Журналист Болот Темиров соттон акталды
Бүгүн, 28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту жыйынтыкталды.
Судья Акылбек Адимов Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актады. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актады. "Документ жасалмалоо" деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирди.
22-сентябрдагы соңку отурумда мамлекеттик айыптоо сотко Темировду беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоону сунуш кылган. Прокурор Мээрим Алиева Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу маселе көтөргөн.
Сотто акталган журналист Болот Темиров өкүм адилеттүү болгонун айтып, бул үчүн элдин көзөмөлү негизги роль ойногонун билдирди. Сот отуруму аяктагандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген Темиров мындай чечимди күтпөгөнүн белгилеп, аны акыйкаттыкка жасалган кадам катары сыпаттады.
Бүгүнкү отурумда Болот Темировго жыйынтыктоочу сөз берилгенде ал бийликтин кысымына кабылганын айткан:
"Бийлик – Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров силерди – шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Ногойбаевди, атайын бөлүгүнүн башчысы, мага маңзат таштап койгон Данияр Байгазиевди, тергөөчүлөрү Аман Асанакуновду, Азамат Камалды, тергөө кызматынын тергөөчүсү Курманалиевди, ички иштер министри Улан Ниязбековду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү Бекмырза Батыркановду, прокуратурадан Мээрим Алиеваны пайдаланып, басым жасап, жалган айтып, кемсинтип келе жатат".
Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.
Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.
Анын алдында Болот Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.
Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.
Журналистке “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене да кошулган.
Тергөөнүн материалдарында Темировдун аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган.
УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканы тууралуу айыптарды четке каккан.
Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.
Төкмө акын Болот Назаров Ютуб каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет.