Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Муфтияттын имаратын Матраимовдун фонду курат

0
Муфтияттын имаратын Матраимовдун фонду курат

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы имаратын бажы тармагында коррупциялык схема түзгөнүн моюнга алып, бюджетке 2 млрд. сом төлөгөн Райымбек Матраимов баштаган фонддун кура турганы талкууга түштү.

30-августта "Исмаил-Ата" коомдук кайрымдуулук фонду соцтармактагы баракчасы аркылуу муфтияттын жаңы имаратына капсула салынганын жарыялаган. Атасынын атындагы фондду Райымбек Матраимов жетектейт.

"Башка демөөрчү табылган жок"

Муфтият жогорудагы маалыматты ырастап, алар өзүнүн имаратын ижарага алып отургандыктан, жаңысын куруу үчүн демөөрчүлөргө кайрылганын "Азаттыкка" билдирген. Башкармалыктын маалымат катчысы Максат Атабаев буларды айтты:

"Муфтият кеңсени ижарага алып отурат. Ошондуктан жаңы имаратты курууга бир жылдан бери фонддорго, ишкерлерге кайрылып келгенбиз. Жаңы имарат быйыл бүтөт. Азырынча бир эле ишкер демөөрчү болууда. Мамлекеттен каражат бөлүнгөн эмес, ишкерлердин колдоосу менен курулуп жатат", - деди ал.

Ал курулуш иштери мындан 1,5 ай мурда башталып, капсула жарым ай мурда салынганын кошумчалады. Ал эми жаңы имаратты курууга канча каражат жумшалары, анын долбоору тууралуу маалымат берилген жок. Имарат Бишкек шаарындагы Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан Имам Сарахси мечитине жанаша салынып жатат.

"Элден суранса деле чогултуп куруп бермек"

Муфтияттын өздөрүнө имарат куруу боюнча демөөрчү издеп ишкерлерге кайрылганын сындагандар чыкты. Журналист Семетей Талас уулу муфтият ишкерлерден демөөрчү таба албаса, элге кайрылганы эп болмок деген пикирде:

"Муфтият борбордук мечиттин жанындагы имаратын "Исмаил ата" фондуна курдуруп атканын башка ишкерлерден жооп болбогону менен түшүндүрүптүр. Коррупцияга шек саналып, эки айдай отуруп, 3 миллиарддай сомду мамлекетке төлөп чыккан кишини демөөрчү кылып, акчасын алып жатканы туура эмес болуп калды. Бул коомчулук үчүн да, акырет үчүн да өтө терс деп ойлойм. Андан көрө марафон өткөрүп, карапайым элге кайрылса деле, керектүү өлчөмдө акча жыйналмак. 200-500 сомдон чогултуп берсек, ошол акчага деле салынмак имарат".

Имараттын капсуласын салуу аземине муфтий Замир Ракиев, "Исмаил Ата" фондунун башкаруучуларынын бири Райымбек Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов жана Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров катышкан. Айрым активисттер бул иште элдин жана бийликтин өкүлдөрү аралашып жүргөнүн да сындап чыгышты.

Акимдин орун басары Руслан Бекназаров муфтияттын имараты үчүн борбордук мечит курулуп жатканда эле кошумча жер берилгенин айтып, анын курулушунун жүрүшүнө бийлик аралашпаганын билдирди:

"Муфтияттын имараты курулуп жаткан жер борбордук мечит курулуп жаткан кезде эле берилген. Алар бул жерге мурунтан эле демөөрчү издеп келе жатышкан. Жер муниципалдык жер эмес, муфтиятка тиешелүү. Дагы кошумчалай кетүүчү маселе - муфтият да "Исмаил Ата" коомдук фонду сыяктуу эле бейөкмөт уюм. Мусулмандар дин башкармалыгы Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өкмөткө да, мэрияга да, акимчиликке да тиешеси жок, өкмөттөн тышкаркы уюм. Булар өз алдынча демөөрчү издеп, мекемесин курдуруп жатат. Ошондуктан, буга мамлекеттик органдарды байлоо туура эмес".

"Муфтияттын кадамы түшүнүксүз"

Саясат талдоочу Руслан Акматбек Мусулмандар дин башкармалыгынын коррупцияга аралашкан адамдан акча алып, имарат курдуруп жатканына таң калуусун жашырбады:

"Биринчиден, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келген адамдын мындай имараттарга демөөрчү болгону суроо жаратат. Экинчиден, муфтияттын коррупцияга аралашканы сот тарабынан далилденген киши менен кызматташып, андан акча алып, имаратына демөөрчү кылуусу абийирге туура келеби? Жакшылыкты, адилеттикти, туура, түз жашоону даңазалаган муфтияттын бул жоругу эмнени түшүндүрөт? Бул кадамынан кийин муфтияттын ак-кара, жарык, караңгы, таза, күнөө сыяктуу нерселерди айтууга моралдык укугу жок".

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов алгачкы жолу 2020-жылдын 20-октябрында кармалган.

2021-жылдын февраль айында УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган бир нече акция өткөн.

АКШнын Финансы министрлиги 2020-жылдын декабрында Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

"Азаттык" радиосу, "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү Kloop медиасы чогуу жүргүзгөн "Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо", "Көмүскө акча ташыгандар кербени" деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Аталган иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

Ажылык сапардын жоголгон акчасы, шайлоого сарпталган акча тууралуу аңыздар

Коррупциялык схема түзгөнү үчүн сот жообуна тартылган адам менен кызматташуу муфтияттын жетекчилиги кабылган биринчи гана чыр эмес.

2019-2020-жылы ажылык сапарга деп элден жыйналган 636 миң доллардын дайыны чыкпай, бул мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин иштен кетишине себеп болгон. Бул окуяга байланыштуу муфтий Максатбек Токтомушев жана муфтияттын башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиев укук коргоо органдары тарабынан кармалып, кийин башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган.

Муфтияттын сайтындагы жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы ажылыкка барчулардан чогулган акчаны ишкерлерге үстөккө берип келгени маалымдалган. Ошондой эле коомчулукта муфтияттагы акча 2020-жылкы шайлоого сарпталганы тууралуу да аңыз кептер айтылган.

Ажылык сапарга деп чогулган акчаны экс-муфтий жакында төлөп бергени кабарланып, Мусулмандар дин башкармалыгы ал акча ээлерине кайтарылып берилерин 18-августта жарыялаган. Ага ылайык, акча ээлери аны кайтарып алса да ажылыкка кезеги сакталып кала бермекчи.





Губернаторы России
Москва

Собянин поздравил выпускников московских школ с праздником последнего звонка





Москва

Сеть клиник «Будь Здоров» подвела итоги первого квартала 2024 г.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о масштабных планах благоустройства на юго-востоке Москвы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Баста

Главный тренер «СКА-Ростов» высказался о владельце клуба Басте




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Урок мастерства: Дацик уступил Тёрнеру в бою по правилам бокса раздельным решением судей

Последний тур «шального» сезона. Сегодня «Оренбург» на своем поле сыграет с ФК «Спартак» (Москва)

Биатлонистка Ольга Зайцева: Каждый юный москвич посещает спортивные секции


Людмила Самсонова

Самсонова с «баранкой» разгромила Хаддад-Майю и вышла в полуфинал турнира в Страсбурге



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


ЦСКА

ЦСКА и МФТИ заключил соглашение о сотрудничестве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России