Британ ханышасы Елизавета II дүйнө салды
Улуу Британиянын эң узак тактыда отурган ханышасы Елизавета II 96 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын уулу, ханзаада Чарльз Британиянын жаңы падышасы болуп калды. Расмий маалыматка ылайык, британ ханышасы 8-сентябрда түштөн кийин Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында көз жумду. Мунун алдында Букингем сарайынын басма сөз кызматы ханышанын саламаттыгы начарлап, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин билдирген. Аны улай Балморал сарайына падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү барган. Ханышанын ордун баскан уулу... Читать дальше...