Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 13.09.2022

Нью-Йоркко Борбор Азиянын IT адистери чогулду

Azattyk.org 

Нью-Йоркто «Борбор Азия - санариптик өнүгүүнүн кезектеги багыты» деп аталган IT форум өтүп жатат. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын IT компаниялары катышууда. Форумда Борбор Азияда IT рыногун түзүп, америкалык жана эл аралык рынокко чыгуунун жол-жоболору, тажрыйба алмашуу, рынокко керектүү адистерди окутуу маселелери талкууланды. Электрондук коммерцияны өнүктүрүү аркылуу, аянтчалардын тиркемелерин иштеп чыгуу менен дүйнөлүк онлайн соода базарына кеңири жол ачуу тууралуу баяндамалар жасалды. Читать дальше...

Балбан Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиону болду

Azattyk.org 

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков алтын медаль алды. 13-сентябрда ал грек-рим күрөшүнөн 60 кг. салмакта финалдык таймашта болгариялык балбан Эдмонд Армен Назарянды 11:2 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утту. 12-сентябрда Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалда венгриялык Кристиан Кексеметини (8:0), чейрек финалда АКШ балбаны Илдар Хафизовду (4:0), жарым финалда казакстандык Айдос Султангалини 7:0 менен уткан. Ушуну менен Кыргызстандын... Читать дальше...

Акыйкатчы: зомбулукка кабылган аялдар милицияда кодуланат

Azattyk.org 

Омбудсмен Атыр Абдрахматова 13-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында зомбулукка учурап, милицияга кайрылган аялдар шылдыңдоого кабылып жатканын айтты. Абдрахматова Ички иштер министрлигин бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырды. “Жабыркаган аял, балдарга басмырлоо, шылдыңдоо аракеттери бар. Мисалы, 18 жаштагы кыз өзүнүн бий үйрөткөн агайынан ыдык көргөн. Милицияга кайрылышканда “эмне келдиң” деп өзүн шылдыңдашкан. Азыркы жаштар кыйын, аларды аудиого жаздырып алган”, - деди акыйкатчы. Читать дальше...



Британ ханышасынын тажыясына Путин менен Лукашенко чакырылган жок

Azattyk.org 

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II тажыясына дүйнөнүн булуң-бурчунан 500гө жакын расмий өкүлдөр келет. DPA маалымат агенттиги Уайтхолл сарайындагы жеке булактарына таянып, ханышаны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Орусиянын, Беларустун жана Мьянманын өлкө жетекчилерине чакыруу жөнөтүлбөгөнүн жазды. Ал эми Ирандан элчилердин деңгээлинде гана өкүл болот. Кремлдин басма сөз кызматы өткөн аптада президент Владимир Путиндин ханышанын Лондондо өтө турган тажыясына катышуу планы жок экенин билдирген. Читать дальше...

Министр зоордуктоого шектүүлөр Улуттук гвардиянын офицерлери экенин айтты

Azattyk.org 

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов 13-сентябрда парламенттин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, зордуктоого шек саналган Улуттук гвардиянын жоокерлери жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, шектүүлөр Улуттук гвардиянын офицерлери болгон. “Маалымат боюнча алар отурганда кыз өтүп баратып, чагым болгонбу, иш болуп кетиптир”, - деди министр. Депутат Алишер Эрбаев министрдин эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп бергенин сындап, ар бир аскердин жүрүм-турумуна жоопкер экенин эскертти. Читать дальше...

Бекмурзаев кылмыш иштерин каралоо деп баалады

Azattyk.org 

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге өзүнө карата козголгон кылмыш иштерин “атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп” эсептей турганын билдирди. Ал 13-сентябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, мамлекет башчынын тапшырмасы менен энергетика тармагын реформа жасоого аракет кылып жатканын айтты. “Мунун баары айрым бирөөлөргө жакпагандыктан, кээде кайсы бир таасирдүү адамга бут тосуулар болуп, кээде мунун айынан бир нече адамдын же бир топтун кызыкчылыгы тебеленет тура”, - деп жазды министр. Читать дальше...

