Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 21.09.2022

Германияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруу боюнча макулдашууга кол коюлду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Германиянын Федералдык ишке орноштуруу агенттиги кыргызстандыктарды ишке орноштуруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол койду. Документке министр Кудайберген Базарбаев жана агенттигинин эл аралык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Михаэль ван де Каммен кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Федералдык агенттиктин делегациясы Билим берүү жана илим министрлигинин, Соода-өнөр жай палатасынын... Читать дальше...

Алимбаев кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү биргелешип иштеп жатканын билдирди

Azattyk.org 

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарында кечки саат 21:45ке карата кырдаал тынч экенин президенттин облустагы өкүлү Абикарим Алимбаев билдирди. Ал чек арада атышууга жол бербөө, тынчтыкты сактоо үчүн кошуна өлкөдөгү кесиптештери менен биргелешип иштеп жатышканын кошумчалады. Президенттин өкүлү жарандарды такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. "Бардык маалыматтарды биз тактап жатабыз", - деди Алимбаев. Мурдараак кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу Алимбаев... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда качкан үч келин көз жарды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин 21-сентябрдагы маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда эвакуацияланган үч келин көз жарды. Кадамжай райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Мирлан Эназаров учурда энелердин жана ымыркайлардын саламаттыгы жакшы экенин билдирди. Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуудан Кыргызстанда 59 адам мерт кеткени расмий кабарланды. 200дөй адам түрдүү жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды. Алардын... Читать дальше...



Баткендин Достук айылындагы жагдай

Azattyk.org 

Чек арадагы куралдуу жаңжалда Баткен районунун Достук айылы дээрлик толук кыйрап калган. Коопсуз жайларга качкан элдин документтери бекер калыбына келтирилмей болду. Чек ара жаңжалында жаракат алгандардын саны 200гө чукулдады. Алардын теңи - аскерлер. Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу убактылуу токтоп турат. Алардын 53ү эвакуациялоо пунктуна айланган. Окуу качан жанданары белгисиз. Орусияда президент Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады.

Чек ара чатагы: Баткен жана Согд облустарынын жетекчилери жолугушууда

Azattyk.org 

Ушул тапта кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу Баткен (Кыргызстан) жана Согд (Тажикстан) облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев жана Ражоббой Ахмадзоданын жолугушуусу өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, ага күч структураларынын жетекчилери дагы катышууда. Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы Баткенде абал тынч экенин, ок атышуу катталбаганын кабарлап, элди такталбаган маалыматка ишенип, дүрбөлөң салбоого чакырган. Читать дальше...

"Армияга албай койгонуна карабай кеткен". Баяман менен Асатбек акыркы жайга узады

Azattyk.org 

Баткендеги чек ара жаңжалынан Ала-Бука районунда туулган 27 жана 19 жаштагы Баяман менен Асатбектин өмүрү кыйылды. Үйдүн кенжеси, 27 жаштагы Баямандын артында кош бойлуу келинчеги калды. Алардын сөөктөрү туулган айылдарында жерге берилди.

Чек арадагы куралдуу кагылышка аралашкан "кара кийимчендер"

Azattyk.org 

Кыргызстандын бийлиги соңку чек ара жаңжалында "тажик аскерлеринин катарында террордук уюмдардын мүчөлөрү болушу мүмкүн" экенин билдирди. Соңку куралдуу чек ара кармашында тажик тарапта “террордук уюмдардын мүчөлөрү катышканы мүмкүн экенин” алгач Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 19-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Ал буга куралдуу жаңжал учурунда тартылган видео тасмаларды далил келтирди. Коопсуздук кеңешинин катчысынын айтымында, жаңжалга катышкан куралчан адамдардын... Читать дальше...

Ирандагы нааразылык акцияларында кеминде беш адам өлдү

Azattyk.org 

Иранда укук коргоочу Махса Амининин абактагы өлүмүнөн кийин башталган нааразылык акцияларда кеминде беш адам өлдү. Бийлик мунун үчөө нааразылыкка чыккандар экенин тактады, укук коргоо уюмдары башка жерде дагы бир демонстрант каза болгонун кабарлады. Мунун алдында полициянын бир жардамчысы каза болгону маалымдалган. Нааразылык акциялары өлкөнүн бир нече аймагында тутанган. Амининин укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө тилектештигин билдирген кыз-келиндер чачын кескен, жоолугун чечкен видеолорун Интернеттеги... Читать дальше...



Чек ара ортомчуларсыз чечилбейби?

