Түркияда төрт күндөн бери "Манас" айтылууда
Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу "Азаттыкка" билдирди.
"113 сааттан бери күнү-түнү Манас айтылып жатат. Иш-чара жакшы уланууда. Комиссиянын сегиз мүчөсү бар. Жаңылган жерлерди жазып атышат. Таңга маал жаңылып кеткен учур болгон. Манасчылар чарчап, уйкусу келген жагдайлар болот экен. Бирок азыр абалдары жакшы", - деди Биймырза уулу.
21-сентябрда Түркиянын Бурса шаарында "Манас жумалыгы" башталган. Ага кыргызстандык, казакстандык жана түркиялык 14 манасчы катышууда.
"Манас жумалыгы" 28-сентябрда жыйынтыкталат. Иш-чара жергиликтүү бийлик, ТҮРКСОЙ уюму жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиликтин демилгеси менен уюштурулган.
Бурса шаары 2022-жыл үчүн "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыяланган. (ElB)