Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча маалымат берди
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылыш жана бир күн мурун Тажикстан менен кол коюлган протокол боюнча 26-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ташиев 16-17-сентябрдагы окуяларды "чек арачылардын жаңжалы эмес, чек аранын бардык периметри боюнча Кыргызстанга жасалган пландуу агрессия" экенин айтты. Ошондой эле кыргыз аскерлери кошуна өлкөнүн чек арасынан өтпөгөнүн белгилеп, жоокерлер Кыргызстандын аймактарын басып алууну көздөгөндөрдөн коргонгонун билдирди.
"Биз Тажикстандын Чек ара кызматы же армиясы менен эмес, башка адамдар менен кагылыштык. Аларды ким деп атаганды билбейм", - деген Ташиев убагы келип агрессор ким экенин тийиштүү органдар аныктай турганын кошумчалады.
Кыргыз бийлиги чек арада ондогон кишинин өмүрүн кыйган калабада экстремисттик-террордук топтордун өкүлдөрү катышкан болушу мүмкүндүгүн буга чейин да айткан.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.
Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштаганы кабарланууда.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.
Эки өлкөнүн атайын кызмат башчыларынын 25-сентябрдагы жолугушуусунда Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы төрт бекетти алууну макулдашкан.