Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 16.09.2022

Ташиев тараптар ок атышууну толук токтотууну сүйлөшкөнүн билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу жөнүндө Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшкөнүн кабарлады. Атайын кызматтын башчысынын видеосун Region телеканалы жарыялады. “Азыр Тажикстандан чыктым. Гүлистан, Исфара шаарларына барып, алардын жетекчилери менен жолугуп келдим. Ятимов Саймумин Сатторович жана бардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугуп, ок атууну токтотуу боюнча чечимге келдик. Азыр комиссия түздүк. Ага Баткен облусунун губернатору... Читать дальше...

Алиев Азербайжан экинчи Карабак согушун жеңгенин билдирди

Azattyk.org 

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 2020-жылдагы экинчи Карабак согушун жеңгенин билдирди. Бул тууралуу ал 16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде айтты. “Азербайжан Арменияга эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү өз ара таанууга негизделген тынчтык келишиминин беш негизги принцибин сунуштады. Биз азыр эч кандай алдын ала шарт койбостон жана атайын убакытты созбой тынчтык келишиминин долбоорун иштеп чыгууну сунуштайбыз”, - деди Алиев. ... Читать дальше...

Иманкулов: Чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу аракети жүрүүдө

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрдын таңында кайрадан атышуу болуп ал уланып жатат. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптоодо. Бишкек Дүйшөмбүгө расмий нота тапшырганы кабарланды. Соңку кырдаал боюнча Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" учкай маек курду. - Марат мырза, кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, жаңжал уланууда. Расмий маалыматтар боюнча оор техника колдонулуп, бир нече жерде атышуу болуп жатат. Азыркы тапта чек арадагы кырдаал кандай? - Ачыгын айтсак, абал оор. Читать дальше...



Чек ара кызматы эки тарап ок атышууну токтотуу жөнүндө сүйлөшкөнүн кабарлады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимов чек арадагы ок атышууну саат 16:00дө токтотуу жөнүндө макулдашканын Кыргызстандын Чек ара кызматы Телеграм-каналына жазды. Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Читать дальше...

Баткен: куралдуу жаңжалда жараат алгандардын саны 42 адамга жетти

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги 16-сентябрда саат 15:00го карата берген маалыматы боюнча Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандардын саны 42 адамга жетти. "Жараат алган 42 адамдын 19у Баткен облустук аймактык ооруканасында, Лейлектеги райондук ооруканада 18, беш адам Бишкекке жеткирилди. Жараат алгандар жана алардын саламаттыгы тууралуу маалымат кийинчерээк берилет", - деп жазылган маалыматта. 16-сентябрда Бишкектен Баткенге үч медициналык бригада учуп кетти. Алардын ичинде түрдүү профилдеги хирург... Читать дальше...

ЖК төрагасы президент саат беште жыйынга чогултарын билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламент имаратынын алдына чогулгандарга сүйлөп жатып, президент Садыр Жапаров саат 5те кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча жыйынга чогултарын маалымдады. Бүгүн, 16-сентябрда Ак үйдүн алдына ондогон адам чогулуп, чыр чыккан аймакка кошумча аскер жөнөтүүнү, ал жактан жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү, Раззаков шаарынан Бишкекке атайын учак каттамдарын уюштурууну талап кылышууда. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек... Читать дальше...

Мирзиёев ШКУну Ооганстандагы талиб өкмөтүнө жардам берүүгө чакырды

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) Ооганстанда тынчтыкты орнотууга жана экономикасын турукташтырууга көмөк көрсөтүшү керектигин билдирди. Бул тууралуу ал 16-сентябрда уюмдун Самарканд шаарында өтүп жаткан саммитинде айтты. “Ооган эли биздин коңшулук жардамыбызга мурдагыдан да көбүрөөк муктаж экенин айта кетейин. Биз Ооганстанды көйгөйлөрү менен жалгыз калтырып, буга чейинки каталарды кайталабашыбыз керек. Санкциялык саясаттын катаалдашы жана азыркы ооган бийлигинин... Читать дальше...

Республикалык кан борбору жарандарды кан берүүгө чакырууда

Azattyk.org 

Республикалык кан борбору кыргызстандыктарды кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандар үчүн кан берүүгө чакырды. Ага ылайык, каалоочулар Бишкектеги жана башка бардык облустардагы кан борборлоруна барып, тапшыра алат. Жарандардын жанында паспортун же тек-жайын ырастаган башка документи болууга тийиш. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда саат 13.00гө карата жалпысынан бери дегенде 31 адам жараат алып ооруканага түшкөнүн, алардын саламаттыгы... Читать дальше...



Чек ара чатагы: кыргыз-тажик тарап жолугушууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган күз түзүмдөрүнүн башчылары Тажикстандын расмий өкүлдөрү менен жолугушууда. Президенттин Баткен облусунун өкүлчүлүгү жолугушуу Кыргызстан-Өзбекстан-Тажикстан аймагында өтүп жатканын кабарлады. Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы саат 14.00го карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турганын кабарлады. "Тажик аскерлери Баткен районуна караштуу... Читать дальше...

