Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

"Британ ханышасынын Кыргызстанга кызыгуусу аябай таң калтырган"

0

Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, Улуу Британиядагы экс-элчи Бактыгүл Каламбекова британ ханышасынын мурасы жана аны менен жолугушуусу тууралуу "Азаттыкка" кеп курду.

Азаттык: Елизавета II 96 жашында көз жумду. Ал Британиянын эң узакка тактыда отурган ханышасы болду. Анын Британиядагы, деги эле дүйнөлүк аренадагы ордун, салмагын, мурасын сиз кандай мүнөздөйсүз?

Бактыгүл Каламбекова: Бул, албетте, бир эле Улуу Британия үчүн эмес жалпы эл аралык коомчулук үчүн оор жоготуу. Елизавета бир гана өзүнүн өлкөсү жана мурда Британ империясынын курамына кирген мамлекеттер шериктештигинин гана эмес, жалпы дүйнөлүк тарыхтын күбөсү катары саясий мурасы өтө бай, өтө чоң.

96 жашка келсе да өз кызматында туруп кетти. Эки күн мурда эле Британиянын он бешинчи өкмөт башчысы Лиз Трассты кабыл алып, ага ак батасын берип кетүүгө үлгүрдү. Буга байланыштуу мен британ элине өзүмдүн атымдан, кесиптештеримдин атынан кайгыруу менен көңүл айтам.

Бул киши тактыга отургандан бери глобалдык, дүйнөлүк масштабда кандай гана ири өзгөрүүлөр болду. Елизавета II эң чоң, эй бай китепканадай болчу.

Азаттык: Сиз 2011-жылы Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси кызматына киришкениңизде Елизавета II менен жолугуп, ага ишеним грамотасын тапшыргансыз. Сизге кандай таасир калтырган? Кыргызстан жөнүндө кандай маалыматы бар эле?

Бактыгүл Каламбекова: Мен 2010-жылдын күзүндө бардым. Британиядагы салт боюнча ханыша жылына эки жолу чет өлкөлүк элчилерди кабыл алат. Ошондуктан ишеним катты 2011-жылдын февраль айында тапшыргам. Протокол боюнча ишеним катты тапшырып, бир аз баарлашканга 15 мүнөт бөлүнөт экен. Бирок менде ханыша менен 35 мүнөт сүйлөшүп отурууга мүмкүнчүлүк болду.

Кирип баратканда ар бир адам толкунданат. Анын алдында мага «өзүңүздүн чоң энеңизге кирип бараткандай эле сезиңиз» деп айтышты. Чын эле чоң энедей мээримдүү, абдан жөнөкөйлүгү менен айырмаланган инсан экен.

Мен ал кабыл алып жаткан 3327-элчи болуптурмун. Бул кишинин тушунда Кошмо Штаттардын 16 президенти алмашыптыр. Канчалаган лидерлерди көрсө да жөнөкөйлүгү менен айырмаланып, мага эле эмес, кичинекей болсо да дүйнөлүк масштабда тааныла баштаган Кыргызстанга сый мамилеси, кызыгуусу аябай таң калтырган.

Ошондой бир аз өзгөчө атмосферада ишеним катты тапшыруу менен мен ал кишинин сөзүн угуу, көзүн көрүү бактысына туш болгом. Кыргызстан жөнүндө кеңири маалыматы бар экен.

Азаттык: Өзүңүз белгилегендей, Елизавета II жетимиш жылдан ашуун тактыда отурган мезгилинде 15 британ премьер-министри менен иштешти. Жүздөгөн дүйнө лидери менен жолугушуп, нечендеген өлкөлөрдү кыдырды. Ал дүйнө лидерлерине эмнеси менен үлгү боло алды?

Бактыгүл Каламбекова: Мен Британияда элчи болуп иштеп жатканымда ханышанын бриллиант юбилейине туш келдим. Ошондо британдыктар гана эмес, шериктештикке кирген мамлекеттердин жарандары да Елизаветага ыраазычылыгын билдирип турушту. Менимче бул киши башка лидерлерге элине, жерине кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөттү. Өзүнүн айтуусу боюнча бул жупуну кызмат болчу.

Азаттык: Елизавета II дүйнөдөгү эң таанымал монарх экени белгилүү. Британияда нечедеген муун андан башка монархты билбейт. Анын уулу Чарльз тактыны эң узакка күткөн ханзаада болду окшойт. Елизавета II дүйнө салган соң британ монархиясынын, деги эле Виндзор үй-бүлөсүнүн бир доору аяктады деп айтса болобу? Британ падышалык үй-бүлөсүн эмне күтөт?

Бактыгүл Каламбекова: Елизавета II көзү өткөндөн кийин Чарльз падыша болду. Конституциялык монархия уланат. Кескин өзгөрүүлөр болот деп күтпөйм. Чарльз төрөлгөндөн бери тактыга мураскер болуп тизмеде биринчи турду. Өзүңөр билгендей падышалык үй-бүлөнүн ар биринин өзүнүн милдеттери болот. Чарльз да өзүнө берилген ыйгарым укуктарынын чегинде ханышанын тапшырмаларын аткарып, монархияга кызмат кылып келди.

Елизавета II дүйнөдөн кайтышы менен Виндзорлордун үй-бүлөсү эки жакка таркап кетет же башка бир нерсе болуп кетет деп айтуудан алысмын. Албетте, Елизавета менен бир доор өттү. Жетимиш жыл башкаруу бул дүйнөлүк тарыхтын жетимиш жылдык бөлүгүнө күбө болуу. Британ ханышасынын саясий мурасы көптөгөн муундарга үлгү боло турган, изилдей турган мурас.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о строительстве трех станций новой Троицкой линии метро





Москва

Бурятский госцирк представил новое руководство: Театр и цирк, Россия и культура, дети


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Московские медики окажут помощь пострадавшим в Белгороде - Собянин



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джиган

Модель Оксана Самойлова и рэпер Джиган снялись в туристическом аббатстве во Франции




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Пензенские регбистки выиграли первенство России

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии

Независимый фантастический триллер из девяностых


WTA

Александрова не смогла обыграть Саснович и покинула турнир WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Передовые идеи. Что известно об Андрее Белоусове



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России