Баткенден эвакуация болгон 200дөй жаран Ысык-Көлгө жайгаштырылды
Кыргыз-тажик чек арасындагы кууралдуу кагылыш учурунда эвакуация болгондордун айрымдары Ысык-Көл районунун санаторий-пансионаттарына жайгаштырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, “Ак Бермет” пансионатына 20 адам, “Көгүлтүр Ысык-Көлгө” - 4, “СОС” балдар үйүнө 20, “Кыргыз Деңиз” санаторийине 48 адам, “Алтын Балалык” реабилитациалык борборуна 36 адам, Тамчы айылындагы турак үйгө 11 адам жайгаштырылды. 30у өз каалоосу менен туугандарынын үйлөрүнө кетишкен. Жалпысынан чек арадагы жаңжалдан улам үй-жайын таштап качкандардын 169у Ысык-Көлгө жеткирилди. Аларга жергиликтүү бийлик ысык тамак уюштуруп, элден чогулган жардамды таратып берүүдө.
ӨКМ кординациялоо иштерин жүргүзүп жатат.
14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Бишкек "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай турумду карманууда.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон кыргызстандыктардын саны 62ге жетти.
Кыргыз бийлиги кошуна өлкө менен чектеш айылдарда жүздөгөн үйлөр талкаланганын маалымдаган. Тургундар убактылуу коопсуз аймактарда баш калкалап жатышат.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Бул маалыматты көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн боло элек. (КЕ)