“Акысыз укуктук жардамга” кайрылгандардын көбүн аялдар түздү

Azattyk.org 

Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында 2022-жылдын май-август айларында уюштурулган “Акысыз укуктук жардам” акциясында 1600дан ашуун тургунга юристтер кеп-кеңеш беришти. Кайрылгандардын 58% аялдар түздү.  Аталган акция USAID уюмунун “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Аталган уюмдан кабарлашкандай, акция Жалал-Абаддын Сузак, Базар-Коргон, Ала-Бука райондорунда, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунда ишке ашырылды. Адистер тобу 53 муниципалитетте иштешти. Элге... Читать дальше...

Оппозиция чек ара чатагы учурунда бийликти колдоого чакырды

Azattyk.org 

Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" (БДК) чек арадагы кырдаал курчуп турган учурда жарандык активист, саясатчы жана коомчулукту бийликти колдоого чакырган билдирүү таратты. “Биз бул күндөрү бардык маселелер расмий бийлик жетекчилери аркылуу чечилиши керек деп эсептейбиз”, - деп айтылат билдирүүдө. Оппозициялык кыймыл чек арадагы чатак сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек экенин белгиледи. Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткен шаарындагы аэропорттун айланасы жана... Читать дальше...

Аялдар жана кыздар үчүн SOS коопсуздук тиркемеси иштей баштайт

Azattyk.org 

Алдыдагы эки айда Кыргызстанда аялдардын жана кыздардын коопсуздугун камсыздоо үчүн SOS коопсуздук тиркемеси ишке кирет. Бул азырынча пилоттук түрдө ишке ашып жатканын ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, коопсуздук тиркемеси Түркия полициясынын KADES деп аталган мобилдик тиркемесинин программасы менен иштейт. Долбоор Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун колдоосу менен ишке ашууда. Читать дальше...

Орусияда сот “Новая газета” сайтынын лицензиясын чакыртып алды

Azattyk.org 

Орусиянын Жогорку соту байланыш жана медиа тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси жазган доо арыздын негизинде “Новая газета” сайтынын лицензиясын чакыртып алды. Буга чейин сөз болуп жаткан басылманын гезитинин жана “Но” журнал-тиркемесинин лицензиясы да жокко чыгарылган. “Новая газета” Орусияда чет элдик агенттердин тизмесине кирген уюмдун аталышын жазууда маркировка койбогону үчүн эки жолу расмий эскертүү алган. Бул окуядан кийин Роскомнадзор басылманын лицензиясын чакыртып алууну талап кылган. Читать дальше...

Баткен шаарында айрым жарандык имараттар ракеталык аткылоого кабылганы кабарланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткен шаарындагы аэропорттун айланасы жана шаар четиндеги имараттар жалпы ракеталык аткылоого кабылганын маалымдады. Анда шаардагы жарандык обьектилер талкаланганы айтылат. Чек ара кызматы 15-сентябрь саат 14:00гө карата маалымат таратып, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалган бойдон калып жатканын кабарлаган. Анда кыргыз тарап Баткен, Лейлек райондорунда катуу уруш болуп жататканын маалымдады. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик... Читать дальше...

Чек арадагы соңку жагдайга байланыштуу медиа штаб түзүлдү

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу маалыматтарды өз убагында, чукул таратып туруу "Кабар" маалымат агенттигинде атайын медиа штаб түзүлдү. Аталган агенттиктен кабарлашкандай, штаб күнү-түнү иштейт жана тиешелүү мекеме-органдардын өкүлдөрү болот. Ошондой эле маал-маалы менен басма жыйындар, окуя болгон жерден түз алып көрсөтүүлөр уюштурулуп турат. "Учурда медиа штабдын иши үчүн бардык шарттар түзүлүп, мамлекеттик мекеме-органдардын басма сөз катчылары, журналисттер, активисттер... Читать дальше...

Иран Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөсү болду

Azattyk.org 

Иран Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) толук кандуу мүчөсү болду. Бул тууралуу 16-сентябрда уюмдун Самарканд шаарында өтүп жаткан саммитинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев билдирди. Иран 2005-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна байкоочу мамлекет статусун алып, 2021-жылы уюмга кирүү процедурасын баштаган. ШКУ коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан тарабынан 2001-жылы негизделген. 2016-жылы ююмга Индия менен Пакистан кошулган. Читать дальше...

