Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Сирияда ажал тапкан Сирожиддин Мухтаров ким?

0
Сирияда ажал тапкан Сирожиддин Мухтаров ким?

Орусиянын жана Кыргызстандын бир катар маалымат каражаттары 9-сентябрда "Катиба Таухид валь-Жихад" диний уюмунун лидери, кыргызстандык Сирожиддин Мухтаров Сирияда өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты.

Анда Орусиянын Сириядагы согушуп жаткан тараптарды элдештирүү борборунун жетекчисинин орун басары, генерал-майор Олег Егоровдун брифингде айтканына шилтеме берилген. Кыргызстандын атайын кызматы маалыматтын чоо-жайын тактап жатканын билдирүүдө.

Орусиянын Интерфакс басылмасы Егоровдун 9-сентябрдагы брифингде сүйлөгөн сөзүн жарыялады.

"Алынган маалыматтар боюнча, Орусиянын аскердик-космостук күчтөрүнүн 8-сентябрда Идлиб дубанындагы жоочуларга урган соккусунун натыйжасында Сириядагы өкмөттүк күчтөргө жана жарандык инфратүзүм объектилерине террордук чабуулдарды уюштурууга катышы бар "Катиба Таухид валь Жихад" мыйзамсыз куралдуу түзүмүнүн лидери Сирожиддин Зиявутдинович Мухтаров жок кылынды", - деп билдирген Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн генерал-майору Олег Егоров.

Ага шилтеме кылуу менен дагы бир катар орус медиалары ушундай эле мазмундагы маалымат таратты.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети Мухтаровдун өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматты азырынча тастыктай элек. Атайын кызмат окуянын чын-бышыгын тактап жатканын билдирди.

"Улуттук коопсуздук комитетиндеги маалымат боюнча, 2016-жылы Кытай Эл Республикасынын Бишкектеги элчилигиндеги террордук актыны уюштургандыгы үчүн Мухтаровго эл аралык издөө жарыяланган. Учурда УКМК тарабынан аталган террористтин өлүмүнүн чоо-жайын тактоо иштери жүрүп жатат. Жагдайды толук аныктагандан кийин бул ишке байланыштуу фактылар жөнүндө кошумча билдиребиз", - деп жазды атайын кызмат.

Мухтаров туулуп-өскөн Кашкар-Кыштак айыл аймагынын башчысы Руслан Маматов айылдашы тууралуу маалыматтын чоо-жайын тактап жатканын билдирди.

"Ошондой бир имиштер айтылып жатат. Үйүндөгүлөрдө дагы өлүү же тирүүсү боюнча так маалымат жок экен. Бир туугандары менен атасы ар башка өлкөлөрдө жүрөт экен. Айыл башчылар, үй комитеттери баары ошонун үстүнөн иштеп атышат азыр".

Тактап туруп кошумча маалымат берем деген Маматов менен байланышуу аракетибизден андан кийин майнап чыккан жок.

Аталган айылдын аты-жөнүн атабаган тургуну Мухтаровдун айылдагы көп балалуу, карапайым үй-бүлөдө өскөнүн, Сирияга кеткенге чейин тегерегине дин жаатындагы тарапташтарын топтоп жүргөнүн айтууда.

"Туугандары ал тууралуу ачык сүйлөгөндөн коркушат, Сирияга чыгып кеткенден кийин туугандарына мамлекет тарабынан катуу басым болгон. Биздин кыштактан ал эле эмес, дагы онго чукул бала кетип калган. Мен билгенден ал биздин Кашкар-Кыштактын тургуну болот. Ата-энеси негизи Оштон келген, кыштактык эмес. Үйдө алты бала экен – беш уул, бир кыз. Атасы Египетте дейт, окуганы кеткенби же жашайбы, билбейм. Апасы ковидден өтүп кеткен. Чоң атасы союз кезинде кыштактын абройлуу имамы болгон. Атасы кадимки эл катары иштеп жүрүшөт, кыш куюп сатышат, талаачылык кылат, майда-чүйдө жумуштарды кылып жүрөт да. Кезинде Сирожиддиндин диний көз караштарын сыйлап ээрчиген тарапташтары да болгон. Ислам жөнүндө сүйлөп, адамдарды жетектеп жүргөн".

Маектешибиз анын бир туугандарынын экөө Түштүк Кореяда, бирөө Швецияда эмгектенерин, бир иниси менен карындашы айылда эл катары турмуш кечирерин кошумчалады.

Сөз болуп жаткан "Катиба Таухид валь Жихад" Кыргызстанда "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" деген аталыш менен белгилүү. Сирияда Борбор Азиядан барган радикал жоочулардын башын бириктирген террордук уюм катары сыпатталат.

"Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" 2016-жылдын 17-мартында Ош шаардык соту тарабынан террордук уюм деп табылып, өлкө аймагында ишмердик жүргүзүүгө тыюу салынган.

