Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Бекназаров кызматынан Кумтөр боюнча маегине байланыштуу алынганын айтты

0
Бекназаров кызматынан Кумтөр боюнча маегине байланыштуу алынганын айтты

Саясатчы Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулушуна Кумтөргө байланыштуу маеги себеп болгонун бүгүн, 8-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтты.

Ал иштен алынганы үчүн өлкө жетекчилигине таарынычы жок экенин, алгач элчилик ишине сын айтылган оозеки аныктама кийин аны жумуштан алуу тууралуу расмий жарлыкта көрсөтүлбөгөнүн белгиледи.

Бекназаров Кумтөр маселеси далай адамдын тагдырын чечкенин жана ал «дагы уланарын» белгилеп, «Назарньюска» курган маегинде айткандары ырасталып жатканын айтты:

«Мен азыркы бийликти мактап, колдоп, куттуктагам 2021-жылдын 16-майында «Центеррадан» тартып алып, тышкы башкаруу киргизгенде. Садыр Нуркожоевич чоң саясий эрк көрсөттү деп. Бирок андан кийин эмне кылдык? Өзүбүзгө өзүбүз тескери кылып жатпайбызбы. Миллиарддаган доону “Ормон опуза” деп койдук. Акаевди болсо “Рахмат. Ушунун жардамы менен чечтик” дедик. Акылбек Үсөнбекович “Азаттыкка” берген интервьюсунда “Алар мурда эле кетебиз деп турган. Укуктук маселелер аксап жатат” деди. Анда эмнесине мактанып жатат мойнуна алып жатса? Анда менин критикам туура эле болуп жатат да. Менин кызматтан бошогон – “Назарньюска” берген интервьюм туура чыгып жатат да, азыр мойнуна алып жатат да”.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулганы тууралуу жарлыкка кол койгонун президенттин басма сөз кызматы 5-августта билдирип, "Мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынды" деп белгилеген.

Жогорку Кеңештин депутаты, Баш прокурор, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматтарын аркалап келген Бекназаров Малайзияга элчи болуп 2019-жылдын декабрында дайындалган.

Быйыл 3-августта анын кыргыз өкмөтү Кумтөр кени боюнча жаңы келишимде утулганы тууралуу пикирин билдирген маеги жарыяланган. Анда ал Кыргызстан канадалык "Центерра Голд" компаниясына коррупциялык схемалардан улам күнөө кое албаганын, экологиялык доодон баш тартканын "утулуу" катары сыпаттаган.

2021-жылы май айында канадалык “Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү өз карамагына алган. Ошол эле жылдын апрель айында Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан муну чоң утуш деп баалоодо.

27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн ишкана өзү жана "Кыргызалтын", Улуттук банк керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай эле койсо болорун айткан. (RK)





Губернаторы России
Москва

Собянин: фронтовики и труженики тыла внесли бесценный вклад в защиту Родины





Москва

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" расшифровал смысл "ДНК В.И. Ленина".


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: фронтовики и труженики тыла внесли бесценный вклад в защиту Родины



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джастин Бибер

Когда она родит ребенка Джастину Биберу?




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Елена Рыбакина

Елена Рыбакина напугала болельщиков перед защитой титула



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России