Бишкектен Баткенге жарым миллион сомдон ашык акчалай жардам жиберилди
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктарга борбор калаа тургундары тарабынан 26-сентябрга карата жалпы 552 563 сом чогултулуп, жиберилди. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта акчалай каражаттан сырткары 12 357 кг ун, 49 311 кг шекер, 3095 литр өсүмдүк майы жана башка азык-түлүк, гигиеналык жана медициналык каражаттар, дары-дармек, кийим-кече жөнөтүлгөнү айтылды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 250 млн. сомго чукул каражат чогулган.
Куралдуу жаңжалда чек ара аймагындагы 613 үй, административдик-стратегиялык маанидеги тогуз, социалдык маанидеги 15 объект, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учураган. Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары чек арадагы кол салуудан улам Баткен облусуна келтирилген чыгымды эсептөөнү улантууда.
14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.
Кыргызстандын расмийлери "чек арадагы кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылганын" билдирген. Алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Бул маалыматты башка көз карандысыз булактан тактоого мүмкүн болбой жатат.(ZKo)