Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 07.09.2022

Кумтөрдүн келечеги кандай?

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кумтөр боюнча өкмөттөн отчет талап кылууда. Буга чейин өкмөт ири кенде казылган алтын боюнча жакында маалымат берерин убада кылган эле.

“Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоору ишке кирди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоору 6-сентябрда ишке кирди. Анын алкагында өлкө боюнча китепкана жана жаштар борборлорунун базасындагы 70 мекеме онлайн режимде иштейт. Долбоорду ишке киргизүүгө арналган иш-чарада президент Садыр Жапаров санариптештирүү бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк өнүгүүнүн башкы тренди экенин айтты.  “Долбоор калктын бардык катмарларын: биринчи кезекте жаштарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, аялдарды... Читать дальше...

Аскерлердин өлүмү үчүн министрди кызматтан кетирүү талабы айтылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу маселе көтөрүлдү. Жыйында коргоо министри Бактыбек Бекболотовду кызматтан кетирүүнү талабы жаңырды. Эл өкүлү Эмил Токтошев аскерлердин өлүмүнө министр керт башы менен жооп бериши керектигин айтты. "Өткөндө журналисттерге жооп берип жатып "аскерге даярдыгы жок келип өлүп жатышат" деп айтыптыр. Мен бул жообуна түшүнбөй калдым. Бул тарбиялаганды билбесе, реформа кылбаса жумуштан кетиши керек", - деди Токтошев. Буга чейин... Читать дальше...



Албания Иран менен дипломатиялык мамилесин үздү

Azattyk.org 

Албания Иран менен дипломатиялык мамилесин үзүп, бардык ирандык дипломаттарга өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берди. Буга июль айында болгон киберчабуулду иликтөө аяктап, Ирандын “мамлекеттик агрессиясы” деген жыйынтык чыкканы себеп болду. Бул тууралуу 7-сентябрда Албаниянын премьер-министри Эди Рама жарыялап, Ирандын Тиранадагы (Албаниянын борбору) элчилигиндеги дипломатиялык корпустун баарын 24 сааттын ичинде Албаниядан чыгып кетүүгө чакырды. “Өкмөт Иран Ислам Республикасы менен дипломатиялык мамилелерди токтотуу чечимин кабыл алды”... Читать дальше...

Ошто сегиз жашар бала кутурмага шектелип ооруканага түштү

Azattyk.org 

Оштун Араван районунда сегиз жашар бала кутурмага шектелип ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, баланын абалы орточо оор деп бааланууда. Адистердин катышуусунда консилиум өткөн. Анын диагнозу тактала элек, бирок тиешелүү дарылануудан өтүп жатат. Алдын ала маалыматта баланы мышык тытып алганы айтылды. 4-сентябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Сай-Коргон айылынын 72 жаштагы тургуну кутурмадан каза болгон. Читать дальше...

"Коопсуз өлкөдө жашагым келет". Зомбулукка каршы турууга үндөгөн акция

Azattyk.org 

Нарында активисттер Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон өспүрүм кыздын окуясынан улам "Коопсуз өлкөдө жашагым келет!" деген ураан менен акцияга чыгышты. Алар коомчулукту балдарга карата зордук-зомбулукка каршы турууга үндөп, кол топтошту. Жарандык коом, укук коргоочулар кылмышка барган адамга катаал чара көрүлүшү керектигин, зомбулук, кылмыштуулуктун себептерин аныктап, маселенин тамырына көңүл буруу зарылдыгын айтып жатышат. Нарындык активисттердин аракети Баткендеги үрөй учурган окуяга... Читать дальше...

Кумтөр: парламент менен оппозиция отчет сурады

Azattyk.org 

Жайкы каникулдан кийин 7-сентябрда алгачкы отурумга чогулган Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөр кени боюнча өкмөттүн отчетун угуу демилгесин көтөрдү. Ушул эле күнү оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" да президенттен Кумтөр кени боюнча толук маалымат берүүнү талап кылган билдирүүсүн жарыялады. Депутаттарды Кумтөр кени боюнча канадалык компания менен түзүлгөн келишимдин мазмуну, кенди башкарып келген Тенгиз Бөлтүрүктүн аткарган милдети жана ишканадагы финансылык мыйзам бузууларды аныктаган Эсеп палатасынын текшерүүсү кызыктырууда. Читать дальше...

