Чек ара: Азыркы кырдаал, суроосу көп чечимдер
Ондогон кишинин өмүрү кыйылган кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу аракети уланууда. Эки тарап айрым постторду алуу тууралуу протоколго кол койду. Бул документ бир катар суроолорду жаратып, жергиликтүү эл түшүндүрмө талап кылууда. Депутаттар чек арадагы жоопкерчилик маселесин көтөрдү.