Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

"Кыргызстандагы тажиктер" бирикмеси Дүйшөмбүнүн айткандарын төгүндөдү

0

"Кыргызстандагы тажиктер" коомдук бирикмесинин биринчи вице-президенти Мавлянжан Абдураззаков Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргызстанда этникалык тажиктер кысымга кабылууда" деген маалыматын төгүндөдү. Ал 23-сентябрда "Азаттык" радиосуна комментарий берип, Дүйшөмбү тараткан билдирүү чындыкка дал келбей турганын айтты:

"Тажик тектүүлөр коркутууга кабылып, басым өткөрүлүп жатканы тууралуу эч ким кайрылбады, факты жок. Чек арадагы кырдаалдан улам эл арасында чагым чыгып кетпесин деп той-зыяпаттарды токтотконбуз. Бүгүн-эрте кайра уруксат берилет. Дүкөндөр иштеп жатат, бирок спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салганбыз".

Абдураззаков Баткендеги чек ара аймактарынан качып келген айрым тургундарга Кадамжай районундагы Үч-Коргон кыштагында жашаган тажик тектүү эки үй-бүлө да башпаана бергенин кошумчалап, жергиликтүүлөр гуманитардык жардам уюштурууга да жигердүү катышканын белгиледи. Ал чек арадагы калаба кыргызстандык тажиктерди да ыңгайсыз абалга салганын айтып, чек араны аныктоо иштери тезирээк бир жаңсыл чечилсе экен деген тилегин билдирди.

22-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына Кыргызстанда тажик жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты жүрүп жатканы тууралуу билдирүү жарыяланган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну чагым деп атаган.

Абдураззаковдун айтымында, Кыргызстанда 60 миңдин тегерегинде этникалык тажиктер жашайт. Алардын көбү Кадамжай районундагы Үч-Коргон кыштагын байырлашат. Тажик тилинде окуткан бир канча мектеп бар. Андан тышкары, Лейлек районунда жана өлкөнүн башка аймактарында да жашашат.

Кыргызстан 14-16-17-сентябрдагы чек арадагы кол салуудан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Бул маалыматты көз карандысыз булактан тактоого мүмкүн болбой жатат.

Бишкек менен Дүйшөмбү бул окуяда бири-бирин айыптап жатат. (SE)





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран





Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Лоза

Певец Юрий Лоза обвинил в убийстве Владислава Листьева «финансовых воротил»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Не успели программисты сдать ГТО. Теперь УМО?

Искусство продвинутого анализа в спортивном прогнозировании

Сергей Лёвкин: в Митине завершат возведение физкультурно-оздоровительного комплекса


ATP

Хачанов вышел в третий круг турнира ATP в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Армения

В Армении прошел крупнейший на постсоветском пространстве «Бессмертный полк». Видео. Фоторяд



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России