Кыргыз-тажик чек арасында чыңалуу сакталып турганы маалымдалды
Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 21:00гө карата Оштун Чоң-Алай районунда, Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турганын маалымдады.
Чек ара кызматынын маалыматына караганда, саат 19:00дө Чоң-Алайдын Карамык аймагында кыргыз чек арачыларын аткылоо токтотулду. Саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчилери “Гулистон” (Тажикстан) бекетинде жолугушту. Азырынча жыйынтыгы маалымдалган жок.
Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 16:00гө карата берген маалыматта чек арадагы куралдуу кагылышта 122 адам жараат алган. Алардын ичинен жетөө үйүнөн дарыланууга жиберилген.
Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрдын таңында башталган куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.
Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. "Озоди" тажик өкмөтүндөгү булагына таянып, өлгөндөрдүн саны 39 киши экенин кабарлады. Бирок, Тажикстандын расмий бийлиги муну ырастай элек. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.