Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Мигранттар маселеси: депутаттар Думага кайрылууну сунуштады

0
Мигранттар маселеси: депутаттар Думага кайрылууну сунуштады

Орусияда 3-сентябрдан тарта мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылуу эрежеси күчүнө кирет.

Буга байланыштуу кыргызстандык эмгек мигранттары көпчүлүгү мындай эрежеге төп келбей турганын, үч ай сайын чек арадан кирип-чыгып каттоосун жаңылабаса, миграциялык мыйзамды бузганы үчүн жумушунан айрылып, депортация болорун айтып тынчсызданышууда.

Парламентте кыргыз мигранттарынын абалын жеңилдетүү үчүн Мамлекеттик Думага кайрылуу демилгеси көтөрүлдү. Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Жеңилдик бүтүп, мыйзам күчүнө кирет

Орусиянын Федералдык миграция кызматы COVID-19 пандемиясына байланыштуу берилген жеңилдик режими соңуна чыгып, 2018-жылы кабыл алынган миграциялык мыйзамдын талаптары күчүнө кире турганын эскерткен.

Бул жеңилдик мөөнөтү ЕАЭБ уюмундагы Кыргызстан менен Армениянын жарандары үчүн быйыл 3-сентябрда бүтөрү көрсөтүлгөн.

Мыйзам боюнча Орусияда жүрүү мөөнөтү аяктаган мигранттар эмгек келишиминин негизинде жашаган жери боюнча гана каттоого турууга милдеттүү. Аны бузгандарга акчалай айып салынып, өлкөдөн чыгарылып же анын аймагына кайтып келүүгө кайсы бир мөөнөткө чейин тыюу салынат.

Орусиянын Кемеров облусунда иштеген эмгек мигранты Орозбек Кумантаев жаңы күчүнө кирчү миграциялык мыйзамдын талабы көпчүлүк мигранттар үчүн оор экенин, ошондуктан кыргыз бийлиги аны жеңилдетүү боюнча Москва менен сүйлөшүү керектигин айтууда:

"Азыркы маалда жалпы эле Орусияда абдан чоң көйгөйлөр болуп жатат. Мурда бизди кайсы жерде иштесе, мына ошол жердеги юридикалык дарекке каттоого турууга уруксат беришет эле. Азыр эми биринчиден иш жүзүндө жашаган жери боюнча гана дарекке туруу талабы коюлуп жатат. Бул биз үчүн абдан эле оор маселе. Ошондуктан 3-сентябрдан кийин текшерүү күчөсө, анда мигранттардын болбоду дегенде 30% ашууну Кыргызстанга кайта тургандай абалда турабыз. Азыр улам ар бир үч айда чек арага чыгып келүү же жашаган жерине гана каттоого туруу тартиби болуп жатат. Буга эмгек келишими дагы керек экен. Батирин ижарага бергендер мына ошончо адамды каттоого тургузбайт. Кыргыз бийлиги бул көйгөйдү чечпесе, жакында Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалы оорлойт".

2020-жылы коронавируска байланыштуу орус президентинин жарлыгы менен мигранттардын каттоого туруу тартибине жеңилдик берилип, ал 2021-жылы узартылылган. Мөөнөт ЕАЭБ уюмуна кирген Беларус менен Казакстандын жарандары үчүн 23-августка чейин, ал эми Армения менен Кыргызстандын жарандарына 3-сентябрга чейин деп көрсөтүлгөн.

Ошондуктан бул мөөнөт жакындаган сайын Орусиядагы мигранттар Казакстандын чек арасына келип, узун кезекке турууга аргасыз болуп жатышканына даттанышкан.

"Жаңы каттоо тартиби - татаал көйгөй жаратат"

Миграциялык каттоосу бүткөндөр Орусияда 90 күнгө чейин каттоосуз жүрүү укугунан пайдаланып, чек арадан кирип-чыгышы керектиги айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков текшерүүлөр башталса бул чоң социалдык көйгөйгө айланышы мүмкүн экенин белгилеп, өкмөттү бул курч маселени жапа тырмак чечүүгө чакырды.

