Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Таржымалы талаштуу Рой Азимдин президент менен сүрөтү талкууга түштү

0
Таржымалы талаштуу Рой Азимдин президент менен сүрөтү талкууга түштү

Мурда криминалдык чөйрөдө жүргөн Рой Азим делген бизнесмен менен президент Садыр Жапаровдун чогуу түшкөн сүрөтү коомчулукта талкуу жаратты. Рой Азим кыргызстандыктарга Орозахун Сайдазимов деген ат менен таанымал. Ал 1980-жылдары бир нече кылмышка шектелип, соттолуп, кийин соттуулугу жоюлган. Чуулгандуу сүрөт боюнча президенттин администрациясы комментарий бере элек.

Талаштуу сүрөттүн таржымалы

8-сентябрда Kaktus.Media басылмасы президент Садыр Жапаровдун бизнесмен Рой Азим (Орозахун Сайдазимов) делген жана Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Басылма жеке булактарына таянып, президентти коштоп жүргөн 2021-жылкы Chevrolet Suburban машинесин Азим Рой бериши мүмкүн экенин жазган. 

Ушул айдын башында чопкутталган жолтандабастар коомдо кызуу талкууланып, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев сөз болуп жаткан эки унааны гранттык негизде чет элдик өнөктөштөр белек кылганын 5-сентябрда жарыялаган. 

Азырынча чуулгандуу сүрөт качан, кайдан тартылганын так айтуу мүмкүн эмес. “ПолитКлиниканын” журналисттери сүрөт 2021-жылы тартылды деген тыянакка келишкен. Аны басылманын кабарчысы Чынаргүл Жумабекова мындай деп негиздеди:

“Биз Садыр Жапаровдун сүрөттө кийип турган кийимдерин изилдеп чыктык. Президент ал жерде боксер Алмазбек Раимкулов белекке берген спорттук костюмчан турат. Садыр Жапаров 2021-жылы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен суу жээгинен түшкөн сүрөттө да ушул эле кийимчен турганын көрүүгө болот. Ошондой эле Рой Азим менен түшкөн сүрөттө президент көз айнекчен. Эсиңизде болсо Садыр Жапаров 2021-жылдагы иш-чаралардын көбүнө көз айнекчен келген. Аны маалымат катчысы көзүнө жасалган операция менен түшүндүргөн. Ошондой эле Рой Азим Кыргызстанга 2021-жылы келген деп атабыз. Анткени ушул учурда ИИМдин сыйлыгын алган. Ушундай улам сүрөттүн 2021-жылы тартылганын айтып атабыз", - деди макаланын автору.

Ал арада “МедиаХаб” коомдук фондунун журналисттери сүрөт Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда тартылганын аныктап чыгышты. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаровду коштоп жүргөн кымбат машинелерге Азим Ройдун тиешеси жок экенин билдирди. Бирок ошол эле маалда чуулгандуу сүрөт боюнча комментарий берген жок.

Ал эми сүрөттөгү үч адамдын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев талкууга айланган сүрөттүн таржымалы эсинде жок экенин "Азаттыкка" айтты.

“Жолугушуу каякта болгону эсимде жок. Сүрөттүн каяктан, качан тартылганын билбейм. Жакшылап карап көрөйүн. Сүрөттү сенден биринчи жолу көрүп атам. Президент менен ким жолугуп атканын мен билбейм да, туурабы? Кошо барып ар бир кишинин сөзүн тыңшабайм. Эмне деп сүйлөшөт, кандай ишти сүйлөшөт. Ал кишинин өзүнүн иши бар. Меники өзүнчө. Балким жанында отуруп сүрөткө түшүп калгандырмын. Рой Азимдин өзүн таныбайм. Мурда-кийин ал жөнүндө уккан эмесмин”.

Эске сала кетсек, Акылбек Түмөнбаев - президент Жапаровдун кудасы. Ал Жогорку Кеңешке Ак-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан өтүп келген.

2021-жылы Рой Азим Ички иштер министрлигинин медалы менен сыйланганы жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин А рдак баракчасын алганы белгилүү болду. Эки мекеме тең өтмүшү шек жараткан жаранга көрсөтүлгөн сый-урматтын себебин түшүндүрө элек.

