Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Руслан Бекназаров саясий жүйө менен камалдыбы?

0
Руслан Бекназаров саясий жүйө менен камалдыбы?

Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан Руслан Бекназаров диний экстремизмге байланыштуу кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Руслан Бекназаровдун атасы саясатчы, оппозиционер Азимбек Бекназаров муну өзүнүн саясий ишмердигине байланыштырды.

Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаровду 14-сентябрда экстремизмге байланыштуу милиция суракка алып кеткенин анын жакындары социалдык тармактарга жазып чыкты. Кийинчерээк Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырганы үчүн кармалганын билдирди:

"ИИМдин Тергөө кызматы социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. Мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбукта Кыргызстандын аймагында ишмердигине тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин "экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси менен катталган. Кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган жаран Р. Б. ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Кылмыш жаза-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, ал Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда", - деп айтылат милиция тараткан маалыматта.

"Мени чөгөлөтүү үчүн уулумду кармашты"

Руслан Бекназаровдун атасы, саясатчы, оппозиционер Азимбек Бекназаровдун уулун кармап кеткен милиция кызматкерлери анын Аксы окуясына байланыштуу дисктерин кошо көтөрүп кеткенин айтууда.

"Русланды бүгүн эртең менен саат 8дер чамасында милициянын он чакты атайын кызматкери үйүнө бастырып кирип, колун кайрып кармап кетишкен. Андан кийин анын үйүн толук тинтип, колуна урунган китеп, дисктерди алып кетишиптир. Менин Аксы окуясына байланыштуу дисктерим да бар болчу, аларды да алып кетишиптир. Суракка чакырган мындай болбойт, бул түздөн-түз кармоо болуп саналат".

Азимбек Бекназаров уулунун кармалышын өзүнүн оппозициялык маанайдагы сөздөрүнө, саясий ишмердигине байланыштуу бийликтин эскертүүсү жана кысымы деп эсептейт.

"Бул эскертүү. Бирок менин бийликке каршы сүйлөгөнүмдү эч ким токтото албайт. Ал үчүн өлүмгө барганга да даярмын. Бирок булар мени чөгөлөтө албайт. Бул саясат. Менин уулум буга моралдык жактан даяр болчу. Ал өзүнүн актыгын тастыктап алат. Аны сындырууга да аракет кылышат. Анткени булардан баарын күтүүгө болот".

Азимбек Бекназаров 2019-жылы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган. Быйыл августта президент Садыр Жапаровдун буйругу менен элчилик кызматынан бошотулган. Ал буга Кумтөргө байланыштуу бийликти сындаган маеги себеп болгонун билдирген.

Азимбек Бекназаров кыргыз өкмөтү Кумтөр кени боюнча жаңы келишимде утулганы тууралуу пикирин айтып, Кыргызстан канадалык "Центерра Голд" компаниясына коррупциялык схемалардан улам күнөө кое албаганын, экологиялык доодон баш тартканын "утулуу" катары сыпаттаган.

Жарандык коомдун пикири

Жарандык активист, медиа эксперт Айбек Турдалиев Руслан Бекназаровдун кармалышын бийликтин сөз эркиндигине, саясий активдүүлүккө каршы жасаган аракети деп баалады:

"Руслан Бекназаров бир нече жыл президенттик аппаратта иштеди. Туулган жеринде айыл өкмөттү жетектеди. Бишкекте Свердлов райондук администрацияда иштеп жүрдү. Эгер диний радикализмге жана экстремизмге байланыштуу кандайдыр бир аракеттери болсо, андай булактарды бөлүшүп, алардын иш-чараларында жүрсө, ошого жакыныраак бир теманы алып, "мына экстремизм" деп айтса, жарашат эле. Бирок азыркы бийлик өзүнө оппонент болгон каршылаштарын, оппозиционерлерди коркутуу, түрмөгө камоо ыкмасына өтүп алганы - тилекке каршы өтө жаман прецедент болуп калды. Анын үстүнө эки күндөн кийин Таласта мурдагы оппозционер, Азимбек Бекназаровдун үзөңгүлөш кесиптеши Болот Шерди эскерүү өтөт. Ал жерде да азыркы бийликти сындаган түрдүү сөздөр айтылышы ыктымалдыгынан бийлик чочулап турат".

Өзүн динчил адам катары көрсөтүп келген Руслан Бекназаров соцтармактарда коомчулукту намаз окуп, орозо кармап, кудайга ишенүүгө чакырган постторду жазып жүрөт. Анын быйыл оролгон жана аарчылган момпосуйларды кыз-келиндердин кийимине салыштырган посту Фейсбукта кызуу талкуу жараткан. Бул диний ишмер Садыбакас Дооловдун аялдын баркын базардагы эттин баасына теңеген видеосу соцтармактарга тарагандан кийин болгон.

Руслан Бекназаров Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан жана бул кызматка ушул жылдын июнь айында дайындалган. Ал 2019-2020-жылдары президенттин аппаратында иштеген. Ага чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.

Соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан.

Ички иштер министрлиги жыл башынан тарта радикал топтордун интернеттеги, социалдык тармактардагы аракеттерине мониторинг жүргүзүп келет. Мониторинг радикал уюмдардын чагымчыл жана бөлүп-жаруу аракеттерине, экстремизм менен терроризмди жайылткандарга бөгөт коюу максатын көздөрү айтылган.

Министрликтин бул аракетин интернет колдонуучулардын укуктарын чектөө катары сындагандар, "жалган жалаага кириптер кылат" деп кооптонгондор чыккан.

"Хизб ут-Тахрир" уюмунун ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда экстремисттик, террористтик уюм катары тыюу салынган.





Губернаторы России
Москва

Собянин сообщил о сбитом на подлете к Москве беспилотнике





Москва

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" расшифровал смысл "ДНК В.И. Ленина".


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о сбитом на подлете к Москве беспилотнике



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Nirvana

Умер продюсер альбомов Nirvana, Pixies и PJ Harvey Стив Альбини




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


WTA

Стало известно, с кем сыграет Вероника Кудерметова во втором круге турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Офицер Росгвардии приняла участие в прямом радиоэфире «Все для Победы» на Ямале



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России