Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Баткендеги өкүлчүлүк Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жыйынтык бербей жатканын билдирди

0
Баткендеги өкүлчүлүк Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жыйынтык бербей жатканын билдирди

Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча “Кабар” маалымат агенттигине онлайн маалымат берди. Анда Тулаев эки өлкөнүн тийиштүү жетекчилеринин ок атышпоо жөнүндө макулдашуулары жыйынтык бербей жатканын маалымдады. Ал чек арага жакын аймактардагы тургундар коопсуз жайга көчүрүлгөнүн айтты.

“Баткен районун Самаркандек, Ак-Сай айыл өкмөттөрүндө кырдаал дагы эле курч. Макулдашууларга карабай тажик тараптан ок атуулар болууда", - деди ал.

Маруфхан Тулаев Ак-Сай айылы менен байланыш болбой жатканын кошумчалады. Андагы телефон жана электр жабдыктары талкаланган. Орун басардын айтымында, айылдагы мектеп боюнча интернетте тарап жаткан маалыматтарды тактоого мүмкүн болбой жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” улуттук агентиги кабарлады. Ал жыйында бардык жогорку бийлик жана күч органдырынын жетекчилери катышууда.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал саат 18:30га карата чыңалган бойдон турганын маалымдады. Мекеме Тажикстан ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузуп, Лейлектин Кулунду жана Жаңы Жердеги калктуу конуштарын кайрадан аткылап жатканын кабарлап, “тажик тарап Баткен районунда ракеталык системаны колдонду” деп айыптады. Азырынча Тажикстандын расмий органдары айыптоолорго жооп бере элек.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чатагында 15 жаштагы кыздын каза болгонун тастыктады. Башка каза болгондор боюнча маалымат такталып жатканы кабарланды. Министрлик саат 18:00гө карата чек арадагы куралдуу кагылышта жараат алгандардын саны 55ке жеткенин маалымдаган.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы “тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды”, - деп кабарлаган.

Тажикстандагы “Ховар” маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат төрттөн тартып “Дүйшөмбү” чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып билдирди. Тажик бийлиги расмий маалымат бере элек.

16-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон чек арада ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашканы кабарланды. Эки өлкөнүн жетекчилери Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтында жолугушкан.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу жөнүндө Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшкөн. Ал атышуу 1-2 саатта толук бойдон токтотуларын билдирген.





Губернаторы России
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля





Москва

Сценарии для любого торжества, праздника, корпоратива - квесты, ролевые игры, конкурсы. Ищем авторов сценариев.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Наташа Королёва

«Она не ожидала»: стала известна реакция Королевой на инцидент в Кремле 9 мая




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Независимый фантастический триллер из девяностых

Пензенские регбистки выиграли первенство России

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии


Арина Соболенко

Соболенко испытала проблемы после снятия Рыбакиной с турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


News Every Day

PFL MENA 1: Best photos from Riyadh



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России