"Бул кишинин өзүн тааныбайт экенмин. Медаль боюнча кабарым жок. Мен жакында эле иш сапардан келдим. Бул боюнча интернеттен окуп атам. Тактап туруп жооп берейин, макулбу?" - деди ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов.

Жарандык активист Атай Бейшенбек чуулгандуу сүрөттүн белгисиз жагдайда интернетке чыгып кеткенин "саясий оюндун башы" деп сыпаттайт.

"Президент өзү кабыл алган адамдар боюнча маалымат берип турса, анда бизде күмөн ойлор жаралбайт эле. Ошол эле учурда сүрөттүн интернетке тарап кетишинде да жөн бар. Ага чейин Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап турган сүрөтү да чыгып кеткен. Муну атайын бирөөлөр таратып жатат. Мунун башкы максаты кандай? Бир саясий оюндун башы деп түшүнсөк болот".

Буга чейин президенттин агасы Сабыр Жапаровдун алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү Инстаграммдагы kg_novosti баракчасы аркылуу тараган. Президент Жапаров "Кабар" маалымат агенттиги менен 8-сентябрда болгон маегинде коомчулукта талкуу жараткан сүрөт тууралуу суроого жооп берип, 2021-жылы Түркияда тартылганын айткан.

Рой Азим деген ким?

Рой Азим (Орозахун Сайдазимов) 1957-жылы Панфилов районундагы Чалдовар айылында туулуп, Кара-Балта шаарындагы мектеп-интернатта билим алган. Ал 1981-жылы ок атуучу курал алып жүрүү, кол салуу, “кызыл кулактык” жана маңзат сактоо боюнча бир катар кылмыштары үчүн жети жылга кесилип, Орусиянын абагында мөөнөтүн өтөгөнү айтылып жүрөт.

Ага чейин ошол учурдагы Министрлер советинин төрагасы Султан Ибраимовдун өлүмүнө шектүү деп кармалып, бирок күнөөсү аныкталган эмес. 1995-жылдары анын соттуулугу жоюлуп, 1998-жылы ага каршы ачылган иштер биротоло жокко чыгарылганы айтылып жүрөт.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, милициянын генералы Өмүрбек Суваналиев Рой Азимдин өтмүшүн жакшы билгендердин бири. Ал аны эки жолу көргөнүн, экөөндө тең кримчөйрөнүн коштоосунда жүргөнүн айтат.

“Рой Азимдин мурдагы аты-жөнү Орозахун Сайдазимов. Анын кылмыштуу жолу 1980-жылдары башталган. Ал досу менен ошол учурдагы Министрлер советинин төрагасы Султан Ибраимовдун өлүмүнө шектүү катары кармалган. Тергөө убагында анын башка кылмыш иштери белгилүү болгон. Жыйынтыгында Ибраимовдун өлүмүнө тиешеси аныкталган эмес. Бирок башка иш боюнча соттолуп, Орусиянын түрмөлөрүндө отуруп чыккан. 1991-жылы Москвадан Ысык-Көлгө 15-20дай криминалга тиешеси бар киши келген. Алар ызы-чуу кылып атканда биз текшергенбиз. Ошондо мен райондук милицияны жетектеп тургам. Аларды ушул Сайдазимов алып келген. Кийин Нарында губернатор болуп турганда Камчы Көлбаев баштаган криминалдар Эки-Нарындын башына боз үй тигип эс алышкан. Муну нарындыктар жакшы билишет. Арасында Рой Азим да бар эле. Ошондо Көлбаев “Мыйзамдагы ууру” деген наам алган болчу. Ошону жууганы чогулушкан. Биз аларды кеткенге мажбур кылганбыз. Алардын арасында 1991-жылы көлгө келген балдар да болчу”.

Суваналиев Рой Азимдин Орусиядагы кылмыштуу топтун анабашчылары, киши колдуу болуп өлгөн “Япончик” аттуу Вячеслав Иваньков жана Дед Хасан деген каймана ат менен белгилүү Аслан Усоян менен да жакшы мамиледе болгонуна да токтолду.