Венгрия ЕБден Усмановду санкциялык тизмеден чыгарууну өтүндү

Azattyk.org 

Венгрия Европа биримдигинен (ЕБ) санкциялык тизмеден орусиялык бизнесмендер Алишер Усмановду, Петр Авенди жана Виктор Рашниковду чыгарууну өтүндү. Бул тууралуу Politico басылмасы кабарлады. Расмий Будапешт бул өтүнүчү орундалса, Орусияга киргизилген санкцияларды узартууга каршы болбой турганын билдирди. Евробиримдикте Москвага каршы киргизилген санкцияларды узартуу же узартпоо боюнча чечим кабыл алуу үчүн 15-сентябрга чейин убакыт бар. Санкциялык тизме Евробиримдик мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн макулдугу менен кабыл алынат. Читать дальше...



Ноокен: алты жашар кызды зордуктоого айыпталган адам өмүр бою кесилди

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту 6-сентябрда алты жашар кызды зордуктаган деп айыпталган жаранга карата өкүм чыгарды. Райондук соттун маалыматына караганда, 28 жаштагы адам күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Тергөөнүн маалыматтарына караганда, ал 2022-жылдын 26-майында кызды мектептен келе жатканда үйүнө алып кирип зордуктаган. Облустук ички иштер башкармалыгы факты Ноокен райондук милициясында каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп... Читать дальше...

Казакстанда Биринчи президенттин күнү майрамдардын тизмесинен алынды

Azattyk.org 

7-сентябрда Казакстандын Мажилисинин депутаттары “Майрамдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жактырды. Ага ылайык, 1-декабрда белгиленип келген Биринчи президенттин күнү майрамдардын тизмесинен чыгарылды. Биринчи президенттин күнү эми “коомдук маанидеги дата” катары калат. Мындан тышкары парламенттин жыйынында 25-октябрь - Республика күнү калыбына келтирилип, ага улуттук майрам макамы берилди. Ал эми 16-декабрь - Эгемендик майрамы болуп калды. 2011-жылдын 10-декабрында парламент “Майрамдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип... Читать дальше...

Акыйкатчы Абдрахматова кызын белгисиз бирөө аңдыганын билдирди

Azattyk.org 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мектепте окуган кызын белгисиз бирөө аңдыганын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бейтааныш киши кызынын артынан жүрүп, анын үйүнүн кире беришине (подъезд) чейин барган. Акыйкатчы буга байланыштуу милицияга арыз менен кайрылган. "Бейтааныш киши анын артынан подъездге чейин барыптыр. Өзүм Варшавада жүрүп, Кыргызстандагы тааныштар аркылуу милицияга кайрылдым. Кызым "апа, мен юбкачан болчумун, юбкачан жүрүү жаман болуп калды беле?" деп айтты", - деди ал. ... Читать дальше...

Алишердин өлүмү: кылмышты иликтөө кайра токтотулду

Azattyk.org 

Он беш жыл мурун киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин иликтөө кайра токтотулду.  Акыйкатчынын кеңсеси мунун себебин териштире турган болду. Маркумдун жакындары Саиповдун өлүмүнүн бетин ачууга кызыкдар эмес күчтөр бар деп күмөн санап жатышат. Медиа коомчулук бул жагдай Кыргызстандагы сөз эркиндигине кедергисин тийгизиши мүмкүн деп кабатыр. Алишердин апасы Зайнапхан Саипова августтун этегинде “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесине келип, уулун эскерип маек куруп... Читать дальше...

ЖК министр кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 7-сентябрдагы сессияда саламаттык сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин бир добуштан колдоду. Талкуу маалында депутаттар бул тармакта башталган реформалар, дары-дармек менен камсыз кылуу жана анын баасы, тез жардам кызматы, кадрларды даярдоо, гемодиализ, орган алмаштыргандарга байланыштуу маселе көтөрүштү. Депутат Адахан Мадумаров Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагы оорулардын алдын албай, кызмат көрсөтүү менен алек болуп калганын айтты. Дары мафиясы, ооруну... Читать дальше...

