Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

ТИМ Тажикстанды "тескери маалыматтык өнөктүк жүргүзүүдө" деп сындады

0
ТИМ Тажикстанды

Бүгүн, 27-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Тажикстан чек арадагы соңку окуя үчүн жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргызстанга оодарып, эл аралык коомчулук алдында тескери маалыматтык өнөктүк жүргүзүп, Кыргызстандын коргонуу аракетин дискредитациялоо багытын карманын жатат деген билдирүү таратты.

“Тажикстан биздин өлкөгө каршы куралдуу агрессиясы үчүн айыбын мойнуна албай турганы жана күнөөнү бизге оодарууга аракет кылары башында эле түшүнүктүү болчу. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында жана башка эл аралык документтерде камтылган аймактык бүтүндүк, чек аралардын бүтүндүгү, талаш маселелерди тынч чечүү, күч колдонбоо, күч менен коркутпоо, адамдын эркиндиктери жана укуктары деген негизги эл аралык принциптерди бузду. Кыргызстанда тажик аскерлери агрессия баштаганынын жана алардын кылмыштарынын бардык далилдери (фото жана видео) бар. Кыргызстан Тажикстанга таандык жерлерди ээлеп алды деген сөздөр да коңшу мамлекет жайылтып жаткан тескери маалыматтын бир бөлүгү”, - деп айтылат кыргыз ТИМинин билдирүүсүндө.

Кыргыз тарап “Коңшуларыбыздан айырмаланып биз эч качан бирөөнүн аймагын басып алуу максатын койгон эмеспиз жана өз жерибиздин бир да сантиметрин эч кимге бербейбиз” деп белгилеп, эгер мындан ары да чек арада чыңалуу жаралса, жоопкерчилик бир гана тажик тарапта болорун эскертти.

Ошону менен катар ТИМ “Тажикстандын экинчи агрессиясына карабастан Кыргызстан бардык чек ара жана ич ара маселелер сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек. Мындай эрк жана даярдык кыргыз тарапта бар” деп кошумчалады.

Дипломатиялык мекеменин билдирүүсү боюнча тажик тарап комментарий бере элек. Буга чейин Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин 24-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасындагы "аскердик агрессияда" 40 тажик жараны каза таап, 200дөй киши жараат алганын билдирди.

Ал Тажикстан эл аралык тажрыйбага таянып, “коңшуларга чек аранын тийиштүү тилкелери боюнча келишимге кол коюп, көп жылдык эмгектин жыйынтыгын юридикалык жактан бекитүүнү сунуштаганы менен биздин коңшулар андай сунуштан кескин баш тартып жатат” – деген.

20-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун жогорку трибунасында туруп, 14-17-сентябрда ондогон адамдын өмүрүн алган окуяны "масштабдуу аскердик кагылышуу" деп атап, Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган.

Президент Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында былтыр кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан кийин чек араны чечүү үчүн Дүйшөмбүгө барганын, бирок “ал жолугушуудан эч майнап чыкпаганын” айткан.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)





Губернаторы России
Москва

Московские медики окажут помощь пострадавшим в Белгороде - Собянин





Москва

В День Пушкина театр кукол «Ульгэр» в райцентре Бурятии: Россия, Культура, Дети


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В медорганизациях Москвы работают около 50 тыс. медсестер и медбратьев — Собянин



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

Ярко-оранжевый или леопардовый: невеста Тимати на Мальдивах соблазняет огненными купальниками




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Врио губернатора Хабаровского края назначили 1-го вице-губернатора Александра Никитина

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге

"Динамо" может оформить чемпионский титул РПЛ 19 мая


WTA

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Путин и Пашинян согласовали вывод пограничников РФ из некоторых областей Армении



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России