 

Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу райондун жашы жете элек дагы бир тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, ал 8-сентябрда адвокаттын жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен өзгөчө оор кылмыш жасоого шек саналып кармалып, 9-сентябрда Кадамжай райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. 5-сентябрда Баткен облусунун милициясы... Читать дальше...

Кыргызстандыктар британ элине көңүл айтууда

Azattyk.org 

Ханыша Елизавета IIнин каза болгонуна байланыштуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинде да аза күтүп жатышат. Каалоочулар атайын ачылган китепке ханышага коштошуу сөздөрүн арнап жазып, британ элине көңүл айтууда. Элчиликтин алдындагы мамлекеттик туулар да түшүрүлдү.

Ош-Анжиян: 20 жылдан кийин жанданган каттам

Azattyk.org 

Улуу Британиянын тактыда эң узак отурган ханышасы Елизавета II 8-сентябрда 96 жашында дүйнөдөн кайтты. Быйыл жыл башынан бери балдарга карата жыныстык зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча Кыргызстанда 39 кылмыш иши козголгон. 20 жылдан ашуун токтоп турган Ош-Анжиян автобус каттамы кайра ачылды.



Ош-Анжиян маршруттук каттамы жанданды

Azattyk.org 

9-сентябрдан тарта Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян шаарларынын ортосундагы маршруттук каттам жанданды. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу билдирди. 2019-жылы эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин негизинде Ош- Анжиян каттамы ачылган. Бирок 3-4 ай иштеп пандемияга байланыштуу токтоп калган. Кайрадан жанданган каттам күн сайын жүргүнчүлөрдү ташыйт. Азырынча Ош менен Анжияндан ондон кичи автобус каттап турат деп айтылды.... Читать дальше...

Мигранттар маселеси: элчи менен министрди кызматтан алуу сунушу

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясы жана "Элдик" депутаттык тобу Министрлер кабинетинин миграция тармагындагы ишин канааттандыраарлык эмес деп тапты. Буга байланыштуу депутаттар Эмгек жана миграция министри менен Кыргызстандагы элчисинин кызматка ылайыктуулугун кароо сунушун президентке жолдоду.   Жыйынга катышпаган жетекчилер Орусияда иштеп жүргөн мигранттандардын маселеси 9-сентябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Бул күнү парламенттеги "Альянс" фракциясы менен "Элдик" депутаттык тобунун мүчөлөрү биргелешкен жыйынга чогулду. Читать дальше...

26 жыл мурда Манчестерде болгон жардырууга шектүү кармалды

Azattyk.org 

Улуу Британиянын Бирмингем аэропортунда 1996-жылы Манчестер шаарындагы жардырууга шек саналган адам кармалды. Бул тууралуу Sky News телеканалы Британиянын түндүк-батыш бөлүгүндөгү терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгына шилтеме берип билдирди. Шектүү камакка алынган. Улуу Британиянын Терроризмге каршы башкармалыгы да кол салууга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн бир нече жылдан бери жардыруу боюнча козголгон ишти кайра иликтеп жатканын кабарлады. 1996-жылдын июнь айында Манчестердин борбордук... Читать дальше...

Опера жана балеттин жаңы мууну

Azattyk.org 

"Азаттык+" программасынын чыгармачыл тобу бул сапар Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болду.

ФИФА футболго киргизилбей калган аялдар боюнча Иранга кат жолдоду

Azattyk.org 

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) дисциплинардык комитети Ирандын футбол федерациясына кат жолдоду. Анда ушул жылдын март айында Ирандын түндүк-чыгышында Иран жана Ливандын командаларынын беттешине аялдардын киришине эмне себептен тыюу салынганына түшүндүрмө берүү талабы жазылган. Ирандын бийлиги дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында 29-мартта Ливан менен болгон беттешке аялдарга 2000дей билет берген. Бирок Мешхеддеги Имам Реза стадионуна келген аял күйөрмандар киргизилген эмес. Читать дальше...



Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Жогорку Кеңеш 7-сентябрдагы сессияда саламаттык сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин бир добуштан колдогон.  59 жаштагы Баатырова 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. Өмүр баянында 1986-1988-жылдары Бишкектеги №2 шаардык клиникалык ооруканасында иштегени, 1988-2001-жылдары... Читать дальше...