"Текшерүүнүн натыйжасында "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" уюму - радикалдык салафиттик жихадчыл топ экендиги аныкталды. Аталган топтун катарында сириялыктар эле эмес, Кыргыз Республикасынан чыккандар да бар. Алар кылмыш иши козголгон адамдарды өз катарына азгыруу менен алектенет", - деп билдирген Башкы прокуратура.

Орусиянын тергөө кызматынын 2018-жылы жарыялаган маалыматы боюнча, Сирожиддин Мухтаров 2000-жылдары Сирияда диний билим алып, Кыргызстанга келгенден кийин Оштогу мечиттердин биринде имамдын жардамчысы болуп иштеген. 2012-жылы Сирияда "Катибат Имам аль-Бухари" уюмуна кирип, анын жактоочулары менен бирге "Катиба Таухид валь-Жихадды" түзгөнү кабарланган.

2017-жылдын 3-апрелинде Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо жардыруу болуп, 15 адам каза таап, 100дөй жүргүнчү жарадар болгон. Тергөө кызматы теракттын буйрутмачысы катары Сириядагы "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" террордук уюму менен анын колбашчысы Сирожиддин Мухтаровдун атын атаган.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурунку орун басары, коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков Мухтаровдун өтмүшүн мындайча сүрөттөйт. Эксперт анын 2016-жылы Кытай мамлекетинин Бишкектеги элчилигине террордук чабуул уюштурганын эске салды.

"Сирожиддин Мухтаров Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашка-Кыштак айылында төрөлүп, ошол жерде өскөн жигит. Улуту боюнча уйгур. 2013-жылдары ИГИЛ деген, андан тышкары бир нече террордук уюмдар Жакынкы Чыгышта күчөй баштаганда ошол жакка Түркия аркылуу өтүп кеткен. Ал жакта алар "Жабхат ан-Нусра" деген өзүнчө топ түзүп, талаа командири болгон. Сирожидиндин арабча аты Абу Салох. Ал ар кандай террордук ацияларды уюштуруу үчүн, ошондой эле Сириянын жана коалициялык күчтөрдүн аскерлерине туруштук бериш үчүн көптөгөн операцияларга катышкан. 2016-жылы Кыргызстанда болуп өткөн террордук акцияда анын тапшырмасы боюнча Кытай элчилигинде жардыруу болгон. Жардырган адам каза болуп, үч киши жарадар болуп, ага шек саналган 7-8 киши кармалып кийин соттолуп кеткен".

Атайын кызматтардын маалыматтарына таянсак, Сирожиддин Мухтаров Сирияда атайын даярдалган террорчуларды Кыргызстанга байма-бай жөнөтүп турат. 2022-жылы Кыргызстанда "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" уюмуна таандык ондон ашуун террорчулар кармалганы кабарланган. 24-мартта Бишкекке террордук акт жасоо максаты менен келген жанкечти кармалганы билдирилген. 30-июнда милиция Ош шаарынын тургунун ушул уюмдун Кыргызстандагы экстремисттик жана террордук ишмердигин каржылоого шек санап кармаган.

7-июлда Бишкек шаарында жана 9-июлда Жалал-Абадда теракт жасоого даярданып жүргөн үч чет элдик жана аларга жардам берген бир нече жергиликтүү жарандар колго түшкөн. Ал эми 23-августта Өзгөндө эки, андан эки күн өтпөй Кызыл-Кыя шаарында дагы үч шектүү кармалып, алардын да "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" террордук уюмуна таандык экендиги кабарланган.

Диний маселелер боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" уюму жана алардын жоочуларынын Кыргызстанда кармалып жатышы тууралуу мындай пикирин билдирди.

"Таухид валь-Жихад" салафиттик-такфириттик уюмдардын катарына кирет. Бул соттун чечими менен Кыргызстандын аймагында тыюу салынган деп эсептелинет. Булар барып "Ислам мамлекети" террордук уюмуна аффилирленген уюм катары эсептелинген террордук уюм. Канчадан бери айтып келатабыз, булардын Кыргызстандагы уктап жаткан уюкчалары акырындап күч алып баратканынын белгиси".

Орусиянын коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Сириянын Идлиб аймагында "Жамаат ат-Таухид валь-Жихаддын" жакын өнөктөшү "Жабхат ан-Нусра" террордук уюмунун 20дан ашуун жогорку даражалуу мүчөлөрү да жок кылынган.





Губернаторы России
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов





Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» и все правительства могут отменить либо собрать все налоги!


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Моргенштерн

У Моргенштерна* что-то случилось? Рэпер пообещал рассказать все на стриме




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Баскетбольный «Зенит» с разницей в 14 очков проиграл в Москве ЦСКА и уступает в полуфинальной серии Единой Лиги ВТБ со счётом 1–2

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Танцоры из Асбеста выступят в Москве


Анастасия Павлюченкова

Павлюченкова вылетела с турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


WTA

Касаткина обыграла Марию и вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России