Лавров БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн АКШга виза алды

Azattyk.org 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто өтө турган жыйынына катышуу үчүн АКШга виза алды. ТАСС мамлекеттик агенттиги Лавров менен бирге делегациянын курамында дагы 10 адам бар экенин жазды. БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясы 20-сентябрдан 26-сентябрга чейин өтөт. Вашингтон Орусиянын Тышкы иштер министрлигине каршы киргизген санкцияларга байланыштуу Орусиянын делегациясына виза берүү маселеси ушул күнгө чейин бир жаңсыл чечиле элек болчу. Читать дальше...

Энергетика министрине эки кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

13-сентябрда Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш ишин козгогону кабарланды. Министр башкы прокурор ага жеке кызыкчылыгынан улам иш козгоп жатканын билдирүүдө. Башкы прокуратуранын маалымат каражаттары жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Чолпон Абдимомунова кылмыш ишинин чоо-жайын мындайча түшүндүрдү. "2021-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын энергетика министри Д.Бекмурзаев, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып... Читать дальше...



Коргоо министринин жоокерлердин өлүмү жөнүндө маалыматы сынга кабылды

Azattyk.org 

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов аскер өтөп жүрүп каза тапкан Сыргак Сабырбеков жана Элдияр Жайлообековдун өлүмү боюнча парламенттин тармактык комитетинин биргелешкен жыйынында маалымат берди. Бекболотов аскерде чоңсунуу (дедовщина) жок экенин айтып, эки жоокердин өлүмүн турмуштук көйгөйлөрү менен байланыштырды. “Экинчи учурду айтсак, кат калтырып кетет. Анда "кичинекей кезимде атам менен энем ажырашып кеткен, атам зөөкүр киши болгон" дейт. Экинчи катында “прапорщик баланчаев акча талап кылган” деп шашып жазган. Читать дальше...

"Кумтөр" чыры: Тенгиз Бөлтүрүк эки айга камалды

Azattyk.org 

“Кумтөр Голд Компани” ишканасындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк эки айга камалды. Ал өзүнө коюлган айыпты "акылга сыйгыс" деп атап, "Кумтөрдө" коррупциялык схемалар бар экенин, ага өзүнүн тиешеси жоктугун айтты. 15-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын карап, аны 10-ноябрга чейин камакта калтырды. Читать дальше...

"Кумтөр" чыры: Тенгиз Бөлтүрүктүн камалышы талкуу жаратты

Azattyk.org 

Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү кармады. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алтын кенди Кыргызстанга кайтарып алуунун башында тургандардын бири саналган Бөлтүрүктүн камалышы талкууга алынып жатат. Читать дальше...

"Кумтөр" чыры: Тенгиз Бөлтүрүк кармалды

Azattyk.org 

Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулунун кармалганын кабарлады. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гюль Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Буга чейин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ишин текшерүүдө... Читать дальше...

Тенгиз Бөлтүрүк коррупцияга шек саналып камакка алынды

Azattyk.org 

Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулу кармалганын кабарлады. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл   Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Буга чейин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ишин текшерүүдө... Читать дальше...

Саймалуу-Ташты кантип сактап калабыз?

Azattyk.org 

Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш петроглифтерин ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү аракети кайра башталды. Тарыхый корукта 10 миңдеген саймалуу таш бар. Алардын айрымдары омкорулуп, кээ биринде таш бетиндеги жазуулар өчүп баратканын тарыхчылар эскертишет.

"Арбалсаң да бир келесиң, Ала-Тоону бир көргөнү"

Azattyk.org 

Белгилүү обончу, композитор, Кыргыз Эл артисти Сардарбек Жумалиев чыгармачылык сапарындагы кызыктуу учурлары тууралуу “Азаттыкка” сыябан-маек курду. Композитор маекте өзүнүн чыгармачылыгынын урунттуу учурлары, Чоро Кожомжаров башында турган алгачкы кыргыз эстрадалык ансамблинин, атактуу “Бульварым”, “Таң сыры” ырларынын жаралыш таржымалы тууралуу айтып берди.