Акылбек Жапаров Nuctech Company Limited менен кызматташууну талкуулады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Nuctech Company Limited компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жапаров кытайлык инвесторлор менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, пандемияга карабастан соода жүгүртүү жана өлкө экономикасына инвестиция тартууда Кытай алдыңкы орундарды ээлеп келе жатканын кошумчалады. Nuctech Company Limited компаниясынын өкүлдөрү ишкананын жумушу жана экономиканын ар кыл тармактарында... Читать дальше...

10-сентябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

10-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге,  күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 28…33; Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 23…28; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14... Читать дальше...

Депутаттар элчи менен министрди кызматтан алуу боюнча президентке кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин аткарган ишин карап, кызматтан бошотуу сунушу президентке жолдонду. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясы жана "Элдик" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында айтылды. "Элдик" депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев соңку кезде аты аталган жетекчилердин дарегине сын пикирлер арбын болуп жатканын белгиледи. "Ушул эки адамдын жумуш ордун... Читать дальше...

Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Azattyk.org 

Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Талант Мамытов кол койгонун парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. 46 жаштагы Бакытбек Мажитов юридикалык жана экономикалык жогорку билимге ээ, юридика илимдеринин кандидаты. Ал буга чейин Эл аралык университетте, Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын эксперти, Жогорку Кеңештин консультанты, төраганын кеңешчиси кызматын аркалаган. Буга чейин айрым депутатар Жогорку Кеңештин мурдагы аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбековдун ишин сындап... Читать дальше...

Түркия Түркмөнстан жарандарын депортация кылды

Azattyk.org 

Түркмөнстан дагы 300 жаранын Түркиядан алып келди. “Азаттыктын” түркмөн кызматы чартердик каттамдагы 100гө жакын жүргүнчү Түркиядан депортацияланган түркмөн жарандары экенин жазды. “Озоди” радиосунун жеке булагы, Түркиядан кайтарылган түркмөн жарандары акыркы үч айдан бери өлкөнүн Миграция кызматынын Стамбул департаментинин депортациялоо борборунда кармалып турганын айтты. Алар Түркмөнстандын бийлигинин өтүнүчү менен же Түркиянын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депортация болгону белгисиз. Читать дальше...

Миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кайрадан ачылат

Azattyk.org 

Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кайрадан иштей баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясы жана "Элдик" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында эмгек, социалдык өнүртүрүү жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү буйрукка кол коюлуп, аталган орган кийинки аптадан тарта иштей баштайт. "Москвадагы өкүлчүлүк 11 кызматкерден турат. Аны кайрадан түзүү боюнча чечимге эки-үч күн мурда кол коюлду. Читать дальше...

"Чоң-Капка" өткөрмө бекетинин ишине убактылуу чектөө киргизилди

Azattyk.org 

9-сентябрда "Чоң-Капка" өткөрмө бекетинде миграциянын эсебин алуу бирдиктүү системасынын техникалык базасын жаңылоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу, анын ишине убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Көзөмөл өткөрүү жайы жөө адамдар үчүн жана бардык транспорт каражаттары үчүн 19.00дон 21.00гө чейин убактылуу жабылат. Маалыматка ылайык, жарандар Казакстан менен чектеш аймактардагы башка өткөрмө бекеттерден коңшу мамлекетке кирип-чыга алышат. Читать дальше...

Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагына социалдык турак жай курулат

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагындагы көп кабаттуу социалдык турак жай комплекси курула турган жерди демонтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, колониянын имараттарын бузуу, аймагын тазалоо жана курулуш иштерине даярдоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жүргүзүүдө. Акылбек Жапаров 5-10 миң адамдын жашоосуна ылайыкташкан көп батирлүү социалдык... Читать дальше...

Ханыша Елизавета II: тактыдагы 70 жыл

Azattyk.org 

Елизавета II атасы Георг VI өлгөндөн кийин 1952-жылы 6-февралда таажы кийип, монарх статусун алган. Ал өлкөнү 70 жыл башкарып, Британияны көп жыл башкарган монарх катары тарыхта калды. Бул аралыкта өлкөдө 16 премьер-министр алмашкан. Ханышанын өлүмүнөн кийин таажы ханзада Чарльзга өтөт.

