Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуулар токтогону кабарланды

0
Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуулар токтогону кабарланды

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда саат 16:20га карата Баткен облусунун Радар аймагында (Кыргызстан) Баткен жана (Тажикстан) Согди облустарынын жетекчилери баштаган делегацияларынын жолугушуусу башталганын маалымдады.

“Жолугушууга тараптардын чек ара өкүлдөрү, эки республиканын укук коргоо органдарынын бөлүм башчылары, күч түзүмдөрүнүн жана райондук администрациялардын жетекчилери катышууда. Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндегы кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев бардык жерде ок атышуу токтотулганын кабарлады. Учурда сүйлөшүүлөр улантылып, чек арага биргелешкен көзөмөл жүргүзүүнү талкуулап жатышканын айтты.

Жергиликтүү тургундар "Азаттыкка" Как-Сайдагы атышуудан улам Достук айылындагы аялдар менен балдар Кызыл-Бел кыштагына качып келгенин маалымдашкан. Айрым маалыматтарга караганда, Ак-Сай айылынын айрым тургундары да коопсуз жайга кетип жатат.

Буга байланыштуу президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү бийлик башчылары азырынча комментарий бере элек.

Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылды. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлады.

Маалыматка караганда,  эртең мененки саат 08:10до чамасында Булак-Башыдагы тактала элек аймакка ("Капчыгай" чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын "Кех" бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргызстан алар чыгып кетүү тууралуу талапка баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарганын, ошондон кийин ортодо атышуу башталганын, "тажик чек арачылары миномет" колдонгонун жана ошол учурда эки жоокер жарадар болгонун кабарлаган.

Саат 14.00дө Как-Сай аймагында ок атышуу болгонун, анда тажик чек арачылары "Достук" бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын, кыргыз тарап ага жооп бергенин билдирген.  

Ал эми саат 15.08де тажик чек арачылары Кыргызстандын Паскы-Арык аймагындагы "Самаркандек" чек ара бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын, андан кийин атышуу башталганын маалымдаган.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, Булак-Башыда "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган.

Тажик бийлиги тараптан бүгүнкү окуялар боюнча расмий комментарий бере элек.

"Озоди" өз булактарына таянып бир жоокер мерт болуп, үч жаран жараат алганын билдирди. (TSh)





Губернаторы России
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов





Москва

Вступить в закрытый клуб и изменить свою жизнь


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин принял решение увеличить фонд грантов одаренным учащимся школ искусств



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Nirvana

Скончался экс-продюсер группы Nirvana Стив Альбини




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Рафаэль Надаль

Рафаэль Надаль первым в истории тенниса выиграл 200 матчей на грунтовых «Мастерсах»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России