Дүйнөлүк банк суу каптоодон жапа чеккен Пакистанга 2 млрд. доллар бөлөт
Дүйнөлүк банк быйыл жаан-чачын менен суу ташкындан олуттуу жапа чеккен Пакистанга эки миллиард доллар бөлүүнү убада кылды. Нөшөрлөп төккөн жаандын айынан өлкөнүн көпчүлүк аймактарын суу каптап, 1600 кишинин өмүрү кыйылды. Исламабаддын суу тартылгандан кийин жабырлануучуларга жардам берүүгө чама-чаркы жетпей калды. 24-сентябрда Дүйнөлүк банктын Түштүк Азия боюнча вице-президенти Мартин Райзер Пакистанга барып келгенден кийин эл аралык каржылык уюм буга чейин шашылыш бөлгөн 850 миллион долларды дагы көбөйтөрүн айтты. Читать дальше...