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан "Тажикстандын аракеттерин өлкө бүтүндүгүнө кол салуу" деп атап, кыргыз-тажик чек ара кагылышын жөнгө салуу үчүн БУУ, ЕККУ, ЖККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын ортомчулугуна даяр экенин билдирди. Тажикстандын тышкы саясат мекемеси "кыргыз тарап кырдаалды курчутуп, чагымчылдыкка жол берип жатат" деген билдирүү таратты. Ал арада Баткендеги куралдуу кол салуунун себептери менен кесепеттерин иликтөө боюнча эл аралык комиссия чакыруу маселеси күн тартибине чыкты. Читать дальше...

Чек арада окко учкан Рамазан

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда окко учкан көзгө атаар снайперчи Рамазан Бактияр уулунун сөөгү 20-сентябрда Манас районунун Үч-Коргон айылында жерге берилди. Жоокердин ай-талаада атышып жаткан учуру видеого тартылып калган.

Чек ара кызматы Баткен облусунда ок атылганы тууралуу маалыматты четке какты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта "саат 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда, Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылганы" айтылат. Аталган мекеме 21-сентябрь, саат 19.00гө карата мамлекеттик чек... Читать дальше...

Жалын чулгаган Достук, жарактан чыккан жаңы үйлөр

Azattyk.org 

Баткенде 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууда чек арага жакын айылдагы турак жайлардын дээрлик баары өрттөлүп, талкаланганы маалым болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала эсеп боюнча талкаланган үйлөрдүн саны 365 экенин билдирди.

Вилли Брандт тууралуу китеп кыргыз тилине которулду

Azattyk.org 

21-сентябрда Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде “Вилли Брандт. Тандалма сөздөр жана макалалар” китебинин бет ачары өттү. Эмгек "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун "Өрнөктүү өмүрлөр" сериясынын алкагында жарык көргөн. Бул эмгекте Германиянын төртүнчү федералдык канцлери, мамлекеттик ишмер Вилли Брандттын саясий өмүр жолундагы көп жылдык тажрыйбасы, Германиянын социал-декмократиялык партиясынын 1848-жылдан берки басып өткөн жолу, партиянын түйшүгү, ошондой эле мамлекеттик идеялары үчүн болгон күрөш чагылдырган. Читать дальше...

Кыргызстан Тажикстанды кырдаалды курчутпоого чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, чек арадагы кырдаал боюнча чагымчыл жана жалган маалыматтарды таратуу менен кырдаалды курчутпоого чакырды. Шаршембиде таратылган билдирүүдө, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин "чек ара аймактарында кыргыз тараптын күчтөрү жүргөнү, учкучсуз учактар менен аба мейкиндигин бузуп жатканы" тууралуу божомолдору чындыкка дал келбей турганын айтылат. Ошондой эле эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары кол койгон... Читать дальше...

Казакстан: Кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленди

Azattyk.org 

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленди. 21-сентябрда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин тийиштүү жарлыгы менен кошо кайрылуусун жарыяланды. Анда Токаев мамлекет башчысы катары шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүгө кепилдик берерин айтып, өнөктүк калыс, ачык жана жергиликтүү, эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусунда өтөрүн белгиледи. 1-сентябрда парламентте сүйлөп жатып Токаев президенттик мөөнөттү кайра шайлануу укугусуз жети жыл деп чектөөнү сунуштаган. 17-сентябрда Казакстанда Конституция өзгөртүлүп... Читать дальше...

Баткенге жардам катары 225 миллион сомдон ашуун каражат чогулду

Azattyk.org 

Каржы министрлигинин 21-сентябрь, саат 15:00гө карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 225 миллион 142 миң 744 сом түштү. Буга чейин каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке элден чогулган каражат азырынча сарптала электигин айткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала эсеп боюнча талкаланган үйлөрдүн саны 365 экенин билдирди. Читать дальше...

Кыргызстанда кыргыз-түрк коргонуу ишканасын түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагына биргелешкен кыргыз-түрк коргонуу ишканасын түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул маселе 19-сентябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын президентине караштуу Коргоо өнөр жай агенттигинин президенти Исмаил Демир менен жолугушкан учурда сөз болгон. Бул маалымат элчиликтин расмий сайтында жарыяланды.  Элчиликтин басма сөз кызматы да "Азаттыкка" ырастап, тараптар эки өлкө ортосундагы коргонуу багытында кызматташтык маселелерин сүйлөшкөнүн билдирди. Читать дальше...

