Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Чек арадагы атышууда бери дегенде 87 адам жараат алды

0
Чек арадагы атышууда бери дегенде 87 адам жараат алды

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 16-сентябрь 23.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жараат алгандар тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, кеминде 87 адам жараат алганы, алардын ичинен бешөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлүп, калгандары ооруканага жаткырылды.

Мунун алдында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы соңку кырдаал тууралуу маалымат берип, ок атышуу токтогонун, бирок кырдаал оор бойдон калып жатканын билдирди. Ал чек арадагы куралдуу кагылышууда кыргыз тараптан аскерлер арасында жоготуулар көп болгонун белгилеп, так санын айткан жок.

“Жоготуулар негизинен аскер кызматкерлеринин арасында болду. Азыр канча жоготуу болгонун тактап жатабыз. Тилекке каршы, жоготуулар жана жаракат алгандар көп. Ал эми жай тургундар арасындагы жоготулар аз болду. Андан сырткары бир нече айылды басып алганда аракет кылышты. Эки тараптан тең көптөгөн үйлөр өрттөндү. Азыр айылдардагы маселени чечип жатабыз. Азыр эки айылыбыз калды”, - деди Ташиев.

Саламаттык сактоо министрлиги 15 жаштагы өспүрүм кыздын каза болгонун тастыктаган.

Ал тапта Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрь саат 23:30дагы кыргыз-тажик чек арасы боюнча акыркы маалымат таратып, кырдаал курч бойдон калып жатканын кабарлады.

Расмий маалыматта Тажикстан тараптан аткылоо уланып, айрым аймактарда тынымсыз атышуу болуп жатканы айтылат. Чек ара кызматынын маалыматында, тажик аскерлери саат 22:20да "Тамдык" чек ара бекетин аткылаган. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап кошумча аскер күчтөрүн тартып жатканын кабарлайт.

Тажикстандын Чек ара кызматынын маалымат кызматы эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин ок атышууну токтотуу макулдашуусуна карабай, кыргыз тарап аскер техникасы менен Гафуров районунун, Ворух жана Чорку, Исфара шаарларын аткылап жатканын кабарлады.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып билдирди. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

В филиалах АО «Желдорреммаш» прошли памятные мероприятия к 9 Мая


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

Игорь Бутман заявил, что Пугачева ему безразлична, и назвал ее ЖКП




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Пензенские регбистки выиграли первенство России

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице


ATP

Хачанов победил Шевченко во втором круге турнира ATP в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России