"Биздин мигранттарга берилген мөөнөт - 3-сентябрдан өтүп кетсе, анда ал жакта аларга чын эле чоң көйгөйлөр жаралчудай болуп турат. Мурда бир жылга 5-6 миң рубль төлөп, бир жылга чейин каттоосун узартып алышчу. Азыр эми биздин мигранттар ар бир үч айда чек арага чыгып, Орусияда жүргөн мөөнөтүн жаңылап турууга же жашаган жери боюнча миграциялык каттоого турууга милдеттүү. Өткөндө ошонун айынан чек арага кирип-чыгабыз деп барган 14 жаран шейит кетти. Мындан ары эмгек келишими бар мигранттар гана каттоого коюлат экен. Биздин миңдеген мигранттардын бардыгы эмгек келишимин түзүп, анан жашаган дареги боюнча миграциялык каттоого тура алышпайт. Бул деги эле мүмкүн эмес. Ошондуктан мындан ары каттоосу аяктаган мигранттар коомдук транспортко чыга албай, такси менен жүрүүгө аргасыз болуп калышы мүмкүн. Бул маселени тезинен чечпесек, мигранттар дагы ыйлашат".

Кыргыз парламенти орус Думасына кайрылат

 

Парламентте Орусиянын Мамлекеттик Думасына кыргыз мигранттарынын абалын жеңилдетүү үчүн анын 2018-жылы кабыл алган миграциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү өтүнүчү менен кайрылуу демилгеси көтөрүлдү.

Депутат Исхак Масалиев мигранттардын чоң агымынын кайтышын алдын алуу үчүн ушундай кадамга баруу керек экенин айтты:

"Биз жолукканда талкуулай турган көп маселе бар. Аны биз жумуш тартиби боюнча кийин айтабыз. Бирок азыр биз ыңгайына карап, Мамлекеттик Думага кайрылуу жасап көрбөйлүбү. Ал жанагы миграциялык мыйзамын кайра карап чыгып, биздин мигранттарга бир аз болсо дагы жеңилдик берсин. Мына ушундай мазмундагы жалпы кайрылууну тездетүү керек".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги миграциялык каттоосу бүткөн кыргыз мигранттарынын абалын жеңилдетүү үчүн Орусиянын тышкы саясат мекемесине нота жиберилгенин билдирди.

Министрликтин консулдук департаментинин биринчи катчысы Гүлбарчын Байымбетова маселени ар тараптуу чечүү боюнча жакында жогорку деңгээлде жолугушуу күтүлүп жатканына токтолду.

"Азыр биздин Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Москвадагы элчи баш болуп Москвада жакында Орусия тарап менен сүйлөшүү болот. Буга чейин элчи өзү тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолуккан. Элчи айым нота түрүндө Орусияга кайрылган. Буюрса, жакында бул маселени чечүү боюнча иш-аракеттер башталат".

Буга чейин кыргыз тарап Орусиянын каттоо тартибин катаалдаштырган 2018-жылы кабыл алынган миграциялык мыйзамы ЕАЭБ уюмуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Келишимдин жумушчу күчүнүн эркин жүрүү шартына каршы келерин билдирген.

Дипломаттардын айтымында, улуттук мыйзамдар эл аралык келишимдин шарттарына каршы келбеши керек.





Губернаторы России
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на должность премьер-министра РФ





Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» и все правительства могут отменить либо собрать все налоги!


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Услугами и сервисами mos.ru москвичи воспользовались 4 миллиарда раз



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

Волочкову спасли на Мальдивах после новости о рождении сына у Вдовина




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России

"Спартак" и "Краснодар" объявили стартовые составы на матч чемпионата России

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет


Арина Соболенко

Соболенко испытала проблемы после снятия Рыбакиной с турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Журналисты узнали, как живут вне России дети Марии Голубкиной и Николая Фоменко



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России