Дүйнө чемпионатында балбан Амантур Исмаилов коло байге алды
Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов коло байге алды. 12-сентябрда кыргызстандык балбан грузиялык атаандашы Жони Хецурианини 17:8 менен мөөнөтүнөн мурда утту. 24 жаштагы Амантур Исмаилов Азия оюндарынын (2018-жыл) жана Азия чемпионатынын (2021-жыл) коло байгесинин ээси. Быйыл август айында Түркиянын Конья шаарында өткөн V Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медаль тагынган. Ушуну менен Кыргызстандын балбандары Дүйнө чемпионатында эки медаль алды. Читать дальше...