Мээрбек Мискенбаев блогер Жекшеналиевдин иши боюнча сурак берди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев камакта отурган блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча Ички иштер министрлигине суракка барганын "Азаттыкка" билдирди. Ал бир нече жылдан бери Жекшеналиев менен тааныш экенин, сурак учурунда блогердин иши тууралуу суроолор берилгенин айтты. "Мен сотко келгенден кийин ИИМдин өкүлдөрү келип, мага чакыруу кагазын беришип, Башкы тергөө башкармалыгына алып барышты. Ырыскелди Жекшеналиев тууралуу сурашты, анткени мен аны бир нече жылдан бери билем. Читать дальше...

Нарын: активисттер өспүрүм кыздын өлүмүнө байланыштуу митинг өткөрүштү

Azattyk.org 

Баткендеги өспүрүм кыздын өлүмүнө байланыштуу тынч митинг бүгүн, 7-сентябрда Нарын шаарында болду. Жарандык активист Элмира Ниязбекова баштаган топ, калаанын борбордук аянтында “мен коопсуз өлкөдө жашагым келет”, “балдар - биздин келечегибиз, аял үйдүн куту” деп жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан. Алар көчөдөн өтүп бара жаткан тургундарга кайрылып, кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы турууга үндөп, кол топтошту. “Бир сааттын ичинде 100гө жакын киши келип, бизге тилектештигин билдиришти. Бул өнөктүк дагы эки күнгө созулат. Читать дальше...

Аба ырайы: Чүй, Нарын аймактарында өткүн өтөт

Azattyk.org 

7-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 28…33; Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 27…32; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20... Читать дальше...

Депутаттар курултайдын мыйзамдуулугу жөнүндө маселе көтөрүштү

Azattyk.org 

Бүгүн 7-сентябрда Жогорку Кеңеште курултай маселеси көтөрүлүп, айрым депутаттар бул иш-чара президенттин жарлыгы менен чакырылып жатышын мыйзамсыз деп аташты. Депутат Адахан Мадумаров мындай пикирин парламенттин алсыздыгы менен байланыштырып, мурда он күн ичинде бекитилип келген регламент бул жолу тогуз айдан бери кабыл алынбай жатканын сындады жана бул үчүн депутаттар өзүлөрү күнөөлүү деген оюн айтты: “Мыйзамсыз курултай чакырылды. Эмне үчүн? Себеби Жогорку Кеңешти көзгө илбегени үчүн. “Жогорку Кеңеш СМС менен жазып койсоң... Читать дальше...

Өспүрүм кыздын өлүмүнө шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралды

Azattyk.org 

Кадамжай райондук соту Халмион айыл аймагында 14 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип кармалган үч жарандын баш коргоо чарасы карап, эки айга (5-ноябрга чейин) камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады. 4-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын облустук милиция билдирген. Алдын ала маалыматтарда, кыздын колу аркасына жип менен байланып, мойнунан жип менен муунтулган абалда табылган. Читать дальше...

Алишер Саиповдун апасы: "Уулумдун аты өчпөйт"

Azattyk.org 

Журналист Алишер Саиповдун киши колдуу болгонуна быйыл октябрда 15 жыл толот. Ушул күнгө чейин аны өлтүргөндөр же бул кылмышка буйрук бергендер табыла элек. Алишер көз жумганда артында калган эки айлык кызы 15 жашка толду. Маркумдун апасын, инисин жана кызын кепке тарттык.


Музыкальные новости
Булат Окуджава

В МХТ имени Чехова 8 и 9 мая пройдет концерт с песнями Булата Окуджавы





Rss.plus
Алексей Сёмин

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии




Москва повторно выиграла гран-при национальной премии "Умный город"

Подмосковные энергетики перейдут на усиленный режим работы в мае

Проекты из Ленинградской области победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023

В Москве суд арестовал 12-го фигуранта дела о теракте в Подмосковье




Келиндин өлүмү: үч инспекторго иш козголду

Azattyk.org 

Таласта былтыр декабрдын аягында күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан келиндин өлүмүнө байланыштуу дагы төрт кишиге кылмыш иши козголду. Талас шаардык прокуратурасы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан келиндин өлүмүнө байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын үч инспекторуна жана алардын биринин жубайына кылмыш иши козгоп, аларга “жардам көрсөтпөй койгон” деген айып такты. Облустук милициянын басма сөз катчысы Динара Сарногоева "Азаттыкка" ырастагандай, аларга кылмыш иши 10-августта козголгон. Читать дальше...