COVID-19: Орусияга кирүү үчүн ПЧР-тест талап кылына баштады

Azattyk.org 

Орусиянын аэропортторунда сырттан учуп келгендерден ПЧР-тесттин жыйынтыгы талап кылына баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады. Маалыматка ылайык, бул талап Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн (Беларустан тышкары) жарандарына да тиешелүү. Ал эми Орусияга унаа менен барган кыргызстандыктардан ПЧР-тест талап кылынбайт. Кыргызстанда коронавируска жалпы 205 920 адам чалдыккан. 2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон вирус кыска убакытта дүйнөгө тарап... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда бери дегенде 31 адам жараат алды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда саат 13.00гө карата жалпысынан бери дегенде 31 адам жараат алып ооруканага түшкөнүн, алардын саламаттыгы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди. Мекеме аймактагы медициналык жайлар, "Тез жардам" кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн, ооруканаларда кандын запасы, дары-дармек жетиштүү экенин кабарлады. Мунун алдында министрлик чыр чыккан аймакка зарыл болгон учурда чукул жөнөтүү үчүн түрдүү профилдеги дарыгерлерди чогултуп жатканы белгилүү болгон. Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

Урганту не дали выступить на вечере памяти Окуджавы





Rss.plus
Google

OpenAI готовит конкурента поисковику Google, но на базе ИИ




В "ЗИМ Галерее" откроется выставка фотографий Александра Родченко из фондов МАММ

Весеннее тепло придет в Москву уже на этой неделе

Пермские экологи сообщили о массовой гибели редких жаб под колесами автомобилей

Собянин рассказал о строительстве трех станций новой Троицкой линии метро




Армения чек ара чырынын курмандыктары 135 адамга жеткенин билдирди

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян азери-армян чек арасында болгон акыркы куралдуу кагылышууда Армения тараптан каза болгондор 135 адамга жеткенин билдирди. Бул тууралуу ал 16-сентябрда өкмөттүн жыйынында айтканын “Азаттыктын” армян кызматы жазды. Никол Пашинян курмандыктар боюнча бул акыркы сан эмес экенин, дагы бир топ киши жаракат алганын кошумчалады. Армения менен Азербайжандын чек арасында 13-14-сентябрь күндөрү куралдуу кагылышуу болгон. Азербайжан андан 71 аскери каза тапканын билдирди. Читать дальше...

УКМК тажик тарап тургундарды "тирүү" калкан катары колдонууда деп билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку атышууда тажик тарап оор аскердик техника эле эмес, жергиликтүү тургундарды да пайдаланып, жайкын тургундарды "тирүү" калкан катары колдонуп жатканын билдирди. "Кагылышууга тажик тараптан кайсы бир куралдуу топко тиешеси бар экенин аныктаган белгиси жок, белгисиз формачан адамдар катышууда. Кыргызстандын Чек ара кызматы айыгышкан салгылашууну улантып, адекваттуу чараларды көрүүдө. Каршылаш тараптын ок атышуусун токтотуу үчүн заманбап... Читать дальше...

Чек арада ракеталык комплекс жана тик учактар колдонулганы кабарланды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы 16-сентябрда түшкө жуук тажик тарап чек арада ракеталык комплекстерди жана тик учактарды, чопкутталган аскердик оор техникаларды колдонуп жатканын кабарлап, чек арада оор кагылышуу болуп жатканын билдирди. "Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн чек араны бузуп кирүүсүнө жол бербөө үчүн жерден жана абадан урулган баардык соккуларга каршы чаралар колдонулуп жатат", - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында. Ошол эле учурда Тажикстандын чек ара кызматы Кыргызстандын аскер күчтөрүн айыптап... Читать дальше...

ЖККУнун баш катчысы менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууланды

Azattyk.org 

Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин башчысы Насрулло Махмудзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кескин курчуган кырдаал тууралуу сөз болду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар аймакта ок атышууну чукул токтотуп, маселелерди тынч жол менен чечүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүүсү зарылдыгын айтышты. Бул тууралуу ЖККУнун Телеграмм-каналына жарыяланды. Читать дальше...

Казак парламенти Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү колдоду

Azattyk.org 

16-сентябрда Казакстандын парламенти Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү дароо эки окууда кабыл алып, президентти жети жылга бир мөөнөткө шайлоо жана өлкөнүн борбору Нур-Султан шаарынын аталышын кайра Астана деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырышты. “Азаттыктын” казак кызматы документ президент Касым-Жомарт Токаевге кол коюу үчүн жөнөтүлгөнүн жазды. Документке эки окууда тең 50 сенатор жана 99 депутаттын 98и “макул” деп добуш берди. Мажилистин бир депутаты добуш берген жок. Казакстанда... Читать дальше...

Бишкек: Баткенге гуманитардык жардам чогултуу башталды

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайдын алдында Баткен облусу үчүн гуманитардык жардамдарды чогулткан бирдиктүү борборлоштурулган пункт ачылды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү уюштурган медиа штаб телеграм-канал аркылуу жарыялады. Анда чек арадагы жаңжалда жабыркап, коопсуз жайга эвакуацияланган жергиликтүү тургундарга азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык каражаттар, балдарга зарыл болгон буюм-тайымдар керек экени белгиленген. Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Читать дальше...



Москва

Бурятский госцирк представил новое руководство: Театр и цирк, Россия и культура, дети


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о строительстве трех станций новой Троицкой линии метро



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Певец

Певец SHAMAN встретился с мальчиком из Рязани, который мыл машины ради билета на его концерт




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии

"Динамо" может оформить чемпионский титул РПЛ 19 мая

Врио губернатора Хабаровского края назначили 1-го вице-губернатора Александра Никитина


WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Архангельск

Наталью Круглову назначили на должность псковского городского судьи



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России