Пакистанда нөшөрлөгөн жаандан улам Манчхар көлү толуп баратат
Пакистандын бийлиги өлкө түштүгүндөгү Манчхар көлүнүн айлана-тегерегин сел капташы мүмкүндүгүн эскертти. Маалыматка ылайык, июнь айынан бери утур-утур жаап жаткан, бороон-чапкын менен коштолгон жамгырдан улам көл толуп, ташыганы турат. Расмий жетекчилер 4-сентябрга карата суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашканын билдирди. Синоптиктер Манчхар көлүнүн аймагында жакынкы күндөрдө дагы жаан жаай турганын айтып, Синд провинциясынын эки районунун тургундарын коопсуз жайга жер которууга үндөштү. Читать дальше...