ЖК: Миграция маселеси каралган жыйынга келбеген өкмөт өкүлдөрүнө сын айтылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу округдардан шайланган "Элдик" депутаттар тобу жана "Альянс" парламенттик фракциясы миграция маселесин талкуулап жатат. Жыйында депутаттар Министрлер кабинетинин тийиштүү жетекчилери мигранттардын маселесине кайдыгер карайт деп сынга алышты. Мындай нааразылыкка акыркы жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин катышпаганы себеп болду. Депутат Тазабек Икрамов соңку... Читать дальше...


Музыкальные новости
Aerosmith

Суд отклонил иск против солиста Aerosmith Тайлера с обвинениями в насилии





Rss.plus
PR time

Концерт «7 хитов И.С.Баха» в Эрмитажном театре




Правительство боснийских сербов: «Хорошие отношения с Россией – это наш выбор, а не давление Москвы»

Скелет человека обнаружили в лесном массиве в Новой Москве

Замглавы управления по вопросам миграции арестовали в Омской области

Якутянин победил на первенстве России по настольному теннису




Президент Жапаров Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Британиянын Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландиянын Королу Карл III британ ханышасы Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамелекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Жапаров ханыша Елизавета II ар дайым Улуу Британиянын мамлекеттик кызыкчылыктарына кызмат кылуунун жана өз элине камкордук көрүүнүн үлгүсү болуп кала берерин белгилеген. "Улуу даражалуу Королева Елизавета II каза болгондугу тууралуу кабар Кыргыз Республикасында терең кайгыруу менен кабыл алынды. Читать дальше...

Элчиликтен элге кайткан Бекназаровдун дооматы

Azattyk.org 

Үч жылга чукул Малайзияда элчи болуп турган Азимбек Бекназаров эмне себептен кызматтан алынганын чечмелеп, азыркы бийликтин саясатын сындады. Ал августтун башында кызматынан "эки өлкөнүн кызматташтыгын жолго сала алган эмес" деген негизде алынган. "Мени иштетишкен жок, демилгем колдоо таппады" Мурдагы элчи кыргыз-малай кызматташтыгын жандантуу боюнча өкмөткө жыйырмадан ашуун сунуш менен кат жиберип, бирок бирөөнө дагы жооп албаганын билдирди. Анын айтымында, Түштүк-Чыгыш Азиянын рыногуна чыгуу... Читать дальше...

УКМК баңгизаты бар оогандык жүк кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Атайын операциянын жүрүшүндө жалпы салмагы 17 килограмм 192 граммды түзгөн ооган тектүү "чарс" баңгизаты бар жүк кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматта жүк узак мөөнөттүү атайын иш-чаранын жүрүшүндө колго түшкөнү айтылат. "Узак мөөнөттүү атайын иш-чаранын жүрүшүндө Тажикстан - Кыргызстан каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө оор баңгизаттарды - Ооганстанда өндүрүлгөн «чарсты» ташуу менен алектенген эл аралык маңзат тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Читать дальше...

Баткенде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Azattyk.org 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-сентябрда саат 02:29да Баткен облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу аталган институттун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Турмуш, Катраң айылдарында төрт балл, Лейлек, Тогуз-Булак, Маданият айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Өткөн айларда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө Ысык-Көл облусунда... Читать дальше...

"Британ ханышасынын Кыргызстанга кызыгуусу аябай таң калтырган"

Azattyk.org 

Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, Улуу Британиядагы экс-элчи Бактыгүл Каламбекова британ ханышасынын мурасы жана аны менен жолугушуусу тууралуу "Азаттыкка" кеп курду. Азаттык: Елизавета II 96 жашында көз жумду. Ал Британиянын эң узакка тактыда отурган ханышасы болду. Анын Британиядагы, деги эле дүйнөлүк аренадагы ордун, салмагын, мурасын сиз кандай мүнөздөйсүз? Бактыгүл Каламбекова: Бул, албетте, бир эле Улуу Британия үчүн эмес жалпы эл аралык коомчулук үчүн оор жоготуу. Читать дальше...



Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил работников скорой помощи с профессиональным праздником



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Шапка

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

Результаты забега на 5 км на Московском полумарафоне. Аплачкина и Голоктионов установили рекорды соревнований

Московские школьники стали победителями всероссийской олимпиады по математике


Елена Рыбакина

Прямая трансляция матчей Рыбакиной и Путинцевой за выход в 1/8 финала турнира в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Судебные приставы Подмосковья приняли участие в субботнике



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России