Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Кумтөр: парламент менен оппозиция отчет сурады

0
Кумтөр: парламент менен оппозиция отчет сурады

Жайкы каникулдан кийин 7-сентябрда алгачкы отурумга чогулган Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөр кени боюнча өкмөттүн отчетун угуу демилгесин көтөрдү. Ушул эле күнү оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" да президенттен Кумтөр кени боюнча толук маалымат берүүнү талап кылган билдирүүсүн жарыялады.

Депутаттарды Кумтөр кени боюнча канадалык компания менен түзүлгөн келишимдин мазмуну, кенди башкарып келген Тенгиз Бөлтүрүктүн аткарган милдети жана ишканадагы финансылык мыйзам бузууларды аныктаган Эсеп палатасынын текшерүүсү кызыктырууда. 

Депутат Исхак Масалиев бийлик кен боюнча буга чейин убадалап келген маалыматын парламентке толук кандуу бериши керек деген пикирин билдирди.

"Кумтөр маселеси боюнча президент Садыр Жапаров июль айында толук маалымат берем деген. Бир аз маалымат алдык. Ошондуктан, ушул маселе өтө курч болуп турат. Чын эле депутаттар билишибиз керек. Эмне болгонун, кандай болгонун, кимге бергенин, кимден алганын, канча пайда таптык, канча зыян тарттык - баарын билишибиз керек. Бирок бир нерсени айткым келип турат, ал жерде иш бир гана Бөлтүрүктө эмес. Бөлтүрүк болгону бир кичинекей гана аткаруучу. Ошол келишимге кол койгон "Кыргызалтындын" жетекчиси азыр жетекчи эмес. Ал кишини да чакырыш керек. Катышкан бардык кишилерди чакырып, толук маалымат угушубуз керек". 

Ал эми "Бириккен демократиялык кыймылдын" билдирүүсүндө, "бийлик жоопкерчиликтен качып жатат" деген пикир айтылып, президент Садыр Жапаровго "Кумтөрдүн алтыны жана андан түшкөн миллиарддар боюнча элдин, коомдун алдында качан жооп бересиз?” деген суроо коюлду.

“Швейцария Кыргызстандан сатып алган алтындын 1 млрд. 210 млн. доллары каякка сарпталды? Расмий билдирүүлөр боюнча Британия (4 тонна) менен Швейцарияга (1 тонна) сатылган алтындын баасы 1 тоннасы 57-58 млн. доллар болгон, ошол эле учурда биздин бийлик Кытайга 1 тонна, Тайландга 1 тонна алтынды 36-37 млн. доллардан саткан. Эмне үчүн баада мындай чоң айырма бар жана ал кайда кетти? Швейцариянын өкмөтүнүн ачык порталында алар бизден 19 тонна алтынды 1 млрд. 210 млн. долларга сатып алышканын жазышты. Ошол эле учурда КРнын Улуттук банкы 2022-жылдын 25-августунда билдирүү таратып, Швейцарияга сатылган алтын Күмтөрдүкү эмес экенин, улуттук алтын-валюталык резервдики экенин расмий билдирди. Андай болсо 2021-жылы Күмтөрдө өндүрүлгөн 14,5 тонна алтын кайда?”, - деп айтылды оппозициялык кыймылдын билдирүүсүндө. 

"Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү Улукбек Маматаев бийликтин бири-бирине каршы кыймыл-аракеттери кенден өндүрүлгөн алтындын максаттуу иштетилгендигинен күмөн жаратып жатканын айтып жатат.

“Биздин кайрылуубузда эч кандай асмандан алынган сан жок. Бийлик, президент өзү айткан гана сандарды биз кайра суроо катары берип жатабыз. Ушулар каякта? Эмне себептен Кытай менен Тайландга сатылган алтындын баасы башка, ал эми Европага сатылган алтындын баасы башка баада болуп атат? Эмне үчүн ушулардын айырмасын бизге түшүндүрүп айтып бербей жатасыздар? Сатылган алтындын акчасы кайсы жакка кетти, кайсы жакка иштетилди деген жөнөкөй гана суроолор. Ушул нерсеге өкмөт башчы дагы, президент дагы реакция кылып, жооп берип койсо, азыр коомдо болуп жаткан ажиотаж болбойт эле”. 

Буга чейин, 19-августта "Азаттык" Кыргызстандын алтын экспорту боюнча макала жарыялаган. Анда өлкөнүн 19,2 тонна алтыны кайда сатылганы жана анын кимге таандык экени белгисиз болуп жатканы жазылган болчу. Улуттук банк аталган алтындын мекеменин алтын-валюталык резервине таандык экенин билдирген. 

27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын билдирген. Ал "Кумтөр" баштаган бардык кендердин алтынын "Кыргызалтын" аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында "Кумтөрдөн" таза киреше казынага келип түшөрүн айткан.

2011-жылы Кумтөр кенин иликтеген депутаттык комиссиянын төрайымы Эркингүл Иманкожоева бийликтин Кумтөр ишинде ачык-айкындыкты камсыздабаганы жемкордук тууралуу шекти күчөтүп жатат деген пикирде.

"Мени таң калтырганы ачык-айкындуулук такыр болбой жатат. Бөлтүрүк башканы, мамлекет башканы, президент башканы айтты. Үч башка ой болуп жатат. Эң негизгиси, канча алтын алдык, ошол алтын бюджетке канча акча алып келди, ал кайда кетти, эмнелер сатып алынып, эмнелер курулду, акча кимге түштү – дайынсыз болуп жатпайбы. Бул коррупциялык элементтин эң чоң бир түрү деп эсептейм. Ачык-айкындуулук болбогон жерде коррупция сөзсүз болот".

24-августта "Кумтөр Голд компани" жабык акционердик коомунун жетекчилиги алмаштырылган. Муну менен бирге, 2021-жылдын май айында киргизилген тышкы башкаруу кызматы жоюлуп, анын ордуна ишкананын президенти кызматы кайра кайтарылды. Бир жылдан ашуун тышкы башкаруучу болуп иштеген Тенгиз Бөлтүрүк финансылык мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу деген негизде кызматынан четтетилип, ишкана жетекчилигине Алмаз Барыктабасов дайындалды. 

Кумтөрдөгү финансылык мыйзам бузууларды Эсеп палатасы аныктап, анын негизинде ишти Башкы прокуратура баштаган мекемелер аралык комиссия иликтеп жатканы кабарланган. Мекеменин маалымат катчысы Сирожиддин Камолидинов текшерүүнүн жыйынтыгы чыга электигин билдирди.

"Прокуратура тийиштүү органдарды чакыруу менен текшерип атат. Азырынча текшерүүнүн жыйынтыгы чыга элек, жүргүзүлүүдө".

Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" финансылык мыйзам бузууларга шектелип кызмат ордунан четтеттилгени менен "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси кызматын аткарууну улантууда.

Акылбек Жапаров кызматтан алгандан кийин Бөлтүрүккө Кумтөр кенинде буга чейин аткарылган жумуштар боюнча эки жума ичинде отчет берүү тапшырмасын берген. Анын негизинде Министрлер кабинети Жогорку Кеңеште маалымат берет.





Губернаторы России
Москва

Собянин принял решение увеличить фонд грантов одаренным учащимся школ искусств





Москва

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" расшифровал смысл "ДНК В.И. Ленина".


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы Собянин сообщил об уничтожении беспилотника над Подольском



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

Блондинчик: жена бывшего Волочковой стала мамой во второй раз




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г


WTA

Саснович вышла в основную сетку турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Обучила 24 женщин-снайперов: Кто сидел на параде рядом с Путиным?



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России