Си Цзинпиндин сапарынын алдында казак активисттери камалды

Azattyk.org 

Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып, 12-сентябрда Алматыда нааразылыкка чыккандарды полиция кармап кетти. Ушул эле күнү Түркиядагы уйгур диаспораларынын миңдеген өкүлү Кытайдын Стамбулдагы консулдугунун алдына чогулушту.  12-сентябрда Алматы шаарынын тургундары Халида Акытан, Гаухар Курманалиева жана Гүлфия Казыбек Чымкентке автобус менен кетип бараткан жеринен кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Ошол жерден алар өздөрүнө "тынчтык митингин өткөрүү эрежесин бузуу" беренеси менен административдик жаза чегерилгенин билишкен. Читать дальше...

Депутат зомбулуктан улам милиция кызматкерлерин кызматтан алууну сунуштады

Azattyk.org 

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жаштагы Айдай Кочкорованын өлүмүнөн кийин аймактагы участкалык милиция кызматкери, ыкчам топ жана жетекчилиги боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында чечим кабыл алынарын билдирди. Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутат Искендер Матраимов кылмыштын алдын алуу милдетин аткара албаган жетекчилер жоопкерчиликке тартылбаганын кескин сындады. “Кызматтык иликтөөнүн кандай кереги бар? Ошол жерде факты болуп жатса. Читать дальше...

Башкы прокуратура “Кумтөрдөн” 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгенин билдирди

Azattyk.org 

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ишин текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдады. 25-августта Кумтөргө сырттан башкаруу токтотулуп, Тенгиз Бөлтүрүккө отчет берүү буйругу берилген. 23-августта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору... Читать дальше...

Кытай Кыргызстан-Өзбекстан аркылуу Ооганстанга товар ташууда  

Azattyk.org 

Бүгүн, 13-сентябрда жүк ташыган эки контейтер Кытайдан Ошко келип, андан ары темир жол аркылуу Ооганстанга жөнөтүлдү. Эки күндөн кийин Кытайдан Ооганстанга багытталган дагы 10 контейнер жүк чыгат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы маалымдады. Өзбекстандын Ташкент шаарында 8-9-сентябрда Кытайдын логистикалык компанияларынын катышуусу менен Кыргызстан, Өзбекстан, Ооганстан темир жол ишканаларынын жетекчилеринин жолугушуусу өткөн. Анда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан жүк ташуу логистикасын өнүктүрүү маселеси талкууланган. Читать дальше...


Музыкальные новости
The Beatles

«Если прищуриться, мы похожи на The Beatles» // Евгений Цыганов о своей карьере музыканта





Rss.plus
РБК

РБК: педиатра Буянову за фейки про армию России отправили в СИЗО




Фигурист Семененко приступил к тренировкам после травмы

В День Медика пройдет премия в области здоровья The Medical Stars & Beauty Awards

Россию превращают в пародию… Не прекращаются диверсии по негрификации страны

Туляк завоевал серебро Кубка России по бодибилдингу и фитнесу




Токаев Казакстандын борборун кайра Астана деп өзгөртүүнү колдоду

Azattyk.org 

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын атын кайра Астана деп өзгөртүү сунушу Конституциялык мыйзам долбооруна киргизилди. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Руслан Желдибай Фейсбуктагы баракчасына жазды. “Парламенттеги депутаттар тобу борбор калаага Астана деген мурдагы атын кайтаруу сунушун беришкени белгилүү. Бул демилгени президент билет. Депутаттар эл менен болгон жолугушууларда айтылган сунуштарга, референдумдун жүрүшүндө жарандардын көптөгөн кайрылууларына таянышты. Читать дальше...

Сирияда ажал тапкан Сирожиддин Мухтаров ким?

