Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Кадамжай: Чек арадан эвакуацияланган элди жайгаштыруу уланууда

0
Кадамжай: Чек арадан эвакуацияланган элди жайгаштыруу уланууда

Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунан, Баткен шаарынан эвакуацияланган элди кабыл алып, үйлөргө жайгаштыруу уланып жатканын Кадамжай шаарынын мэри Бакытбек Бегалиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда эвакуацияланып келгендерге шаар борборундагы ашканаларда ысык тамак уюштурулган.

"Атайын 3-4 ашкана-кафелерде ысык тамак берип, андан кийин үйлөргө жайгаштырып жатабыз. Жалпысынан 11 миңге жакын адам үйлөргө жайгашты. Аларды чоң жолдун боюнан эле адамдар өздөрү "Үй бар" деген жазуу менен тосуп алып, бөлүп кетип жатышат. Көпчүлүгү балдар, аялдар жана карыялар", - деди Бегалиев.

Мэрдин айтуусунда эвакуацияланып келип жаткан элдин аягы тыйыла элек.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атылган аймактардан качкан эл Кадамжай районуна Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу өтүп келишүүдө. Баткен-Халмион-Кадамжай багытындагы айланма жол кыргыз-тажик чек арасындагы аткылоодон улам, убактылуу жабылганы кабарланган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал саат 18:30га карата чыңалган бойдон турганын маалымдады. Мекеме Тажикстан таңкы саат 6да башталган ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузуп, Лейлектин Кулунду жана Жаңы Жердеги калктуу конуштарды кайрадан аткылап жатканын кабарлады. “Тажик тарап Баткен районунда ракеталык системаны колдонду” деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Тажикстан тарап ок атышуу кайра жанданганы тууралуу  маалымат бере элек. Ага чейин өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Самарканддагы ШКУ саммитинин аянтында жолугуп, талкуулашкан. Алар чек арада ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашкан.

Жолугушуудагы макулдашууга ылайык, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Саймумин Ятимов чек арада иштей турганы кабарланган. Куралдуу жаңжалдын себептерин иликтөөчү комиссия түзүлүп, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иши тездетилери кабарланган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 16-сентябрда саат 15:00гө карата берген маалыматы боюнча Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандардын саны 42 адамга жетти.

Аткылоо учурунда качып бараткан жеринен 15 жаштагы кызга снаряддын чачырандысы тийип, каза болгон. 

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда да ок атылып, эки тараптан тең жоготуулар болгону кабарланган. (ZKo)





Губернаторы России
Москва

Собянин: Автомобили «Москвич» будут собирать по технологии полного цикла





Москва

«Русский космос поздравляют дети мира и России»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин объявил о начале сборки «Москвича» по технологии полного цикла



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Эдит Пиаф

В театре «Модерн» состоялась премьера моноспектакля «Исповедь счастливой женщины. Эдит Пиаф»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Пензенские регбистки выиграли первенство России

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии


WTA

Касаткина обыграла Марию и вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Интернет

Россиянам рассказали, когда появится «сильный ИИ»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России