Баткенден Ысык-Көлгө эвакуация болгондордун биринчи этабы үйүнө кайтты
Кыргыз-тажик чек арасындагы каргашанын айынан үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болуп, Ысык-Көл облусуна эвакуация болгондордун биринчи этабы кайрадан Баткенге кайтты. Бул тууралуу 29-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Чолпон-Ата шаарынан 52 адам эки автобус менен жолго чыкты.
Ысык-Көл облусуна Баткенден жалпысынан 169 адам барган.
Жалпы Баткен облусу боюнча 136 770 адам эвакуация болгон. Алардын көбү облустун башка аймактарына, калгандары Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарына жана Бишкек шаарына жайгашкан.
28-сентябрдагы маалыматка караганда, 121 589 адам туруктуу жашаган жерине кайткан.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.
Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)