Четтеги мекендештер Баткенге жардам чогултууда

Azattyk.org 

Дүйнөнүн төрт бурчунда жашаган кыргызстандыктар Баткендеги куралдуу чек ара жаңжалында жабыркагандарга жана жоокерлерге кол суна баштады. Түркия, АКШ, Германия жана Орусиядагы мекендештер акча чогултуп, айрымдары аскердик жабдыктарды алып жөнөтүүдө. Түркиянын Анталия шаарында түптөлгөн "Кыргыз айымдар" коомунун мүчөлөрү 17-сентябрдан бери кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда жабыркагандар үчүн материалдык жардам чогулта баштады. Коомдун жетекчиси Периза Асанаалиева өзү Бишкекке барып, атайын... Читать дальше...

Чек арадагы куралдуу жаңжалда жоголгон документтер бекер калыбына келтирилет

Azattyk.org 

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда күйүп кеткен, жоголгон документтерди калыбына келтирүү иштеринин жадыбалы түзүлдү. Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандардын документтери акысыз калыбына келтире турганын 21-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, Калкты тейлөө борборунун, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жана Баткен, Кадамжай райондорунун Калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган мобилдик топ айылдарга барып, 1-октябрга чейин тактоо иштерин жүргүзө баштайт. Кыргызстандын... Читать дальше...


Музыкальные новости
НОПРИЗ

Удмуртский проект победил в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023





Rss.plus
Сергей Трофимов

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ




Жители Подмосковья смогут зарегистрировать дачи в праздники

Ольга Любимова прибыла с рабочим визитом в Королевство Таиланд

США впервые за 40 лет возобновили производство ядерных боеголовок

В московском парке нашли тело мужчины




Сот Туйгунаалы Абдраимовду күнөөлүү деп тапты жана айыппул салды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Кылмыш жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен күнөөлүү деп табылып, 2 миллион сом айыппул салынды. Мындай өкүмдү 21-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганы расмий кабарланды. Маалыматты Абдраимовдун адвокаты Самарбек Болотбеков "Азаттыкка" ырастады. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Абдраимовду быйыл 30-апрелде кармаган. Ал "БШКны жетектеп турган учурунда... Читать дальше...

Иранда укук коргоочунун өлүмүнөн кийин каршылык акциялар тутанды

Azattyk.org 

Иранда укук коргоочу Махса Амининин абактагы өлүмүнөн кийин башталган нааразылык акцияларда кеминде төрт полиция кызматкери жараат алып, алардын бир жардамчысы каза болду. Нааразылык акциялары өлкөнүн бир нече аймагында тутанган. Амининин укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө тилектештигин билдирген кыз-келиндер чачын кескен, жоолугун чечкен видеолорун Интернеттеги социалдык түйүндөргө жайгаштырып жатышат. 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап... Читать дальше...

Жапон элчиси Маэда Сигекинин Кыргызстандагы миссиясы аяктады

Azattyk.org 

Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигекинин дипломатиялык миссиясынын аяктады. Буга байланыштуу аны 21-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, Жапония Кыргызстанды өнүктүрүү жаатында мындан ары да колдоо көрсөтө берери талкууланды. Элчи Жапонияга кыргыз балын жеткирүү көлөмү көбөйүп, ага кызыгуу артып жатканын белгиледи. Ошондой эле Жапониянын IT-компаниялары тарабынан Кыргызстанга инвестиция тартууга көмөктөшүү... Читать дальше...

22-сентябрда Ысык-Көлдө, Нарында жана Чүйдө өткүн өтөт

Azattyk.org 

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31, Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26, Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26... Читать дальше...

Акыйкатчынын кеңсеси чек арадагы жаңжалда адам укуктары бузулган учурларды каттап жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Акыйкатчысынын кеңсеси кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан адам укуктары бузулган учурларды каттоого алууда. Баткен облусунда чек арада жайгашкан райондордон жана Оштун Чоң-Алай районунда аткылоого байланыштуу аргасыздан коопсуз жакка көчкөн жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына байланыштуу омбудсмендин орунбасары Альберт Колопов баштаган адистер мониторинг жүргүзүп жатат. Чек арада ондогон адамдын өмүрүн кыйган каргашада жабыркагандар 115 ыкчам байланыш... Читать дальше...

Ак-Сай: жакынын жоготкон тургундар

Azattyk.org 

Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн. Көк-Таш - Тамдык жолундагы 36 метрлик көпүрө жардырылган. Кандуу кагылышта чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр - 140 миңден ашкан жаран, азырынча үйлөрүнө кайта элек.



Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Лоза

«Это теперь не россияне»: Юрий Лоза прокомментировал намерение Хаматовой вернуться




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


WTA

Как Рыбакиной стать второй ракеткой мира: расклад от WTA



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Гинеколог объяснила, как будут оценивать репродуктивное здоровье россиян



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России