Укук коргоочулар аялдар үчүн "коопсуздук баскычын" ишке киргизүүнү сунуштады
“Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова зордук-зомбулук фактыларына ыкчам чара көрүү максатында аялдар үчүн “коопсуздук баскычын” ишке киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу укук коргоочу "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, ага "Откровение" коомдук уюмунун өкүлдөрү “коопсуздук баскычынын” жардамы менен зордук-зомбулуктун алдын алууга боло турганын айтып кайрылышкан. "Демилгени ишке ашырууга баштапкы каражат бар экенин, мобилдик компаниялар менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтышты. Читать дальше...