Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Энергетика министрине эки кылмыш иши козголду

0
Энергетика министрине эки кылмыш иши козголду

13-сентябрда Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш ишин козгогону кабарланды. Министр башкы прокурор ага жеке кызыкчылыгынан улам иш козгоп жатканын билдирүүдө.

Башкы прокуратуранын маалымат каражаттары жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Чолпон Абдимомунова кылмыш ишинин чоо-жайын мындайча түшүндүрдү.

"2021-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын энергетика министри Д.Бекмурзаев, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджет эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркия Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана Орусия Федерациясына болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилген. Мындан тышкары, министр Д.Бекмурзаев, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Теплые ключи” ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо БГС ЖЧКга жалпысынан 15 млн. сомдон ашык зыян келтирген. Натыйжада, Кыргыз Республикасынын энергетика министри Д.Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекеттин жана жеке жактардын кызыкчылыктары одоно бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген".

Доскул Бекмурзаев ушул эле күну Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү таратты. Анда ал өзүнө тагылып жаткан айып менен макул эместигин жазган.

"Мага карата Башкы прокуратура козгогон эки кылмыш иши жөнүндө кабардар болсоңуздар керек. Кылмыш иштеринин экөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген негизде экен. Бирок, мунун баарын менин атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептейм!", - деп жазылган билдирүүдө. 

Кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат чыккандан кийин Бекмурзаевдин микроинсульт алып ооруканада жатканы тууралуу кабар тарады. 

Министрликтин маалымат катчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Азамат Курамаев Бекмурзаев сыркоолоп калганын ырастады. 

"Менин маалыматым боюнча, министр азыр ден соолугуна байланыштуу өргүүгө чыкты. Күнүн айта албайм, бирок өткөн жумадан бери өргүүдө. Дарыгерлердин сунушу менен убактылуу өргүүдө болом деп айткан. "Теплые ключи" боюнча мен сизге маалымат бере албайм".

Кылмыш ишинин алкагында сөз болуп жаткан "Тёплые ключи" ден соолукту чыңдоо комплекси май айында "Электр станциялары" акционердик коомуна 15 жылга убактылуу башкарууга берилген.

Кылмыш иши ачылгандан туура эки күн мурда, 11-сентябрда Доскул Бекмурзаев президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абадга жасаган иш сапарында жанында коштоп жүргөн.

Мунайчылардын кесиптик майрамына катышкан өлкө башчы "соңку жылдары өлкөнүн бардык тармактарында жүргүзүлүп жаткан реформалар ири компанияларда дагы уланып, натыйжалуу жылыштар байкалганын" белгилеген.

Бекмурзаев жана ага жасалган басымдар

Доскул Бекмурзаев энергетика министри болуп 2021-жылдын 8-июнунда дайындалган. Ал энергетикалык кризиске карабай өлкөнү жарыктан үзгүлтүк кылбай, энерготармакты реформалай турганын убада кылган. Айткандай эле, Түркмөнстан менен Казакстандан электр энергиясын импорттоонун натыйжасында кышкы жылытуу мезгилинде электр жарыгы өчкөн эмес.

Деген менен министрдин дарегине карата дооматтар көп айтылып келет. Эксперттер дымактуу ураандар айтылганы менен энергетика тармагында жарытылуу реформа жасалган жок, тарифтик саясаттагы теңсиздик уланып жатат жана коррупция күчөдү деген пикирде.

"Мыйзамсыз түзүлүп, бюджетке ашыкча жүк болуп отурган Улуттук энергохолдингди жойбой жатат" деген нааразылыктар да бар.

Бекмурзаев ар дайым өзүн президенттин ишенимдүү кадры экенин белгилеп, бирок ага карабай энерготармакты реформалоо иши эски системанын адамдары тарабынан катуу каршылыкка тушугуп жатканын айтып келди. 29-июнда да парламент жыйынында жеке кызыкчылыктарын көздөгөн кызмат адамдары ага басым кылып жатканын айтып чыккан.

"Талант Турдумаматович, мен дагы ачуу чындыкты айтып коюшум керек. Бул жерде жеке кызыкчылыктарды көздөгөн адамдар бир тууган инилерин кызматка коюп бер деп, жумушун тарта албай койгонунун негизинде кысым болуп атат. Муну да токтотушубуз керек да, биз деле жөн жүргөн жокпуз, туура түшүнүңүз. Нурбек мырза (Сыдыгалиев – ред.) отурат, иниси Чакан ГЭСте иштеген, жумушту тарта албай жаткандан кийин алып салганбыз".

