Чек арада курман болгон үч аскердин сөөгү "Ата Бейитте" жерге берилди
Бүгүн, 26-сентябрда "Ата Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 16-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон үч аскер кызматкери - Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди.
Алар аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган. Сөөк коюу зыйнатына маркумдардын жакындары, мамлекет башчы Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны коргоп жатып, курман болгон аскер кызматчыларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында "Ата Бейит" мемориалдык комплексинде эстелик орнотуларын айтты.
Президент быйыл 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп кайталады. Тажикстан да Кыргызстанга ушундай эле айып коюп келет.
Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 62 жаранын жоготту, алардын кырк чактысы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу жеке булактарына таянып, каза тапкан 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.
Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн боло элек.(ZKo)