Самарканддагы саммитке туш келген чек ара чыры
14-сентябрдын түнү кыргыз-тажик чек арасында тынч өттү. 15-сентябрда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды. Куралдуу жаңжал Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталып жаткан маалга туш келди. Кыргыз-тажик чек ара чырында эвакуацияланган тургундар үй-жайына кайтып жатат. Булак-Башыдагы атылган снаряддан тутанган өрттөн 200 гектардан ашуун аймактагы жайыт менен арча-бадал күйүп кетти. Камчыбек Ташиев Баткенде облус жетекчилери жана күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Читать дальше...