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев министр Бекмурзаев энергетика тармагындагы чиеленишкен коррупцияны жоюу менен алектенбей, эски системаны улантып келди деген пикирде. Ал тергөө жүрүп жаткан маалда министрди кызматынан четтетип туруу туура болорун айтты. 

"Муну чындыгында коррупциялык иш деп эсептесек болот. Анткени, чет өлкөлөргө тиешелүү адистер, энергетиктердин ордуна башка адамдар барып, зыян келтирген. Анткени, башка мамлекеттерге барган адистер ошол жерде конференцияга, симпозиумдарга катышып, келишим түзүп, Кыргызстанга, энергетикага, өнөр жайга чоң пайда,  жаңы техника алып келиши керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Энергетикага, өнөр жайга эч кандай тиешеси жок адистер барып, жөн эле сайрандап келген. Бул - түздөн-түз кызматынан кыянат пайдалануу".

"Башкы прокуратура мурункусун кайталайт"

Башкы прокуратура ушуну менен иштеп жаткан экинчи министрге кылмыш ишин козгоп жатат.

Буга чейин, мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге да жети кылмыш ишин козгоп, ал 2-июнда камакка алынган. Башкы прокуратура бир кылмыш иши коррупция беренеси, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси боюнча, төрт кылмыш иши кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү боюнча экенин билдирген.

Бейшеналиев мындай жагдайдын башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жеке пикир келишпестигинен улам жаралганын билдирген. Жагдайга президент кийлигишип, териштирүү комиссиясын түзгөн. Бейшеналиев эки жумадай тергөө абагында жатып, Зулушев кызматынан убактылуу четтетилген. Кийин аталган кылмыш иштеринин бири токтотулуп, Бейшеналиев "Алтын-Балалык" борборуна жетекчилик кызматка дайындалган. Коомдо прокуратуранын Бейшеналиевге козгогон кылмыш иштеринин негиздүүлүгү боюнча берилген суроолор ачык бойдон турат.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов Башкы прокуратура соңку кездери жеке кызыкчылыктын куралына айланып баратканын айтууда.

"Булар кааласа иш козгойт, кааласа токтотот. Оюна келсе башкы прокурорду дагы кызматтан четтетип, кааласа кайра чакырып коёт. Бул абсурд, оюна келгенди жасаган саясат болуп калды. Бул жерде териштириш керек. Эмне себептен кызматкерлерди Түркияга, Араб Эмирликтерине, Орусияга жөнөтүп жатат чындыгында эле. Мүмкүн бир иш боюнча кетип жатышабы. Жанагы 15 млн. сом боюнча дагы жакшылап текшерип көрбөсө, мен Башкы прокуратуранын кылмыш ишин козгоп кайра артка кеткен окуялардан улам, булар олуттуу бир мамлекеттик кызматка окшошпой калды дейт элем. Башкы прокуратура өтө олуттуу, Кыргызстандагы бардык мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү орган. Тилекке каршы, андай болбой калды. Бул ошол Зулушев өзү иш козгоп, бир нече адамдар маалымат жыйын өткөрүп, Бейшеналиевди катуу айыпташып, анан баары артка чегинип кеткенден кийин эле цирк болуп калган. Бул ошол цирктин экинчи оюну болушу мүмкүн".

Бекмурзаев 2021-жылдын 5-6-октябрында Түркияга расмий делегацияны баштап барып келген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таркаткан. Анкарада ал Түркиянын Улуу улуттук курултайынын төрагасы, Энергетика жана өнөр жай министри, Каржы жана казына министринин орун басары менен жолугуп, эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташуусун талкуулаган.

2022-жылдын май айында Доскул Бекмурзаев баштаган делегация Бириккен Араб Эмираттарына барып, World Utilities Congress эл аралык конференциясына катышып кайткан. Мекеменин маалымат кызматы министр ал жакка Араб Эмираттарынын энергетика министринин чакыруусу менен барганын, иш-чарага Азия менен Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү чогулганын кабарлаган.

24-июнда ал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин Ташкентте өткөн II кеңешмесине катышып келген.





Губернаторы России
Москва

Собянин назвал самые популярные у москвичей услуги и сервисы mos.ru





Москва

Как надо ПРОДАВАТЬ СЦЕНАРИЙ, ПЬЕСУ, СИНОПСИС.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин назвал самые популярные у москвичей услуги и сервисы mos.ru



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Урганту не дали выступить на вечере памяти Окуджавы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над «Зенитом» в матче РПЛ

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России


WTA

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Как надо ПРОДАВАТЬ СЦЕНАРИЙ, ПЬЕСУ, СИНОПСИС.



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России