Таласта чек ара тилкесинде маселе жаралышы мүмкүн экени белгиленди

Azattyk.org 

Таласта кыргыз-казак чек ара тилкесинде маселе жаралышы ыктымал болуп жатканын бүгүн 7-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Марат Мураталиев билдирди. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) тез арада тапшырма берүү керек экенин эскертти: “Плотинадан чыккан Талас дарыясынын нугу менен казактардын азыр жээк бекемдөө дамбасы кетип баратат. Ошол жерде дарыя үч жерде кооптуу болуп кайрылып кеткен экен – 100 гектардай жер кетип калуу коркунучунда турат. Биздин облус жетекчилери эптеп жабышыптыр нугун. Читать дальше...

Депутаттар Кумтөр боюнча отчет талап кылышты

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кени Кыргызстандын башкаруусуна өткөндөн берки абал боюнча маселе бүгүн 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү. Депутат Шайлообек Атазов Министрлер кабинети парламентте буга байланыштуу отчет бериши керектигин белгилеп, ага ишкананын мурдагы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү да чакыруу зарылдыгын айтты. Депутат Исхак Масалиев президент Садыр Жапаров июлда Кумтөр боюнча отчет берерин убада кылганын эскертти: “Эмне болгонун, кандай болгонун, канча пайда көрдүк, канча зыян тарттык, баарын билишибиз керек. Читать дальше...

Педофилдерге өлүм жазасы тууралуу сунуш парламентте талаш жаратты (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы отурумунда бир катар депутаттар Кадамжайда мектеп окуучусу зомбулуктан каза болгон окуяга байланыштуу пикирин билдирип, балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн педофилдердин жазасын катуулатуу керектигин айтышты. Депутат Ырысбек Атажанов Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилигин парламенттин жыйынына чакырып, алардан Кадамжайдагы окуя боюнча маалымат алууну сунуш кылды: “Бул улуттук трагедия болуп жатат. Бир эле жолу эмес, жылда болууда. Бүгүн сөзсүз укук тартибин... Читать дальше...

Оппозиция Кумтөр боюнча билдирүү жасады

Azattyk.org 

Оппозициялык «Бириккен демократиялык кыймыл» (БДК) Кумтөр маселеси боюнча кезектеги билдирүүсүн жарыялады. 7-сентябрда чыккан билдирүүдө «бийлик жоопкерчиликтен качып жатат” деген пикир айтылып, президент Садыр Жапаровго «Кумтөрдүн алтыны жана андан түшкөн миллиарддар боюнча элдин, коомдун алдында качан жооп бересиз?” деген суроо коюлду. “Швейцария Кыргызстандан сатып алган алтындын 1 млрд 210 млн доллары каякка сарпталды? Расмий билдирүүлөр боюнча Британия (4 тонна) менен Швейцарияга (1 тонна)... Читать дальше...

Бардык мечиттерде зомбулукка каршы баяндар окулат

Azattyk.org 

Кыргызстандын бардык мечиттеринде адеп-ахлак жана зордук-зомбулукту алдын алуу маселесине арналган баяндар окуларын 6-сентябрда Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди. Муфтияттын сайтына жарыяланган маалыматта буга Баткендеги 14 жаштагы кыздын өлүмү себеп болгону белгиленди: “Баткен облусунун Кадамжай районунда өспүрүм кыздын мыкаачылык менен өмүрүнүн кыйылышы боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө аймагындагы мечиттерде бешим жана шам намазынан кийин балдардын тарбиясы, ыйман жана адеп-ахлак... Читать дальше...



Москва

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

Тимати высмеял Джигана: "Не собьется, будет уже круто"




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Андрей Мидловец выиграл якутский финал на первенстве России

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники

В Московской области прошел чемпионат Центрального округа Росгвардии по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Елена Рыбакина

Елена Рыбакина рассказала о проблемах на турнире в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

«Война миров: Сибирь»: что мы знаем о новой российской игре



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России