Кылмыш дүйнөсүнө байланыштуу маалыматтарга караганда, Камчы Көлбаев 2008-жылы Москвада Вячеслав Иваньков катышкан жыйында “мыйзамдагы ууру” макамын алган.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Рафик Мамбеталиев буга чейин "Азаттыкка" Рой Азимдин таржымалы тууралуу азыркы укук коргоо органдарында жетиштүү маалымат жок экенин айтып берген:

“Азим Рой деген АКШнын жараны. Ал ошондой ысым менен жарандык алган. Ал эми анын бул жакта аталган чыныгы аты-жөнү башка. Түбү кыргызстандык эле жаран. Ал Панфилов районунун Чалдовар айылынан болот. Кээ бирөөлөргө жардам берип жүрөт. Ыкчам-иликтөө иштерди караган, кечээ генералдык наамды алгандардан сурасаң, бирөө дагы тааныбайт”.

Орозахун Сайдазимов соттуулугу жоюлгандан кийин, 1997-жылы аты-жөнүн Рой Азим деп өзгөртүп, АКШга виза алып кеткен. 2001-жылы виза алып жатканда мурда соттолгонун көрсөтпөгөнү үчүн алдамчылыкка айыпталып, Флорида штатында кармалган. Бирок ал америкалык сотко 75 миң доллар өлчөмүндө күрөө төлөп камактан чыккан. Кийин ага коюлган айып алынган.

Быйыл жыл башында Коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү уюму (OCCRP) ар кайсы өлкөдөгү өнөктөш медиа каражаттары менен жүргүзгөн иликтөөдө Рой Азим АКШда ал каржыны башкаруу боюнча консалтинг жеке фирмасын негиздеп, Флоридадан наркы 1,27 млн. долларлык үй сатып алганы дагы иликтөөдө көрсөтүлгөн.

“Credit Suisse сырлары” долбоорунун иликтөөчү журналисттери швейцариялык Credit Suisse банкында Рой Азимдин эсеби бар экенин аныкташкан. Иликтөөдө Азимдин эсебинде 1997-жылдан 2013-жылга чейин иштегени айтылат. Анын банктагы эсебинде 11,6 млн. доллар сакталган.

Эл аралык иликтөөдө да Рой Азим “Орусия менен Борбор Азиядагы кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар ишкер” экени жана кримтөбөл Камчы Көлбаев менен мамилелеш экени белгиленген.

"Жыл сайын жардам жиберип турат"

2021-жылы жергиликтүү басылмалар жарнамалык негизде Рой Азимдин кайрымдуулук иштерин чагылдырган материал жарыялаган. Рой Беловодскидеги майып балдар интернатын каржылап, өзү туулуп-өскөн Чалдовар айылына материалдык жардам көрсөтүп келгени да жазылган. Алтургай анын ысымы Чалдовардагы бир көчөгө берилип, ага кеткен чыгымды өзү көтөргөнү да айтылат.

Чалдовар айыл карамагына кирген Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Эрназар Нурмухаммедов талкуу жараткан жердеши боюнча буларды айтты:

"Менин кызматке келгениме бир жыл болду. Анын аты бир көчөгө буга чейин берилген. Негизи Рой Азим кембагалдарга жардам берип, ун, эт таратып жүрөт. Өзүн көргөн эмесмин. Бирок анын атынан жардам келип турат. Былтыр да тизме алып кетишип, кийин ар кандай жардам келген. Интернеттен ар кандай маалыматты окуп атабыз. Анын бул жакта кылмыштуу топтору жок. Айылдыктарда андан башка маалымат жок".

Ачык булактарда Рой Азим же Орозахун Сайдазимов Crosspoint компаниялар тобуна жана курулуш тармагында иш алып барган Capital Group деген компанияга ээлик кылары жазылып жүрөт.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

Сергей АРУТЮНОВ на своём сольном концерте в Государственном Кремлёвском Дворце презентовал дуэт с Родионом Газмановым. Артисты вместе исполнили хит “Люси”


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Услугами и сервисами mos.ru москвичи воспользовались 4 миллиарда раз



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Shaman

Shaman спел хит «Я русский» посреди улицы в Рязани




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России


ATP

Хачанов победил Шевченко во втором круге турнира ATP в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Стрежевчане будут искать два бомбардировщика времен ВОВ в Калужской области



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России