Azattyk.org 

Орусиянын жана Кыргызстандын бир катар маалымат каражаттары 9-сентябрда "Катиба Таухид валь-Жихад" диний уюмунун лидери, кыргызстандык Сирожиддин Мухтаров Сирияда өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты. Анда Орусиянын Сириядагы согушуп жаткан тараптарды элдештирүү борборунун жетекчисинин орун басары, генерал-майор Олег Егоровдун брифингде айтканына шилтеме берилген. Кыргызстандын атайын кызматы маалыматтын чоо-жайын тактап жатканын билдирүүдө. Орусиянын Интерфакс басылмасы Егоровдун 9-сентябрдагы брифингде сүйлөгөн сөзүн жарыялады. Читать дальше...

УКМК: мурдагы КВНчи Жуманалиев тил кат менен бошотулду

Azattyk.org 

“Азия MIX”  КВН командасынын мурдагы мүчөсү Марат Жуманалиев эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады. Атайын кызмат Жуманалиев “алдамчылык” беренесине шектелип жатканын билдирди. Буга чейин Марат Жуманалиев өзүнүн Инстаграмдагы баракчасында тергөө абагынан бошотулганын, түшүнбөстүктөр болуп кеткенин айтып, "териштирдик, бири-бирибизден кечирим сурадык" деген болчу. 9-сентябрда Улуттук... Читать дальше...

Акыйкатчы зомбулук боюнча депутаттар жана ИИМдин өкүлүнө каршы пикирин айтты

Azattyk.org 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова парламенттеги тийиштүү комитеттердин киши колдуу болгон 14 жашар кыздын өлүмү боюнча жыйынында айрым депутаттардын жана Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн пикирлерине каршы чыкты. Ал балдарга карата зомбулукта чоң кишилер гана жоопкер экенин белгиледи. “Балдар өздөрү кылган кылмыштар 1-2 гана болсо, чоңдор тарабынан 30дан ашат. Мен тактоо иретинде айта кетейин, Нурбек Такабаевич балдар өзү күнөөлүү десе, бул жактан кыска кийинет, жүрүм-туруму деп жатышат. Балдарга өзүбүз үлгү болобуз. Читать дальше...

"Дин маданиятынын тарыхы" китебиндеги өксүктөр

Azattyk.org 

Блогдун автору Конституциялык Кеңешменин мүчөсү, Кыргыз билим берүү академиясынын доценти Мурат Иманкуловдун быйыл мектептерде окутулуп жаткан "Дин маданиятынын тарыхы" тууралуу ой-толгоосу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт!   Кыргызстандын Коргоо кеңеши 2014-жылдын 3-февралында өлкөдөгү "радикализм менен экстремизмдин алдын алуу, ошондой эле Кыргызстандын жаш муундарынын диний сабаттуулугун жогорулатуу" максатында 9-класстар үчүн "Дин маданиятынын тарыхы" курсун киргизүү чечимин кабыл алган. Читать дальше...

Орусияда сот Гүлнара Каримованын алты батирин конфискация кылды

Azattyk.org 

Орусиянын соту Өзбекстандын биринчи президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримованын алты батирин конфискация кылды. Бул тууралуу Орусиянын ТАСС мамлекеттик агенттиги билдирди. Өзбекстандын юстиция министринин орун басары Музраф Икрамов кыймылсыз мүлк сатыкка коюлуп, андан түшкөн каражат Ташкент менен Москвага тең бөлүштүрүлөрүн айтты.  2020-жылы Өзбекстандын Юстиция министрлиги Каримованын кылмыш жолу менен табылган жалпы баасы 1,3 миллиард долларды түзгөн активдерин конфискациялоо аракеттери көрүлүп жатканын жарыялаган. Читать дальше...



Москва

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В столице открыт сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Rammstein

Минкульт Калининградской области отказался отменять шоу «Tribute Rammstein»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


Елена Рыбакина

Прямая трансляция матчей Рыбакиной и Путинцевой за выход в 1/8 финала турнира в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Эксперты назвали ТОП 10 моделей авто премиум и бизнес-класса



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России